Айтматов менен бир топурактан жаралган инсан

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


«Арага  бир  жыл  салбай  Кыргызга  дагы  келдик.  Былтыр  дүйнө жүзүндө теңи жок Манастын миң жылдык тоюн көрүп, ошол тойдун кызуусу али суубай, ошол таасирдүү күндү сагынып келдик. Манастын миң жылдыгы – өттү-кетти, акыркы эмес экен. Улуу тойдон из калган. Өчпөстөй болуп калган. Бишкек шаарынын кайсы бурчуна барсаң да алдыңдан Манас чыгат.

Ошентип  Манас  аркылуу  кыргыздар өзүн-өзү, өзүнүн ким экенин таанып турат. Өзгөлөргө да таанытып турат. Манас кыргыздардын көөдөнүнө өзүнүн кыргыз болуп жаралганына сыймыктанар сезим уялаткан. Мынакей, бул баа жетпес байлык.

Бир кезде дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган Осмон империясынын алтын таажысы көмүскөлөнүп, алтын жакалуу тону тозгондо калкы «биз түркпүз» деп айтууга намыстанган. «Мен түркмүн» деп айтуу – «адамдын шордуусумун» деп айтылгандай заман болгон.

Ошондо, Мустафа Кемал Ата Түрк бийлик өз колуна тийгенде, руху сынган улуттун зоболосун көтөрүү үчүн: «Дүйнөгө түрк болуп жаралганыма сыймыктанам» деп айткыла! Түрк болуп жаралганыңар үчүн тагдырыңарга таазим кылгыла!», – деп кол астындагы элин үйрөткөн. Кыргыздарда да ошондой бир про-цесс бар…»

Бул сөздөр 1996-жылдын жайында казактын атактуу акыны Жамбыл Жабаевдин 150 жылдыгы Бишкекте атап өткөрүлгөндө ага келген казактын белгилүү калемгери Шерхан Муртазага таандык.

«Ал  (демек  Чыңгыз) кытайча  Тянь-Шань  деп аталчу Теңир Тоонун Манас дей турган бийик чокусунун так этегинде ошондон жетимиш жыл мурда дүйнөгө келди.

Египеттеги фараондор-дун пирамидалары Манас чокусуна окшойт. Бирок, Манас чокусу пирамидалардан миң эсе бийик. Кудайдын өзү ошентип жараткан.

Мурдагы  бабалардын айтканына караганда, Манастын улуу руху ортодо көп жылдарды өткөрүп, анда-санда өзү атташ чокунун башына келип конот экен.

Ошондой бир келүүсүндө чоку этегинде дүйнөгө келген наристеге көзү түшүп, ак батасын бериптир.

«Эй,  бейкүнөө  урпагым,  –  деген  экен ошондо Манас, – ааламдагы тиричилик ээси тек гана Жер экен деп калба. Алла-Тааланын кудурети менен жаралган ушул Жерден башка да тиричилик ээлери мекендеген жылдыздар көп. Мен ошолордун биринен келдим. Дүйнөдө түбөлүк бир-бири менен салгылашкан күчтөр бар: изгилер менен зулумдар. Изгилери адал адам сыпаттуу. Зулумдары дөө-пери баштаган шайтан сыяктуу. Сен урумум, изги бол! Зулумдук менен күрөшө бер. Оомийин!».

Ошол ак бата тийген Чыңгыз Айтматов эми орошон таланттын, бай акыл-ойдун адамы болду. «Манас» деген сөз Гималай-Буланай тоосун мекендеген махатма-олуялардын тилинде: «Ааламдык космостук акыл-ой» деген маанини билдирет экен.

Ошондуктан Айтматовдо Манастан калган, Манастын ак батасы аркылуу берилген чоң касиет бар.

Айтматов өтө таланттуу жазуучу гана эмес, көзү ачык жазуучу. Мисалы, «Гүлсарат» романын алыңыз. Ошондогу башкы кейипкер Танабайдын башка иш-аракеттерин мындай койгондо, тек гана бир кыймылын эске алып көрүңүз. Ал кой багат. Кыш созулуп, жем-чөп түгөнүп, мал төлдөп жаткан кез. Короо ачык-тешик. Белден чыла-баткак.Ушул тозоктун ичинде күнү-түнү күйүп-бышып жүргөн Танабайды райондон келген кара кайыш пальтолуу прокурор менен өкүл кысымга алат: «Козулар эмне үчүн өлдү? Эмнеге малың арык? Эмнеге, эмнеге, эмнеге???».

Бул кордукка чыдай албаган Танабай чөп суза турган айрыны ала салып, тиги чоңдорго тура умтулат. Чоңдор аң-дөңдү карабай, ат-тарына минип, безип кетет.

