Чыңгыз Айдарбеков КР тышкы иштер министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чыңгыз Азаматович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-абзацынын негизинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.