Ата журт, Ата Мекен, Кыргызстан менен байланышкан саясый аталыштар…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Бизде 250гө чукул саясый партиялардын көбүнүн аталыштары ата журт, ата мекен, Кыргызстан деген ыйык, аялуу түшүнүктөр менен байланышкан. “Атажурт”, “Ата Мекен”, “Республика-Ата Журт”, “Бай-Мекен”, “Мекен ынтымагы”, “Мекен биримдиги”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Эркин Кыргызстан”, “Жаңы Кыргызстан”, “Кыргызстан социал-демократтар партиясы”, “Алга, Кыргызстан”, “Кыргызстан коммунисттер партиясы” ж.б. Саясатчылар өз партияларын кандай атайт, бул алардын жеке иши, биз аларга кийлигише албайбыз.

Ошентсе да, аталышында ата журт, ата мекен, Кыргызстан деген сөз кошулган бардык партияларга кристалдай тазалыкты каалайт элек. Ата журт, Ата мекен, Кыргызстан деген түшүнүктөргө кир жугузбагыла, өз партияңардын тар кызыкчылыктары үчүн бул түшүнүктөргө кыянаттык жасабагыла деп айтар элек. Болбосо, айрым партиялардын аты миллиондор менен байланышкан чырга аралашканы ал партияларга аброй апкелбей турганы аз келгенсип, ата мекен, ата журт деген ыйык түшүнүктөргө көлөкө түшүрүп, кирдетип салгандай таасир калтырат экен.

Орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт демекчи, партиянын атын адам баласы үчүн ыйык, кол тийгис түшүнүк менен атап алгандан, анын маани-маңызы өзгөрүп кетпейт, урматтуу саясатчылар.  Кара  курсагынын кулуна  айлангандар  ата  мекенине  кызмат  кыла  албайт. Келгиле, жок дегенде адам баласы  үчүн  ыйык,  кол  тийгис түшүнүктөрдү кир кылбай алып жүрөлү.