18-октябрга карата аба ырайы

18-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондоруна кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3… 8,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2… 7,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 3…5 градус болот.