«Акыркы коңгуроо» майрамынан баштап, шоро «талашып» мушташкандарга чейин

Арыбаңыздар!

Классташтар менен бат-баттан жолугушуп турабыз деген убадалар жана  мектеп менен коштошуп, жаңы турмушка аттануу. Ушунун баарын эске салып, кечээ, 25-май “Акыркы коңгуроо” майрамы болду. Борбор калаанын Патрулдук милиция башкармалыгы кабарлаганына ылайык, майрам күнү айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа айдап жүргөн бүтүрүүчүлөр кармалды.

Бул майрам менен бирге эле ага-ини Эгембердиевдер 1992-жылы түптөгөн “Шоро” компаниясынын туулган күнү болду. Бул даталуу мааракеге карата компания кардарларга бекер суусундук таратты. Бирок, суусундуктун бекер экенине карабастан, шоро талашып уруша кеткендер тууралуу видео интернетке тарап кетти.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев,  жол коопсуздук маселеси чечилбей жатканда өкмөт 300 млн. сомду ипподромдун курулушуна бөлүп жатканын сынга алып, жол коопсуздук маселесин чечпесек эл парламентке, өкмөткө ишенбей кала турганын айтты.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары 27-майынан 30-майына чейин убактылуу жабылат. Анткени Кытай мамлекетинде «Күрүч майрамы» болот. Буга байланыштуу адамдарды, унаа каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 31-майдан баштап жанданат.

Мындан бир нече убакыт мурун Кыргызстан-Тажикстан чек арасында болгон жер титирөөдөн улам, жергеталдык кыргыздарга каттуу зыян келтирилген. Ушул окуяга байланыштуу алардын Кыргызстанга жер которуусу кайрадан активдешип жаткан учур. Негизинен кайрылмандар республиканын түштүк аймактарына жана Чүй бооруна көчүп келип жатышат. Жалпысынан 1000ге жакын кайрылман көчүп келиши мүмкүн экени айтылууда. Мунун оош-кыйыштарын кесиптешибиз Нарынкүл Назаралиева талдап чыккан «1000ге жакын кайрылман көчүп келеби?..» деген макаласынан окусаңыздар болот.

Бизди сыймыктандырган мекендештерибиз көп. Алардын бири эрежесиз уруш боюнча спорт чебери, 1986-жылы Талас облусунун Чоң-Кара-Буура айылында туулган, учурда Москва шаарында машыгып жүргөн жана жакында эрежесиз мушташ боюнча Москва шаарында өткөн эл аралык мелдеште биринчи орунду алган мекендешибиз Талгат СЕЙТАЛИЕВ (каймана аты – Брюс-Ли) менен кесиптешибиз Жыпар Исабаева маектешти. Бул тууралуу «Биз сыймыктанчу мекендешибиз…» деген макаладан тааныша аласыздар.

Ал эми бүгүн өлкө боюнча көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Валюта наркына келсек, АКШ доллары 67,93 сом, евро 75,99, рубль 1,20 болсо, казак теңгеси 0,21 сомду түзөт .

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39,50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 42,00 сом, ал эми дизель майы 37,50 сомдон сатылууда.

Күнүңүздөр позитивдүү ыргакта өтсүн!