60 млн. сом табылса, кайберенге аңчылыкты тыйса болот экен

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Экология маселеси – улуу гуманист Ч.Айтматовдун дээрлик ар бир чыгармасынын өзөгүн түзүп, жаратылышка, жапайы жан-жаныбарларга аярлык менен мамиле кылууга чакырат. Акыркысы “Тоолор кулаганда” романындагы илбирс — Жаабарс баяны. Кыргыз жөн эле илбирс дечү элек, азыр ак илбирс дечү болдук. Бүгүнкү күндө Ак илбирс мекендеген мамлекеттерде аны сактоо боюнча дүйнөлүк деңгээлде сөз  болуп, ар кандай аталыштагы жыйындар байма-бай өтчү болду. Илбирс – Кыргызстандын сыймыгы. Ансыз Ала-Тообуз көркүнөн ажырап калат. Бүгүнкү күндө Ак илбирстин саны 300гө жетип калганын айтышат. Аз убакыт мурда 200-250 деп жүрүшчү. Былтыр эле шаардын тушундагы Ала-Арча паркынын тоолоруна илбирс келип калгандыгын далилдеген сүрөттөр интернетке тарап баарыбыз сүйүнгөнбүз. Анан калса кызык эле мамлекет болдук. Ак илбирсти сактап калуу боюнча эл аралык ар кандай документтерге кол коебуз, ишке келгенде “тигине тоонун башында көбөйүп жатат” дегендей мамиле кылабыз. Илбирс мөңгү кемирип же таш чайнап жан сактабайт. Эң биринчи анын жей турган жеми болгон кайберендерди сакташыбыз керек.

Аңчылыктан 140 млн. сом түшүптүр

Эки жылдан бери Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары аркар-кулжага, эчки-текеге аңчылык кылууга белгилүү бир мөөнөткө чейин мораторий жарыялоо маселесин көтөрүп келишет. Бирок жыргаткан жыйынтык чыга элек. Бүгүнкү күндө бул маселенин тегерегинде талаш-тартыш кызып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу аймактар департаменти кулжанын лицензиясынын наркын 450 миңден 700 миң сомго, текенин наркын 70 миңден 100 миң сомго чейин көтөрүү жолун айтууда.

Биздин оюбуз боюнча азыр сунушталып жаткан кулжанын наркын 700 миңден 1 млн. сомго чейин көтөрүп койсо деле болчудай. Себеп дегенде башка өлкөлөрдө биздикинен алда канча жогору. Фактыга  кайрылсак  чет  элдиктерге  аңчылыкты  уюштуруудан  (кулжа  жана теке аттыруу) бир жылда 140 млн. сом түшөт экен. Башкача айтканда былтыр лицензия боюнча 80 кулжа 300дөн ашуун теке атылган. Мындан түшкөн каражаттын 25  пайызы  –  жергиликтүү  бюджетке,  35 пайызы –тиешелүү департаментке, 40 пайызы кайберен кайсы жерде атылса ошол жердеги  калыбына  келтирүү  иштерине жумшалган.

Бир  жагынан  Кыргызстандын  жаратылышты коргоо тармактарын бир беткей эле тепкилей бергенден алыспыз. Айталы, аңчылык чарбалары 70тен 42ге чейин кыскарыптыр. Мурда 1500 миңге чейин теке атканга лицензия берилсе, азыр 400гө чейин кыскарган. Мындан тышкары Кыргызстанда 14 млн.га корук жана аңчылык кылуучужайлар болсо, анын ичинен департаментке караштуу 7 млн. га аянттагы корук жер-леринде аңчылык кылууга таптакыр тыюу салынган.

Ал эми калган 7 млн. га жер атайын лицензиясы бар 42 аңчылык чарбаларына тиешелүү. Ошол эле учурда аңчылык чарбаларына таандык Чүй облусундагы жерлердин жарымына, Талас, Жалал-Абад облустарында аңчылык кылууга үч жылга чейин тыюу салынган. Бул мөөнөт бүткөндө кийинки эки облустун аймагындагы аңчылык жайларына ушул мөөнөткө (үч жыл) тыюу салынып, андан ары облустар боюнча улантылат. Ушул жерден кошумчалай кетсек аңчылык сезону мурдагыдай кайберендер төлдөгөн жаз айларында эмес, август, сентябрь, октябрь, ноябрь айларында ачылат. Кыргыздын илгерки аңчылык салтынан алганда бул мезгилдер аңчылык кылууга ылайыктуу. Бул эми Кыргызстандын аңчылык тармагындагы бүгүнкү кырдаал. Түпкүлүгүндө кайберендерге аңчылык кылууга таптакыр эле каршы экенибизди айта кетели.

