Эл ишеничин актоо аракеттери

Болот ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Муну эл көптөн күткөн. Өзбекстан менен болгон жылуу мамилелер андан ары тереңдей баштады. Көп жылдан бери чечилбей келаткан маселелер, анын ичинде чек ара маселеси чечиле баштады. Боордош Түркия менен болгон мамиле мурдагы калыбына келип, президент С.Жээнбеков жазында Түркияга расмий сапар менен барып келсе, Түркия мамлекетинин башчысы Т.Эрдоган быйыл бизге келип, эки мамлекет ортосунда байланыш жанданды. Бир топ келишимдерге кол коюлду дегендей, мунун баары кубанычтуу көрүнүш экени талашсыз. Айтор, мамлекет башчынын тышкы саясаттагы кадамдары мурдагы буруш кадамдарды дурустоого арналып, ыраат туу жүрүүдө. Президенттин Россия, Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Бельгия, Беларусь, АКШга жасаган ар кандай деңгээлдеги иш сапарлары Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги аброюн кө тө рүүгө багытталган кадамдардан бо-луп калды десек жаңылышпайбыз.

Ал эми ички саясатка келсек, Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен аянбай күрөш алып барууда. Ал президенттик шайлоонун жүрүшүндө, эгер президент болуп шайланса, анда коррупция менен катуу күрөшүү, мамлекеттин мүлкүн уурдагандарды аябай турганын айткан жана бул убадасына турду. Коррупционерлер мурда кандай кызмат аткарганына жана кимдер менен өң тааныштыгына карабай кармалып, четинен териштириле баштады. Муну бүтүн Кыргызстан билет жана жалпы эл мамлекет башчынын бул кадамдарын колдоого алууда. Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовго окшогон мамлекеттик кызматтагы адамдар кечээ эле кол тийгистей, алар кылган иштери үчүн эч качан жооп бербей тургандай көрүнгөн. Бишкек ЖЭБиндеги авария кыргыз коррупциясынын чыныгы жүзүн көрсөтүп койду. Бүгүн Аскарбек Шадиев, Адамкул Жунусов кармалбай качып жүрүшөт, бирок алар да эртеби-кечпи, кыргыз мыйзамдарынын алдында жооп бере турганы талашсыз.

Коррупцияга каршы күрөштү президенттин бир жыл ичиндеги ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири катары карасак болот. Албетте, Бишкек ЖЭБинен башка да ашкерелене турган көп нерселер бар. Бул убакыт маселеси экени түшүнүктүү. Алдыда тышкы инвестиция эсебинен миллиарддаган каражатка курулган жолдор маселеси да күн тартибине коюлары шексиз. Ушерден коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлгөн  каражаттардын  атайын бирдиктүү эсепке которула баштаганы да колдоого аларлык экенин айтып коюуга тийишпиз.

Быйылкы жылдын элетти өнүктүрүү жылы аталып, элет жерин өнүктүрүүгө басым жасалганы да мамлекет башчынын элет элинин жан тынымын билбеген, эч кимден алкыш да, жардам да күтпөгөн  түйшүгүн  мыкты  билерин көрсөтүп койду. Чындыгында да элет тагдыры, элеттик элдин тагдыры – элдин тагдыры, мамлекеттин тагдыры менен тамырлаш экендигинде талаш жок.

Мындан  тышкары,  Президент Сооронбай Жээнбеков коомчулуктун башын бириктирүүгө аракет жасады. Бийлик менен коомдун, бийлик менен оппозициянын ортосундагы сууп бараткан мамилени жылуулады. Саясый күчтөрдүн башын бириктирүү ниети да колдоо тапканын айтсак болот. Акыркы мезгилде өткөн бийликтин тушунда кылмыш иштери ачылып, куугунтукталган жаш лидерлерге кол сунулуп, кызмат сунушталып жатканы да жакшы көрүнүш демекчибиз. Себеби, Кыргызстан бир өлкө, бир мамлекет, биздин бөлүшө турган, арабызда жарака кетип талашып-тартыша турган эч нерсебиз жок.

Быйылкы  жылы  көчмөн дөрдүн 3-Дүйнөлүк оюндарын жана залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Ысык-Көл форумун” жогорку деңгээлде өткөрүп алганыбызды да изги көрүнүштөрдүн бири катары атасак болот.

Бүгүнкү күндө саясый серепчилер да, саясатчылар да, эң башкысы  коомчулук да мамлекет башчынын бир жылдык президенттик ишмердигине оң баа берүүдө жана  өлкөдө  көп  өзгөрүүлөр  болгонун ырасташууда.  Буюрса,  Сооронбай Жээнбековдун мындан аркы кадамдары да мына ушундай ырааттуу болот деген ишеним бар.

Орозбек Молдалиев, саясый эксперт: «Коррупцияга каршы күрөш эми башталды»

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого талапкер болуп жаткан учурда биз – эксперттер тобу эл ичинде сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Ошондо айрымдары: “Жээнбеков Президент болуп шайланса Атамбаевдин таасири алдында кала берет. Анын сөзүнөн чыга албай калышы ыктымал”, — деп жооп бергендер болгон. Бүгүнкү турмуш көрсөткөндөй, андай болгон жок. Президент Жээнбековдун мамлекет башчы катары өз позициясы бар экени айрыкча февраль айында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин билине баштады. Ал күч органдары коррупция менен күрөшүүдө алсыз болуп жаткандыгын ачык айтты. Ага улай эле жогорку бийлик органдарындагы жетекчилердин коррупциялык иштери улам чыга баштаганда коомчулукта: “Чынында эле буга чейин коррупцияга каршы күрөш начар болгон турбайбы”, — деген пикирлер айтыла баштады. С.Жээнбеков президенттик шайлоо жүрүп жаткандагы теле дебатта жемкорлукка каршы катуу күрөш жүргүзөрүн, ал турсун таза эмес саясатчылардын атын атаган. Эч бир мамлекетте коррупцияны нөлгө түшүрүү мүмкүн эмес. Бирок, жемкорлуктан тазалануунун ушундай жолу менен кете берсек, бул көйгөйдөн кыйла арылууга болот. Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, өндүрүш ж.б. тармактарындагы көйгөйлөрдү чечүүнү облус жетекчиси болуп турганда өздөштүрдү. Өкмөт башчылыгына чейинки түрдүү кызматтарды басып өттү. Ошол жылдары өзү таза иштебеген болсо азыр анын коррупцияга каршы тике күрөшүүсү кыйын болмок.

Тышкы саясатка келсек, Казакстан, Өзбекстан менен болгон мамилени кайра оңдоду. Россияга, Түркияга карата дипломатиялык карым-катнаштар кайрадан жанданып жатат. Эл аралык саясат ишенимдүү нукка түшүүгө өттү. Ал эми бүгүнкү күндөгү Тышкы иштер министрлигиндеги чуулгандуу окуя-лар да ага кадрлар жаатындагы экс-президенттен “мураска” калган көйгөйлөр экенин эч ким тана албайт.

Улук Кыдырбаев, “Биз – эксперт” аналитикалык борборунун жетекчиси: «Ишкерлерди колдоо жакшырып жатат»

Бир жыл мурда Сооронбай Жээнбеков демократиялык принциптер аркылуу шайланды. Ал буга чейин жалаң эконо-миканы өнүктүрүүгө багытталган кызматтарды аркалап кел-ди. Ошондон болсо керек, аймактарды өнүктүрүү програм-маларына абдан басым жасап жатат. Ишкерлерди колдоого көп көңүл бурууда. Экономика көтөрүлсүн десек, мыйзамдар мамлекеттик органдардын чечимдерин бизнести кол доого шайкеш келтирүү керек. Анткени, бул боюнча мыйзамдардакарама- каршылыктар арбын болууда. Биздин бизнес эксперттердин булар боюнча Президентке жеткирген сунуш-пикирлерибиз колдоого алынып жатканына кубануудабыз. Коррупцияны кыскартуу үчүн мамлекеттик органдарда иштегендерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү керек. Алар аз маяна алып иштесе паракорлукту жоюу мүмкүн эмес. Адистердин кесипкөйлүгүн арттыруу да учурдун талабы болууда.

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер: «Кадр тандоодо таза адамдардын келиши абдан маанилүү»

Албетте, бир жылда эле Президенттин ишмердүүлүгүнө толук кандуу баа бериш кыйын. Ошентсе да, менин оюмча тышкы жана ички саясатта стабилдүүлүк кармалып турат. Кошуна мамлекеттер менен бузулган мамилелер толук кайра жөнгө салынды. Коррупцияга каршы күрөш өз нугу менен бара жатат, чиновниктер сындан тышкары калбасына көздөрү жетип калышты. Жарандык актив менен кайрадан диалог түзүлө баштады. Алар да мамлекеттик органдар менен өнөктөш иштеше баштаганы байкалат.

Президент бир жылда өзүн жөнөкөй, жасалмадан алыс, элдин пикирин уга билген инсан экенин көрсөттү десек болот. Негизи бир жылдын ичиндеги бир топ убакыт саясый күрөшкө, эски кадрларды тазалоого кетти. Бирок, бул убакытта ал Жогорку Кеңеш менен ийгиликтүү иштеп, чечкиндүү кадамдарга бара ала турганын тастыктай алды. Бул бүгүнкү Кыргызстандын саясатында эң маанилүү жагдай десек болот.

Эми, жасалгандан жасала элеги көп. Чоң резонансты туудурган коррупцияга каршы иштер аягына чыгып, күнөөлүүлөр жазасын алып, уурдаган каражаттарын кайтарып бериши керек. Эл ошону күтүп жатат.

