“Уялчаак” мэр

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Кемин мэриясы Мамлекеттик сатып алуулар порталына Кемин шаарынын борбордук мечитине узундугу 45, туурасы 4 метрден кем болбогон 119 700 сомго килем алпере турганын кабарлаган экен, анысын маалымат каражаттары айтып бүтө албай жатат.

Бул маалыматты тастыктаган мэр Солайбек Досов: “Жамаат аябай суранды. Кечке эле арабдардан акча сурай берген уят да, өзүбүз эле алып берели. «Кемин келечеги» деген фонддо биздин үлүш бар. Ошол жерден акча бөлүнөт, шаардын бюджетинен десек болот”, – деп “уят” маселесинен сөз козгоптур.

Мындай чечимди мэр жалгыз кабыл алмак беле, Кемин шаардык кеңеш колдоптур. Албетте, бизди Кемин шаарынын мэри “уяттуу” экени аябай кубандырат. Бирок, жаман адат  жугуштуу  деген  кеп  бар эмес пи, эгер Кыргызстандагы облус, шаар, район, айыл өкмөт башчыларынын баары “арабдардан уялган” Солайбек Досовдун жолун жолдоп, мамлекет эсебинен мечиттерди каржылай баштаса, өлкөнүн бюджетинин абалы кандай болот? Минтип мечитке айкөлдүк кылган “уялчаак” мэр Кемин шаарындагы бала бакча, мектептерге канча акчага килем, канча кило бор сатып берди болду экен?

Кемин  шаарынын  мэри  менен  Кемин шаардык кеңешинин арабдардан уялып, мамлекеттик бюджет эсебинен мечитке килем алперебиз дегени бул 119 700 сомдун маселеси эмес, жергиликтүү бийлик ээлеринин ата мекенге жана улутка болгон мамилесинин маселеси.