Талас-Тараз-Суусамыр жолун курууда 50 млн. сом уурдалган

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Талас-Тараз-Суусамыр жолун курууда 50 млн. сом уурдалган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дюшалиев билдирди.

Анын айтымында, ага бул тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маселе боюнча комитетте маселе көтөрүлүп, аны иликтөө үчүн депутаттардан турган атайын комиссия түзүлүп, жол курулган аймакка эл өкүлдөрү, эксперттер жана субподрядчик компаниялардын өкүлдөрү барып келишкен.

Жумшалган каражатты жеринде териштиргенде, жол курууга кетти деп көрсөтүлгөн каражаттын сарпталбаганын айтышкан. Алар курулган Талас-Тараз-Суусамыр жолунун 75 чакырымынан 105 чакырымга чейин карап текшерип чыгышып, 50 миллион сом сарпталган эмес деген бүтүмгө келишкен. Субподрядчик компаниялардын өкүлдөрү да, консалтинг компаниясынын өкүлү да жолду курган компания тарабынан маалыматта көрсөтүлгөн иштер жасалбаганын жана Талас-Тараз-Суусамыр жолун курган түрк компаниясы абадан акча жасап кеткенин айткан.

Парламентарий Абдыбек Дюшалиев, эгер КР транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан тиешелүү кагаздарга кол коюлбаса, түрк компаниясы мындай акчаны өз алдынча кантип чыгарып кетмек эле деген пикирин билдирип, бул иш боюнча учурда тергөө амалдары жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *