Инвестициялык каражаттарды депутаттар иликтейт

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Чейрек кылымдык карыздын эсеби

Кыргызстанга  1992-жылдан  баштап,  бүгүнкү  күнгө  чейин  эл  аралык финансы институттарынан жана донор өлкөлөрдөн жалпысынан 9 млрд. 886,3 млн. доллар көлөмүндө кредиттер жана гранттар келген. Анын ичинен 7 млрд. 108,3 млн. доллары же жалпы сумманын 72 пайызын кредиттер түзөт. Ал эми 2 млрд. 777 млн. доллар же 28 пайызын гранттар түзүп, 401 гранттык макулдашууга кол коюлган. Азия өнүктүрүү банкы 17, Бүткүл дүйнөлүк банк 17, Евразия өнүктүрүү банкы 3, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 3 пайыз кредиттерди жана гранттарды берген. Донор мамлекеттерден берилген каражаттардын Кытайга 22, Россияга 11, Түркияга 2, Японияга 5, Швейцарияга 1,5 пайызы таандык.

Бүгүнкү  күндө  мамлекеттик  карыз  4 млрд. 395,2 млн. долларга жетип, ИДПнын 56,4 пайызын түздү. Мындан тышкы карыз 3 млрд. 797, 38 млн. долларга, ички карыз болсо 597, 64 млн. долларга чыкты. Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик бюджеттен тышкы карызды төлөөгө 13 млрд. 81,2 млн. сом каралууда.Тышкы карызды төлөөнүн мөөнөтү 2023-2031-жылдарга чейин созулуп, анын эң оор учуру 2027-жылга туш келет. Ошол жылы төлөй турган карыздын көлөмү 400 млн. долларга жетет экен. Бирок, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда бир топ кемчиликтер орун алып  келе  жатат.  Айталы,  долбоорлорду даярдоонун сапатынын төмөндүгү, ички процедуралык иштердин мөөнөтүнүн узактыгы, техникалык-экономикалык негиздемелердин начар даярдалышы, тендерди өткөрүүнү создуктуруу, ишти аткаруучу агенттиктердин мониторинг жүргүзүүсү чабал экендиги өз кедергисин тийгизүүдө. Жакында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин отурумунда финансы министри Адылбек Касымалиев ушул кемчиликтерди атап берди.

Юстиция министрлигине даттануулар көп

Чет элден каржыланган долбоорлорго кол коюлгандан кийин анын ишке ашырылышы создуктурулган учурлар көп. Депутат Марлен Маматалиевдин айтканына караганда 2017-жылдын май айынан бери Өзгөн, Балыкчы, Майлуу-Суу шаарларында жана Токтогул районунда таза суу программасынын алкагындагы долбоорлордун куру-лушу ушул күнгө чейин башталбай жатыптыр. Юстиция министрлиги долбоорлордун документтерин экспертизадан өткөрүүнү бир айдан ашык кечиктирип жатканы мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук кылууда. Депутат Зиядин Жамалдиновдун билдиргенине караганда, юстиция министрлигинин бюрократиялык жоругунан Өзгөн, Кара-Суу райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында ишке ашырылуучу бир катар долбоорлор үзгүлтүккө учураган. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жаңы дайындалган юстиция министринен инвестициялык долбоорлордун документтерин көпкө кармабай, тез карап берүүгө убадасын алгандыгын ишендирди. Мамлекеттик инвестициялар боюнча начар иштеген беш министрдин орун басарларына сөгүш берилгени да дайын болду. Депутат Бактыбек Раимкулов жол курулушуна кредиттердин 25 пайызы, энергетикага 21, бюджетти колдоого 27, айыл чарба тармагына 6,2 пайызы берилгенин эске салды. Ал эми агартуу тармагына 2, саламаттык сактоого 3,2 пайыз гана каралып калганын айтып, акыркы эки тармакка инвестициялык каражаттар аз бөлүнүп жатканы туура эмес деп эсептейт. “Бишкек шаарынын мектептерин-де бир класста 45-50дөн окуучу окуп жатат.

Жаңы мектептер курулушу керек эле. Элдин саламаттыгы үчүн акча аяганыбыз болбойт. Айыл чарба өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген кредиттер менен колдоого 150 млн. сом кошумча карап коёлу деген сунушумду колдобой койдуңар эле. Эми айрым чоң долбоорлордун акчасынын кайда кеткенинин дайыны табылбай жатат”, – деди эл өкүлү.

Кытай кредиттери кооптуу чекке жетти

Кытайдан  алынган  инвестициялык каражаттар бүгүнкү күндө кооптондуруучу жагдайды түзүп калды. Финансы министри  Адылбек  Касымалиев  мындан ары Кытайдын кредиттерин алууну токтотуу керек тигин билдирген. Анткени, Кытай кредити Кыргызстандын чет элден алган жалпы карыздарынын 44,8 пайызын түзүп калды. Эгерде бир эле каржы булагынан алынган карыз жалпы тышкы карыздын 50 пайызына жетсе, ал өлкөнүн суверендүүлүгүнө шек келтирүүчү көрүнүшкө айланат. Анын үстүнө, башка донор мамлекеттердикине салыш-тырмалуу Кытайдын кредиттеринин шарттары катаал. Кытайдан 2010-жылга чейин 9 млн. долларга чейинки суммада кредиттерди алыптырбыз. Андан кийинки жылдары Кы-тайдан кредиттерди жана гранттарды эселеп көп алганбыз. Бүгүнкү күндө Кытай менен жалпысынан 2 млрд. 100 млн. долларга чейинки кредиттик келишимдер түзүлгөн.