Экономикадагы мүчүлүштөр жоюлушу керек, кадр тандоодогу башаламандык тыйылып, Президенттин командасына чыныгы реформаторлор жана таза адамдар келиши өтө маанилүү. Антпесе, убакыт өткөн сайын таш анын оппо ненттерине оой баштайт, бул турган иш. Чечкиндүү реформаларды чечкиндүү, билимдүү, таза кадрлар гана жасай алат, бул маселеде да система түзүлбөй, чайналып жатканыбыз көрүнүп турат.

Нуржигит Кадырбеков, «Ыйман» фондунун жетекчиси: «Президентти колдогон маанай күчтүү болду»

Президент бир жылдын ичинде кошуналар менен болгон мамилени жакшыртканы өтө олуттуу жетишкендик деп эсептейм. Андан тышкары коррупция менен күрөштү дагы күчөттү. Кыргызстандын жашоочуларынын көпчүлүгү региондордо жашайт. Ошондуктан региондорго көңүл бөлгөнү жакшы болду. Албетте, бир жыл бул аз убакыт. Кылган иштин түшүмүн алууга да убакыт керек. Ошентсе дагы эл арасында Президентти колдогон маанай күчтүү болду. Эми ушуну иш аракеттери менен улап кетет деген ишеним бар.

Андан тышкары “Ыйман” фонду менен “Мурас” фондун сактап, иштеткени жакшы болуп жатат. Анткени экономика же социалдык блок деп жүрө бербей, элдин руханий көрөңгөсүн көтөрүүгө аракет кылбасак, эч качан өнүгүү болбойт. Себеби руханий жактан жарды коом жетишкендиктерди жок кылып жибере турган сапатка ээ боло берет.

Курманбек Мамбетов, “Объектив” газетасынын башкы редактору, эксперт: «Бизге дал ушундай лидер керек эле»

Кызматка келген биринчи күндөн тартып, жаңы Президент Сооронбай Жээнбековго кыргыз-казак чатагын жөнгө салууга туура келди. Түз айтканда бул коңшу мамлекеттин башчысы тарабынан чек араны жаап салган анык эле блока-да болчу. Муну кийин Н.Назарбаев эл алдында моюнга алганы бар. Адистер бул өңдүү мамлекеттер аралык маселени чечүү үчүн бир гана мыкты сүйлөшүүчү, маселени өтө терең билгендик жетишпестигин жакшы билишет. Мындай маселе тараптардын бири-бирине болгон сый-урматы, келтирилген жүйөөлөргө моюн сунушу, эң башкысы бири-бирине ишеним болгондо гана чечилиши мүмкүн болчу.

Ошону менен казак тарап чек арасын дароо ачып, күн сайын оор чыгымдарга учурап жаткан ата-мекендик бизнесмендердин жолу ачылды. Кийинчерээк Сооронбай  Жээнбеков иш сапары менен көптөгөн өлкөлөрдө болуп, бардык коллегалары менен тил табыша билгендиги кубандырбай койбойт. Анын чет өлкөлүк лидерлер менен кызматташтыкты чыңдап жана бекемдей алышын, азыркы Президент ойлонбогон, шашылыш жана чалды-куйду чечимдерди кабыл албай тургандыгы менен түшүндүрсөк болот. Айтмакчы, Президенттин мындай иш стили мамлекеттин ички маселелерин чечүүдө да байкалат: менин оюмча эч ким андан маанайына жараша эмоция менен чечим кабыл алган кадамдарга ба-руусун күтпөйт.

Дал ушундай лидер өлкөнү улуу иштерге багыттап, жарандарды Кыргызстандын тез өнүгүшүн камсыздай ала тур-ган экономикалык, социалдык ири долбоорлордун тегерегинде баш коштура алат деп эсептеймин.

 

Эл ишеничин актоо аракеттери: 1 комментарий

  • Октябрь 17, 2018 в 12:40 пп
    Permalink

    Аллахым ажобузга ден соолук омур берсин , алкоого татыктуу иштерин кыргыз эли коруп баамдап жатат , буюрса баштаган иштерин аягына татыктуу чыгарат деген ишенимдемин. Ошону менен эле туура кадрларды тандоодо шашпастан, бироонун сунушу менен эмес, ишкерлик жагын ойлоо , калчоо менен татыктууларды койсо деп ойлойм . Жеп ичкичтерди сотто менен чектелбестен, мамлекетке кайтарууну да унутпаса. Кыргыз эли онугуп осуп алдынкы мамлекеттерге кошулууга коптогон шарттар бар. Ажобуз озунун ойлогон оюнан кайтпай туруктуу , чечкиндуу болуп , курошторду кучотуп элибизге коптогон ийгиликтерди жаратат деген ойдомун. Элиниз сизди ар дайым колдойт ак жол адал иш ар дайым !!!

Комментарии запрещены.