Департамент каршы эмес

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин директору Алмаз Мусаев буларды айтат: “Бизге трофейлик аңчылыкты уюштуруудан түшүп жаткан каражаттын эсебинен жылына 60 млн. сом каражат түшөт. Эгерде мамлекет ошол каражатты бюджеттен каржылай турган болсо, анда Кудай жалгасын Кыргызстанга кайберенге аңчылык кылууну толук тыйып салса болот. Биз ал каражатка жер-жерлерге егерлерди кармап, алардын айлыгын төлөп, керектүү техника менен камсыз кылып турушубуз керек. Мына Ысык-Көл менен Соң-Көлдөн балык кармоого мораторий жарыяланганы менен натыйжа чыкпай калбадыбы. Себеби, тыюу салынгандан кийин аңчылык чарбалары жоюлат. Бул чарбалар өздөрү ээлик кылган аймактарга браконьерлерди киргизбей коруп турушат. Эгерде аңчылыкка тыюу салынса алардын ордун биз егерлерди дайындоо менен толуктабасак, ал жерлер туруктуу көзөмөлдөн алыстап калат. Азыркы учурда кайсы бир аңчылык чарбасынын аймагынан браконьерлер кармала турган болсо, ага жол бергендиги үчүн аңчылык чарбалары да жоопкерчилик тартышат”.

Израилде эчки-текелер көчө аралап жүрөт

Бирок, аңчылык чарбалары да оңой жоо эмес. Алардын талапташтары аркар-кулжа, эчки-текеге тыюу салсак алардын са-ны көбөйүп кетсе деградацияга учурап, кандайдыр бир ооруга чалдыгышы мүмкүн деген пикирлерди айтышууда. Бул жүйөсүз шылтоо. Кайберендин карышкыр деген да жоосу бар. Бирок алар оору-сыркоосун, качканга алы келбей калгандарын терип жешсе, биз адамдар (эки буттуу карышкырлар) күчкө толуп турган, мүйүзүнө кулач жеткис кулжаларды, текелерди чет элдик аңчыларга аттырып, тукум курут кылуудабыз. Анткени, табият өзү тандаган асыл тукум кулжалардын, текелердин мыктысын терип, тандап аттыруу менен аркардын тукумун деградацияга тушуктуруп жатпайбызбы!

Кыргызстанда чейрек кылым мурда эле аркар-кулжалар  кой  менен  кошо  жайылган учурлар болгон. Жакында интернеттен Израил мамлекетинде көчөдө шаар аралап жүргөн эчки-текелерди көрдүк. Текелеринин мүйүзү аркайып биздикинен кем эмес. Какыраган ташты, мээ кайнаткан чөлдү гүлдөткөн бул өлкө, кайберендер мекендеген биздей аска-зоолору, жайлуу төрлөрү жок эле жапайы эчки-текелерди кайдан-жайдан алып барышып, өздөрүнө байырлатып алышыптыр. Мына өнүккөн элдин өрнөгү! Мындай учурларды Европадан көп эле көрүүгө болот. Биз деле мылтык ала жүгүрбөй, кайберенге тийбей койсок алардын саны көбөйүп, Ала-Тоо жергебиздин көркүнө көрк кошулуп, кадимки калыбына келер беле деген ойду айтып жатам.

Өзүбүзгө айдатып…Өзүбүзгө тандатып…

Ошону менен аталган департамент су-рап жаткан 60 млн. сом анчалык деле көп каражат эмес. Бюджеттен карап койсо болот. Бир сөз менен депутаттар көтөрүп жаткан Кыргызстанда кайберендерге аңчылык кы-лууга тыюу салуу маселеси бышып жетилди. Эл деле колдоп жатат. Колубузга тутамдап акча карматып туруп, өзүбүзгө тандатып, өзүбүзгө жол көрсөттүрүп, өзүбүзгө айдатып, анан кызыл ала кылып тоодон кулата атып, кайра мүйүзүн мойнубузга артып тоодон түшүртүп, анысынын баарын маашырлана видеого тартып, бүт ааламга таратып жараткан чет өлкөлүк мергенчилер көпчүлүктүн кыжырын кайнатууда. Балким кайберендердин саны көбөйгөндө, бул тармактагы коррупциянын аягы суюлганда трофейлик аңчылык уюштурууга кайтып келербиз.

Бул жерде өзүбүздүн браконьерлерге жазаны катуулатуу маселеси бар. Алар үчүн айып пулдун өлчөмүн абдан эле жогору коюу керек. Сөзүмдүн акырында Ак илбирстин санын көбөйтөбүз десек, эң биринчи алардын азыгы болгон аркар-кулжалардын, эчки-текелердин санын арбытууга кам көрөлү. Ошол эле учурда аркар-кулжалар, эчки-текелер жерибиздин куту экенин дагы бир жолу айта кетейин! Баса  азыркы  күндө  Кыргызстанда  15 миңдей аркар-кулжа, 17-18 миңдей эчки-теке бар экени айтылат. Акчасына кызыгып, чет өлкөлүктөргө аттыра бербей, кайберендердин санын көбөйтүп алсак, Ала-Тоо жергебиз анык көркүнө чыкмак. Ошондо гана Ч.Айтматовдун гуманисттик улуу идеяларын аткарган болор элек.