Өрт учурундагы алгачкы аракеттер

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Биринчи май району боюнча 140 өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 22 млн. сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени белгилүү болду. Ошондой эле, өрттөн 1 адам каза таап, 3 адам оор күйүк жаракат алды.

Өткөн  айда  Бишкек  шаарындагы Кызыл-Кыя көчөсүндөгү №6 үйдөн өрт чыкты. Үй ээси А. Пальчуков тилсиз жоону өз күчү менен жоюуга ара-кет жасап, натыйжада оор жаракат алды. Мындай учурлар абдан көп. Себеби, жарандар биринчи кезекте 101 номуруна чалып кырсык тууралуу маалымдоонун ордуна, өз алдынча аракеттенип башташат. Андыктан, биз өрт учурундагы эң алгачкы иш аракеттерди эсиңиздерге салгыбыз келет.

  1. Тезинен “101” номуруна чалып, даректи так айтыңыздар. Ошондой эле, өрт өчүрүүчүлөр келе жатканда алдынан тосуп чыгып, кырсык болуп жаткан жер-ди көрсөткөнгө аракет кылыңыздар.
  2. Эгерде, өрт  жаңыдан  башта-лып  келе  жаткан  болсо  суу  чачып  же болбосо калың төшөнчөлөр менен жаап өчүрсөңүздөр болот. Андан сырткары, кум же топуракты колдонсо болот.
  3. Күйүп жаткан электр приборлорун токко сайылган бойдон суу чачып өчүрүүгө аракеттенбеңиздер. Бул кадам сиздердин өмүрүңүздөргө өтө коптуу.
  4. Өрт учурунда кичинекей балдар үйдө болгон учурда аларды атынан айтып чакырганда жооп бербесе кылдаттык менен издеп чыгыңыздар. Анткени, алар өрткө себепкер болсо, корккондорунан жашынып калышы мүмкүн. Балдар көбүнчө керебеттин алдына, терезе пардалардын артына, столдун астына, гардеробдо илинип турган кийимдердин артына жашынып алышат.
  5. Эгерде бөлмөнүн ичи түтүнгө толуп бара жатса оромолду же шейшепти суулап, бетиңиздерди жаап чыгыңыздар. Өрт болуп жаткан бөлмөнүн эшигин аба кирбегидей кылып жабыңыздар.
  6. Сыртка чыкканга мүмкүн болбой жатса, анда башка коопсуз бөлмөнүн терезесин ачып жардам сурагыла.

Бул нускоодо баяндалган өрт учурундагы биринчи иш аракеттер ар дайым эсиңиздерде болсун.

Э.ТӨЛӨГӨНОВ, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери, лейтенант