ТИМ башчылыгына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Айдарбеков Чыңгыз Азаматович — Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укутуу Элчиси.

1977-жылы Бишкек шаарында туулган.

1998-жылы Кыргызстандын эл аралык Университетин аяктап, “Эл аралык байланыштар” боюнча адистигине ээ болуп, 2001-жылы – ошол эле университеттин “Юриспруденция” боюнча магистратурасын бүтүргөн.

Иш тажрыйбасын 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ башкы Башкармалыгында атташе кызмат оордунда баштаган.

2001-2003 жж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ башкы Башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өтөгөн.

2003-2005 жж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы.

2005-2008 жж. Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчилигинде биринчи катчы (кеӊешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү.

2008-ж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча бөлүмүнүн жетекчиси.

2008-2010 жж. Кыргыз Республикасынын Туркмөнстандагы Элчилигинин кеӊешчиси.

2011-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

2012-2016 жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин Аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бБөлүмүнүн жетекчиси.

2016-жылдын апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси (Президенттин Жарлыгы 18 апреля 2016 года УП № 102).

2014-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чини ыйгарылган.

2017-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси” дипломатиялык рангы берилген.

Англис тилинде эркин сүйлөйт.