“Акшоола” сериалынын бет ачары болду

15-октябрь күнү КТРКнын тарыхындагы алгачкы “Акшоола” сериалынын бет ачары болду. Сериалды жазуучу Жыпар Исабаеванын “Адашкандар” чыгармасынын негизинде режиссер Ырыс Окенова тарткан.

Башкы ролдорду КР Эмгек сиңирген артистти Самара Каримова жана Эржан Осмонов ойноду. Ошондой эле тасмада Кыргызстандын таланттуу, тажрыйбалуу актёрлору Гүлайым Каниметова, Күмөндөр Абылов, Тынара Абдразаева ж.б. катышкан сериал турмуш чындыгынан алынып, адамдардын ички дүйнөсү, психологиялык абалын чагылдырат.

Баш каарман Акшоола Асанова калыстыкты издеп, чындыкты чагылдырууну көздөгөн журналист кыз жана анын тегерегиндеги окуяларды баяндайт.

“Адашкандар” чыгармасы 20 жыл мурда жазылган болсо дагы, бүгүнкү күндө акуалдуулугун жоготпой, анын негизинде тартылган “Акшоола” тасмасы 25 сериядан туруп, ар бири 45 минутага созулмакчы.