Аида КАСЫМАЛИЕВА, депутат: «Министрлик саясый соодалашуунун курмандыгына айланбашы керек»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Өткөн аптадан баштап дипломатиялык паспортторду туура эмес колдонуу тууралуу маселе көтөрүлө баштады. Буга социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденованын катышуусунда Кореяда болгон окуя себеп болду. Аталган окуядан кийин парламент трибунасынан министрликтин чиновниктери дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатышканы айтылды. Бул маселе коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрымдар орун талаш болуп жатат деген божомолдорун да айтып жиберишти. Мына ошол маселелердин тегерегинде эл өкүлү Аида Касымалиева менен гезитибиздин кабарчысы маектешип кайтты.

– Социалдык өнүктүрүү министрлигинин айланасында болуп жаткан маселелер тууралуу айтып кетсеңиз?

– Аталган министрликте жөлөк пул, коррупция, бала асыроо боюнча абдан көп маселелер бар. Мисалы 150 миң бала төрөлсө, 58 миң гана бала сүйүнчү акча алышты. Жөлөк пулга 2017-жылы мыйзамды киргизип жатып, бюджетти кеңейттик эле. 5 млрд. 330 млн. сом биздин бюджет үчүн абдан чоң акча. Анан ошол эң жакыр үй-бүлөлөргө жетип жатабы деген маселе бар. Алар даректүүлүктү күчөтөбүз дешкен. Тилекке каршы, андай болгон жок. Мурдагы мыйзам менен 270 миң бала алган болсо, азыр 240 миңге түшүп калды. Ошол эле мезгилде облус боюнча квоталардан ашса бербейсиңер деп айтып жатышыптыр.

– Квота дегенди түшүндүрө кетсеңиз?

–  Облустук  же  райондук  башкармалыктарга жөлөк пул алгандардын утурумдук  жөлөк  пул  алуучулардын  саны  240 миңден ашпасын деп айтылып жатат. Бул улуттук  статистика  комитетинин  маалыматы менен да дал келип жатат. Жогоруда айткандай, бул көрсөткүч былтыр 270 миң болчу.

Анан дагы биздин эң чоң жеңишибиз деп келген пенсионерлердин пенсиясынын жыйынды кирешеден чыгарылышы. Бизде кары адамдар менен чогуу жашагандыктан, ал үйдөгү кары адам пенсия алганы үчүн анын неберелери жөлөк пул албай калган. Каражатты көбөйттүк, ал эми даректүүлүк болгон жок. Бул боюнча аудио, видео түрүндө менде фактылар турат. Кайда барбайын коррупциялык көрүнүштөр болуп жаткандыгы тууралуу айтылып жатат.

Бул министрликтин иши. Эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коррупционерлердин бетин ачышы зарыл. Эмне себептен элдин кайрылуусу депутаттарга жетет да, министрге жетпейт. Базарда сода кылган көп балалуу эненин же карапайым адамдын ички мигранттардын көбүнчө каттоосу жок. Анан ошолордон толтура документтерди алып кел деп сурашат. Эң жакыр үй-бүлөлөр буларды топтой алабы? Албайт. Аны ошол социалдык өнүктүрүү министрли-гинин кызматкери жыйнашы зарыл. Ушун-дай коррупциялык көрүнүштөрдү жашырып отурган болбойт.

– Аталган министрликте дипломатиялык паспортторду туура эмес колдонуусу тууралуу да сиз айтып чыкпадыңызбы?

– Социалдык өнүктүрүү министрлигинин айланасында чуу Кореяда болгон окуя дан кийин келип чыкты. Ошондон кийин дипломатиялык паспорттордун маселеси дагы көтөрүлө баштады. Мага жай ичи буга байланыштуу абдан көп документтер келип жатты. Негизи дипломатиялык паспорттордун ойду-келди колдонулушу, иш сапарларда чиновниктердин туура эмес жүрүм-туруму, мамлекеттин эсебинен чет жакка чыгып келиши – системалык суроолор. Жогорку Кеңештин алкагында комиссия түзүлүп, бардык ведомстволор текшерилип чыгышы керек. Эң жакыр жарандар үчүн жакын иштей турган министрлик кредиттик акчаларды иш сапарларга кетирип, натыйжасыз коротуп жатышы кечиримсиз нерсе.

Дипломатиялык паспорттор өзү кандайдыр бир артыкчылык эмес. Ал чиновниктерге элдин кызматын тезирээк кылыш үчүн берилет. Сайрандап же VIP зал аркылуу өтүш үчүн берилбейт да.

– Бул нерсенин саясый жагы да бар эмеспи. Фракциялык квота менен барышса керек эле.

– Ушул жагына да токтоло кетейин. Негизи министр, анын орун басары да фракциялык квота менен барган. Бизден бир адам барышы керек деп кызматтарга соодалашуу жүрүп жатпайбы. Бул жаңы конституцияга кирип калды, ошонун терс жактарын биз өз жон терибиз менен сезип жатабыз. Эгерде фракцияда татыктуу адам жок болсо, же татыктуу бирөө партияга тиешеси жок болсо, эмнеге аны ошол министрликти башкарганы тартып келбешибиз керек? Министрлик саясый соодалашуунун курмандыгына айланбашы зарыл. Маселен, социалдык өнүктүрүү министри “Кыргызстан” партиясы, ал эми орун басары “Бир бол” фракциясынан барган. Эч кайсы партияга тиешеси жок жалаң кесипкөй адамдар келип иштесе болот. Буга мыйзам жол берет.

–  Социалдык  өнүктүрүү  министринин  оруну  керек  болгону үчүн  тиреш  болуп  жатат  деген кепчи?

– Министр болоюн деген оюм такыр жок. Жогоруда аталган министрликке кесипкөй, тажрыйбалуу адам керек экендигин белгилеп кеттим. Чынында бул министрлик эксперимент жүргүзө турган жай болуп кетти. Ар кимди алып келе беришти. Ага тармакты түшүнгөн тажрыйбалуу адам келиши керек. Себеби, көйгөйлөр көп. Мисалы: майыптыгы бар балдардын ата-энесине айлык төлөп берүү тууралуу демилгени 5-6 жылдан бери көтөрүп келе жатабыз. Эмне себептен бул нерсе ишке ашпай келе жатат? Майыптыгы бар балдарды ата-энеси карайт. Ошого байланыштуу алар эч жерде иштей албай калышууда. Ал эми май-ыптыгы боюнча алган жөлөк пул эч нерсеге жетпейт. Ушул сыяктуу маселелер чечилиши зарыл.