Бул компартиянын доору жүрүп турган учур. Анын өкүлдөрүнө айыр шилтемек түгүл, алардын бетине түз кароонун өзү ажалдан мурда өлүү менен тең.

Бул алдыдагы келечекте боло турган чоң төңкөрүштүн ишарасы. Жазуучу аны алдын ала көрө билди.

Арадан жыйырма жыл өткөндөн кийин СССР аттуу улуу империя кулап, сатанакратия урады».

Үзүндүсү сунушталып жаткан бул баяндаманы Шерхан Муртаза ушундан жыйырма жыл мурда Чыңгыз Айтматовдун жетимиш жашка чыккандыгына байланыштуу Парижде Бириккен улуттар уюмунун эгидасы менен ЮНЕСКО өткөргөнү жаткан салтанаттуу симпозиумда окумакчы экен. Бар күн калганда ойлонуп, түнү бою уктабай орусча жазыптыр. Эртең менен Өкмөт тараптан са-парды уюштуруучулар «каржы тартыш болуп, жазуучулар Парижге барбай турган болду» деп телефон чалган.

Ушул  Шерхан  Муртаза  9-октябрда дүйнөдөн кайтты. «Егемен Казакстандын» эгемендик жылдарындагы дагы бир башкы редактору, Парламенттин экс-депутаты Уалихан Калижанов өлкөнүн башкы басылмасы «Егемен Казакстан» гезитинде: «Казак кара жамынып отурат. Өмүрдөн Шерага, Шерхан Муртаза өттү. Кандай калемгер, кандай улут жандуу инсан эле. Ким экендигине карабай, чындыкты чырылдатып айта турган, калеминен замандын ачуу акыйкаты көрүнгөн жазуучу-ишмер эле» деп башталган аза наама жазды. Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев жазуучунун үй-бүлөсүнө көңүл айтуусун билдирди.

Шерхан  Муртаза  1932-жылы  28-сен-тябрда Казакстандын Жамбыл облусунун Жуалы ооданынын Миң-Булак айылында дүйнөгө келген. 1955-жылы М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1990-1993-жылдары Казак ССРинин эл депутаты, эгемендик жылдары эки жолу Парламенттин депутаты болгон кезинен башка убакыттарда басма сөз тармагында иштеди. Ар кезде «Жалын», «Жулдыз» журналдарынын, «Казак адабияты», «Социалисттик Казакстан» – «Егемен Казакстан» гезиттеринин башкы редактору, «Казакстан» мамлекеттик телерадиокомпаниясынын төрагасы кызматтарын аткарды. Ондогон аңгеме, повесть, роман жыйнактарынын автору. Адабий чыгармалары 1978-жылы Казак ССРинин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Казак ССРинин маданиятына эмгеги сиңген ишмер, Казакстандын эл жазуучусу. «Курмет белгиси», «Отан» ордендери жана башка сыйлыктардын ээси.

Чыгармачылыгына сереп салсак, эң башкысы Шерхан Муртаза элдин жогун жоктогон, замандын эң өзөктүү көйгөйлөрүн көтөргөн публицист эле.

Баса, Шерхан Муртаза өткөн кылымдын жетимишинчи жылынын башынан тартып Казакстанда  эң  таанымал  жазуучу  болду (анын өткүр публицистикасы 80-жылдарда башталган), асыресе, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын казак окурмандарына жеткизген котормочу катары. Москвадагы «Новый мир» журналы Ч. Айтматовдун повесть, романдарын сандан-санга улантып жарыялап жатканда, Шерхан Муртаза анын полиграфиялык сыясын кургатпай которуп, «Жулдыз» журналына байма-бай берип жатты. Айрым айтматов таануучулардын жазганына караганда, казак окурмандары Айтматов чыгармаларын өз тилинде кыргыздардан мурда окуптур.

Шерхан Муртаза Чыңгыз Айтматовдун «Ботогөз булак», «Гүлсарат», «Кыямат», «Дениз бойлой жорткон Ала дөбөт», «Кылым карытар бир күн» повесть, романдарын жана башка чыгармаларын майын чыгара которгон. Казактын белгилүү жазуучу-котормочулары Айтматовдун чыгармаларын Шерхан Муртазадай которо албайбыз деп бул ишке батынган эмес.

Шерхан  Муртаза  туулган  Миң-Булак айылы Талас Ала-Тоосунун түндүк этегинде. Туптуура түштүгүндө – Чыңгыз Айтма-тов туулган Шекер айылы. Шерхан Муртаза көзү тирүүсүндө Айтматов менин жердешим, экөөбүз бир топурактан жаралганбыз дечү. Мүмкүн, Шерхан Муртазанын Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын чоң дилгирлик менен которуусунда жаратылыштын биз билбеген купуя сыры бар чыгар.

Улуу жазуучунун топурагы торко болсун!