Бермет ТҮМӨНБАЕВА: «Он томум чыкты, дагы бешөө басмаканада»

Бүгүнкү маектешибиз – КР Жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу, акын, драматург, котормочу.

– Эже, редакциябызга куш келипсиз.

– Жыйырма беш жылдык өмүрүм ушул редакцияда калды. Ошондуктан гезиттин ар бир санын кунт коюп окуймун. Мен быйыл алтымышка толдум. Чыга элек роман, повесттеримди топтоп, он томдугумду чыгардым. Басмада “сүрсүп” дагы бешөө жатат.

–  Буга  чейин  үй-бүлө, сүйүү,  адеп-ахлакка  тарбиялоо, жакшылыкка үндөөгө толгон чыгармаларыңыз болсо, кийинчерээк детектив, балдар адабиятына көңүл бөлүүдөсүз.

– Ооба, көпчүлүк чыгармаларымда азыркы жашообуздагы аялзаттын жаркын образын, адеп-ахлакты туу тут-кан, наадандыктардан жаа бою качып, үй-бүлөсүн, өзүн сактап, очогун бузбай, эртеңки күндүн ээлерин чоңойткон айымдардын аруу сезимдерин сүрөттөгөм.Окурмандарым тарабынан чыгармаларым жылуу кабыл алынып жатат. Чыгармадагы кейипкерлер сиз, биз таа-ныган замандаштарыбыз. Кейипкерлер-дин образын жаратууда менин жеке көз карашым камтылган.

“Периштем эле” романымды окурмандарым кандай кабыл алышар экен. Себеби, буга чейин мындай маанидеги чыгарма кыргыз адабиятында жок эле. Романда адам баласы анча маани бербеген, түшүнгүсү келбеген  –  башка  аалам  бар  экени,  ал ааламдын пенделери – Периштелер бизге – адамдарга ар дайым келип, жардамын берип, тиги-бу кырсыктан коргоп, кулакка шыбырап, түшкө кирип, аян бергени таасын, ачык сүрөттөлгөн.

Кээде өзүбүз кээ бир окуяга таңданабыз. Себеби, ал окуя өтүп жатса, биз аны эбак эле билгендей кабыл алабыз. Анын кандайча бүтөөрүн мурда эле туюп койгондойбуз. Же болбосо, тааныбаган үйгө, айылга конокко барсаңыз – ал жердеги коюлган буюм-тайымдар,  бак-дарактар,  а  түгүл  тоолор эчак эле сизге тааныштай туюлат. Аларды капарыңызга албайсыз, таңданбайсыз деле.

Ошол жерге баягыда эле баргандай, баарын көрүп алгандай эсептейсиз. А бирок, негизинде аякка жаңы эле жеткениңизди эстеп: “Эм-не үчүн бул жердегилер мага тааныш? Качан келдим эле?” – дейсиз.

Ошондой эле кээ учурда бирөө бир нерсе сураганда, ойлонбой жооп узатасыз. Анан кайра: “Опей! Эгерде мен айткандай болбосо кантем? – деп бушайманга түшөсүз. Байкап көрсөңүз, ошол окуянын жыйынтыгы так эле сиз айткандай чыгат. Ошондо укмуш таңданасыз: “Ошентип айт!” – деп оозума ким кепти сала койду? – деп өзүңүзгө-өзүңүз таң бересиз.

Азыркы күнүмдүк көр оокаттан, жашоого болгон күрөштөн колу-жолу бошобой, рухий деңгээли бөксөрүп, китеп окуудан көптөгөн пенделер кур жалак калган заманда, кыргыз окурмандардын назарына дагы бир татыктуу, нары кызыктуу, фантастикалуу, романтикалуу, оригиналдуу чыгарма сунуштадым.

– Сиздин чыгармаларыңызда чет өлкөлөр да сүрөттөлүшү, окурмандардын кызыгуусун арттырат окшойт?

–  Туура.  Чет  өлкөлөрдү  кыдырсаң, ой өрүш да өсөт экен. “Сүйгөнүм Түркия 1-2-3-4-5” романдарымда бул карт, жаш өлкө боюнча кыргыз окурмандарына буга чейин эч бир жазуучу жазбаган окуяларды, эки элдин достугун, ал өлкөлөрдөгү кыргыздардын жашоосун, билим алып жаткан кыргыз жаштарынын турмушун чагылдыргам.

– Балдар адабиятына кандайча кайрылдыңыз?

– Бул темада жазып жүргөндөрүм бар эле. «Балакайга белегим» аттуу китепте жомоктор, уламыштар, легендалар, аңгемелер, кызыктар, балдардын күлкүлүү жоруктары жазылган. Китепте ар кайсы өлкөлөрдүн өзгөчөлүгү, элдин каада-салты, жаратылышы жөнүндө жазылган. Китепти чыга-рууга демөөрчү болгондорго сиздердин гезит аркылуу ырахматымды айтмакмын. Келечекте ушул темада дагы бир китебим чыкмакчы. Себеби, балдар үчүн жазылган китептер жокко эсе. Азыр бул китептин экинчиси басмада.

– Ал эми детектив багытына кан-дайча көңүл бөлдүңүз?

–  2004-жылы  «Комбат-Олигарх»  ат-туу  чыгармамды  «Майдан»  гезити  окурмандарга  тартуулаган.  Анда  кылмышкерлер  дүйнөсүндөгү  аза  бойду  тик тургузган өтө кара мүртөз, ашынган баш ке-серлер, коррупционерлер аралашкан окуялар сүрөттөлгөн.

Азыркы заманыбыздагы кылмышкерлер төрдү ээлеп, мыйзамдарды каалагандай өкчөп, элди мазактап, басынтып, кыжыр келчү иштерди жасаганы тууралуу «Бийлик кумары 1-2» романдарын жаздым. Буюрса, китептин экинчи томун окурмандарыма тартуулайм.

– Сиз сатира, юморлуу аңгемелерди да жазуудасыз…

– 2001-жылы «Азил-чыны аралаш» ат-туу сатира, юмор китебим чыккан. Экинчиси басмада «сүрсүүдө». Кудай буюрган күнү жарык көрмөкчү.

– Драматургия жааты…

– Айрым драмаларым жарык көргөн. Эми баарын топтоп, өзүнчө китеп чыгаруу – максатым. Театр менен сүйлөшсөм, пьеса коюуга акча төлөм зарыл экен. Азыр кыргыз драма театрына классташым Асылбек Өзүбеков директор болду. Сценага коюп, элге тартуулоого кенен шарт түзүлөөр.

– Поэзия багыты…

– «Сезим жаңырыгы» аттуу ырлар жыйнагым 2007-жылы чыккан. Башка ырлар жыйнагым да даяр…

–  Сизди  Өкмөттүн,  Фридрих Эберт атындагы эл аралык, Чүй облустук бийлигинин сыйлыктарынын ээси экениңизди билебиз…

– Сыйлык кайда качмак эле? Эң негизгиси окурманымдын түз байланышка чыгып, китебим жөнүндө жылуу пикир айтканы, колунан келсе демөөрчү болорун билдиргени – чоң сыймык. Себеби, азыр кээ бирөө өтө байыды. Элдин көбү жакшы турмушта жашоодо. Бирок, көроокат топтоо үчүн алаксып, китеп окуу унутулду. Башынан китепке кызыккандар жаңы китеп окушат. Ал эми көрпенделер азыр кайсыл жазуучу бар экенин билишпейт. Эмне жаңы китеп чыкканынан кабары жок.

А келечекте дагы бир нече романым чыкмакчы.