Көрүнөө окуялардынөмүскө жактары: Сарпашев кылтакка эми илинеби?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Башкы прокуратура тарабынан экс-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө кайра жаңыртылды.

Бул иш 2017-жылдын 30-мартында козголгон. Ал убакта Т.Сарпашев Мамкаттоо кызматын жетектеп турган. Бирок, кийин белгисиз себептерден (айрым маалыматтарда, адамдардын айтуусунда мурдагы президенттин командасынын кийлигишүүсүнөн) улам, иш убактылуу токтотулуп калган. Айыпталуучу өзү кылмыш иши далилденбегенден улам токтотулганын билдирген.

Эмнеси  болсо  да,  ага  вице-премьер-министр болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы боюнча иш козголуп турат. Андан тышкары ага Максим Бакиевдин ишенимдүү адамына тиешелүү жер участогун сатууга тыюу салууну алып салууга тиешеси бардыгы боюнча да айып коюлган болчу. Бул жолу кылмыш иши кандайча аяктайт болду экен?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *