Жээнбеков КМШ жана Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков  25-майда Татарстандын Казань шаарына Кошмо Мамлекеттер
Шериктештигине кирген  мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жана Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн  кетти.

Жыйындар бүгүн, 26-майда болот. Эскерте кетсек, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтөт.

Жыйындарда КМШ мамлекеттеринин жана Евразия  экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр ортосундагы кызматташуу тууралуу маселелер талкууланат.

Кыргызстандын делегациясынын курамында– вице-премьер-министр Олег Панкратов, Орусиядагы элчи Болот Отунбаев, өлкөнүн КМШ  уставдык органында туруктуу ыйгарымдуу өкүлү Кубанычбек Өмүралиев, Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы башкалар  бар.