Никол Пашинян отставкага кетти
Армения премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти. Өкмөт башчынын кызматтан кетиши өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо процедурасын баштоого жол ачты.
Пашинян отставкага кетүү ниети тууралуу 2-октябрда Ереванда өткөн митинг учурунда билдирген. Анда өлкөнүн Улуттук жыйыны депутаттарды таркатуу жолдорун катаалдаткан өзгөртүүлөрдү кабыл алган.
Никол Пашинян Армения өкмөтүн быйыл 8-майдан тарта жетектеп келген. Ал бул кызматты апрелдин ортосунан бери өлкөнүн бардык аймактарында өткөн нааразылык акциялардан кийин ээлеген. Акциялардын жыйынтыгында өлкөнү он жылдан ашык башкарган Серж Саргсян бийликтен кеткен.