Акбар РЫСКУЛОВ, Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы: «Чыңгыз Айтматовдүйнөлүк маданиятта ХХ кылымдагы классиктердин эң алдында турат»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


– Акбар агай, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1986-жылы уюштурган Ысык-Көл форумуна катышкан адам катары ал шериненин максаты тууралуу эмнелерди айта аласыз?

– 1986-жылдагы Ысык-Көл форумуна Чыңгыз Төрөкулович дүйнөнүн интеллек-туалдарын чогултуп, шерине деген аталыш менен өткөн. Ошондо ойчул, жакын санаалаштарын чакырып, адамзатынын тагдырына байланышкан көйгөй маселелерди чечүүнү көздөп, эркин диалогго барышкан. Дүйнөгө белгилүү Рим клубу деген интеллектуалдардын клубунун башчысы Алексанр Кинг да келген. Ошол кездеги ЮНЕСКОнун генералдык катчысы Федерико Майор, Артур Миллер, Устенов деген көрүнүктүү инсандар келишкен. Ошондогу Ысык-Көл форуму Евразия мамлекеттери эле эмес, жалпы дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурган. Анткени ал кезде дүйнө эки тарапка бөлүнүп, тирешип турган кез болчу. Ошол маалда дүйнө элдеринин интеллектуалдарын чакырып, адамзатынын жашоосуна коркунуч туудурган коогалаңдардын алдын алууга үндөгөнү дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурган. 1986-жылдагы форумдун толук курамын Михаил Сергеевич Горбачев өзү Кремлде кабыл алган. Мына ошондон улам дүйнөдөгү тирешкен темир көшөгө алынып салынды деп айтылат. Анысы ырас, себеби 1986-жылда кайра куруу башталып калган кез болчу. Убакыт менен кошо көп нерселер өзгөрүүгө дуушар болду. СССР деген чоң держава өзү жок болуп кетти. Бирок адамзатындагы көйгөйлөр дагы деле калды. Ошондуктан ойчулдар караган ишти кайрадан кароонун зарылчылыгы келип чыгып олтурат.

– Айтматов сиз үчүн ким эле?

– Айтматовдун 90-жылдыгына карата өткөрүлгөн форум Ысык-Көл шеринесин улап, өзүнүн жылдызы алдында өттү. Үч-төрт күндүн ичинде пленардык, секциялык жыйындарда, ич ара сүйлөшкөн клуарларда дагы анын чыгармачылыгына абдан бийик баа берилип, таңыркаткан нерселер көп болду. Жалпы эле кыргыздар Чыңгыздын жыл-дызы алдында жашап жатпайбызбы. Өзүм дагы ушу чоң жыйындар башталганча Талас жергесиндеги Шекер айылына барып келдим. Ошол жерде Күркүрөө суусунун боюнда жашаган Эркебай деген жигиттин үйүндө бир түнөдүм. Кечирээк барып калган экемин Күркүрөөнүн суусуна жүзүмдү чайып, бир кочуш суу ууртап, таң атаары менен сууну бойлой жогорулата басып, көк чалгындын жээгинде жаттым. Көптөн бери ойлоп жүргөн оюмду аткардым деп ойлойм. Күн сайын залкар жазуучунун атын оозанып, ага таазим кылам. Айтматов мен эле эмес, жалпы кыргыз элинин ойчул акылманы, кеменгери, чыгаан инсаны.

– Жазуучу жана дипломат катары  да  Чыңгыз  Төрөкулович  менен тыгыз байланышта болсоңуз керек. Эсиңизде калган окуялар болсо айтып берсеңиз?

– Бул жарык дүйнөдө Чыңгыз Төрөкулович менен замандаш иниси болуп, чогуу иштеп калганыма сыймыктанам. Ал Кыргызстан жазуучулар союзуна келгенде аппаратта чогуу иштеп калдык. Кеп кеңештерин, сунуштарын уктук. Жогорку Кеңештин жыйындар залында Чыңгыз Төрөкулович келип иштей баштады. Ошондо келген адамдардын кезеги 4-кабаттан 1-кабатка чейин жеткени эсимде. Чыңгыз ага жазуучу, коомдук ишмер катары да ар бир кишинин айтканына маани берип, алардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн тиешелүү адистерге жөнөтүп, колун коюп, абдан катуу иштеген. Экинчи жагы Чыңгыз Төрөкулович дипломатияга өткөндө мен дагы Казакстанда элчи болуп иштеп калдым. Ошол кездерде ал Европадан келгенде тосуп алып, узатып турдум. Ал эми форумдун экинчи жолку өтүшүндө келген коноктор Казакстандын аэропорту аркылуу келген. Анда да Федерико Майор баш болгон интеллектуалдарды тосуп алып, кайрадан Ысык-Көлдөн кеткенде узаткан учурларым болгон.