Эми бул акчалардын кайсы жакка жана кандай сарпталып жатканын өткөн кыштагы Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык кырдаал көрсөтүп койду. Алар 11 жыл жеңилдетилген мөөнөт менен негизинен 2 пайыздан 20 жылга чейин берип жатат. Жыйырма жыл көз ачып жумганча келип калат. Депутат Бактыбек Раимкулов:“Мындай келишимдерге кол койгон биздин жетекчилерибиздин мульти-миллионер болуп калуусуна ушул кредиттер шарт түзүп жаткан жокпу? Кытайга карыздардын негизги чоң көлөмүн төлөөнүн учуру келип калды. Учурда Бишкек ЖЭБи боюнча чыр чыгып, чиновниктер камалып, кредиттик каражаттарды колдонуудагы коррупциялык иштердин бети ачылып жатат. Бир аз мезгилден кийин “Датка-Кемин” ЭБЛ, түндүк-түштүк альтернативдик жолу боюнча масе-ле көтөрүлүп, көйгөйлөр чыгып калса сиз кыргыз элинин алдында кечирим сурайсызбы?” – деп, депутат министр Касымалиевге суроолорду берди. А.Касымалиев: “Эгерде бюджеттин киреше бөлүгү ушул темп менен өсө берсе 7-8 жылдан кийин бул кредиттерди төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот.

Бюджеттин тартыштыгына себеп болуп жаткан бул – инфратүзүмдөрдү курууга алынган кредиттер”, – деп ишендирүүгө аракеттенди. Гранттарды жеке менчик секторго бекер берүүгө мыйзам жол бербейт. Бирок, алар бюджеттик ссуда же бюджеттик кредит катары берилип жатат. Министр А.Касымалиев анын канчасы натыйжалуу иштегенин жана канчасы кайра кайтарылганын айтып бере албады. Бирок, бүгүнкү күндө 10 млн. долларга курулган химиялык завод банкрот абалында. 1990-жылдардын аягында берилген кредиттердин ичинен Бишкектеги “Ала-Тоо” мейманканасын реконструкциялоого 6 млн. доллар сарпталган. Учурда бул долбоордун орду-түбү жок. Натыйжа бербеген, продукция чыгарбаган, бюджетти толтурууга багытталбаган мындай долбоорлорго кредит берүүнүн кереги бар беле?

Жумушчу топ түзөбүз, кредиттерди казабыз…

Депутат  Таалайбек  Масабиров: “2016-2017-жылдар  ичинде  кредит, гранттарды максатсыз пайдалангандар боюнча мыйзам бузгандардын канчасы жоопкерчиликке тартылды? – деп сурады. – Энергетика тармагын айталы, “Ош электр” жана “Чыгыш электр” компанияларына акылдуу эсептегичтер 6 млн. долларга сатып алынды. “Түндүк электр” компаниясына бул үчүн 1 млн. 750 миң доллар каралган. Бир акылдуу эсептегичтин баасы 100 доллар турат. Бирок, Бишкек эркин экономикалык аймагында жергиликтүү компания ушундай эле эсептегичтерди чыгарып жатат. Баасы бир аз өйдө болгону менен сапатына кепилдик чоң. Өзүбүздүн товар өндүрүүчүлөрдү колдошубуз керек эмеспи”, – дейт.

Өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдардан берки алынган бардык кредиттер менен гранттардын кайда кеткенин, инвестициялык долбоорлордун жетишкендиктери менен өксүктөрүн эл үчүн ачык чагылдырган китепче чыгарууну депутат М.Мадемилов сунуштады. Мурдагы төрт президенттин тушунда келген тышкы каражаттар кандай пайдаланылганын тарых билиши керек. “Кыргызстан 26 жылдан бери 7 млрд. долларга жакын кредит, 3 млрд. долларга жакын грант алыптыр. Эмдигиче ушул каражаттардын так эсебин ала албай жатканыбыз – эң чоң кемчилигибиз. Сырттан келген кредиттер менен гранттардын эсебин ала турган жана аларды кайра кайтаруу иштерин жүргүзүүчү жалгыз орган – бул финансы министрлиги. Бүгүн биз ушулардын эсебин сурасак, министр А.Касымалиев “Менде эсеби жок” деп, экономика министрлигине шылтап жатат. Мындай башаламандыкты токтотуу керек”, – деген депутат Акылбек Жапаровдун сунушу менен өлкө эгемендүүлүк алган жылдардан берки сырттан келген каражаттардын жагдайын иликтей турган жумушчу топ түзүлүүдө. Депутаттар үч-төрт айдан кийин иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарууну көздөп жатышат.