– Агай, биз сүйлөшүп жатканда Магжан Жумабаевдин китеби келди. Бу киши менен Айтматовдун байланышы барбы?

– Магжан Жумабаев менен Чыңгыз Айтматов эки заманда жашаса дагы булардын байланышы бар. Анткени экөө тең өз заманына кызмат кылып, калкынын кызыкчылыгын көздөгөн. Эгер Магжан жөнүндө эки ооз сөз айта турган болсок, бул эң алгач китептерин чыгарган акындардын бири. Мунун китептери революцияга чейин чыккан. Бирок 1930-жылдардагы куугунтукка кабылып, эки ирет түрмөгө түшүп, ошол жерден кайтыш болуп кеткен. Бул акындын мыктылыгы өз доорунун трагедиясын жашырбай этпей ачык жазган. Айрыкча Туран, Туркестан идеясын, Алаш Ордону ырга салган акын. Кийин анын ырлары жарым кылымга жакын басылбай тыюу салынып жаткан. Ушундай оор тагдырга туш болсо да, эч качан эрки майтарылган эмес. Совет дооруна ырлары туура келбей калгандыгы үчүн куугунтукка кабылып, өзү атылып, китептери чыкпай жүргөн. Казак акыны Магжандын кыргыз жери, Ала-Тоо жөнүндө жазган ырлары бар. Эки элдин адабий байланышында көп табышмактуу нерселер бар. Аларды изилдешибиз керек. Абайдын балдары да куугунтукка кабылганда Бишкекте жашаган экен. Булардын баарын иликтесек кызык байланыштар чыгат. Магжан Жумабаевдин тили кыргыз тилине абдан жакын экен.

–  Айтматовдун  дүйнөлүк  адабияттагы орду канчалык?

– Эми жазуучуларды жарышка түшүрүп, карап көрүү өтө кыйын. Бирок, Айтматовдун классик экени талашсыз. Ал улуу классиктердин катарында турат. Айтматов өзү биринчи орунга Л.Толстойду койгон, андан кийин Достоевскийди коюп, ал тууралуу өтө көп пикирлерин айткан. Үчүнчү орунга Чеховду койгон, бирок кээ бир учурларда ал да алмашып турган. Албетте, Айтматов буларды түшүнүп, ички сырларын чечип окуган. Менимче Чыңгыз Айтматов ХХ кылымдагы классиктердин эң алдыңкы катарында турат. Дүйнөдө расмий 230 тил болсо, анын чыгармалары 190 тилге которулуптур. Ал дүйнөлүк адабиятта өтө бийик инсандар менен байланыш түзүп кетиптир. Өткөн жылда мен Колумбиядагы фестивалда болдум. Чыңгыз Төрөкулович Габриэль Гарсиа Маркес менен да бир нече жолу жолуккан. Мен экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүн таап алып, китепканасына бердим. Айтматов бул – улуттук деңгээлдеги гана жазуучу эмес. Түрк жазуучулар союзунун төрагасы Стамбулда “Чыңгызды биз түрк жазуучусу деп эсептейбиз, түрк жазуучуларынын тизмесине биринчи кылып кошконбуз” дейт, казактар биздин жазуучу деп эсептейт, анткени Кара нардан баштап, казак талаасын жазган, өзбектер да биздин жазуучу деп, Мирзиёв бийликке келгенден тартып, эстелигин коюп, көчөгө ысымын берип жатат. “Долгая дорога домой” деген фильмде мамлекет башчылары Айтматов жөнүндө пикирлерин айтышкан. Гейдар Алиев “Айтматовду азербайжан деп эсептейбиз, Бакунун жанында Кызкалаа деген шаарга келип, бизде жашаңыз деп, жер бөлүп бергенбиз” дейт. Чыңгыз Төрөкулович жазуучу, ойчул катары улуттук деңгээлден эбак чыгып, дүйнөгө таандык болгон көп кырдуу инсан болчу…