Ошондо эле алп атагам

Кыргыз адабиятында жыты эмес изи жок жаш калемгердин мурда жазган «Асма көпүрө», «Түнкү сугат», «Ак жаан» аңгемелерин окуп, негедир кадырлаган ке-зим күчөп калган. Анда райондук гезитте иштеп адабиятка кызыгуум арткан чак. Бул 1959-жыл эле.

Буурул тарткан таңкы салкында бой сергитип, жаңы эле кабинетке киргем. «Кыргызстан  аялдары»  журналынын  басма сырынын жыты кете элек саны үстөлдүн үстүндө жатыптыр. Журналды барактасам Түгөлбай Сыдыкбеков ак жол каалап, жазган ак батасын берген Чыңгыз Айт-матовдун «Обон» повести (кийинки аталышы – «Жамийла») жарык көрүптүр. Окуп баштап, тузакка илинген немедей повесттин  дүйнөсүнө  тартыла  бердим, сүңгүп кеткенимди байкабай калдым. Окуя өзүмдүн киндик каным тамган айылымда өтүп жаткандай ышкым дайрадай ташдай оргуштады.

Бардык ишимди таштап (анда гезитке жаңы макала бермекмин, аны жазууну да унутуп койдум) повестти окуп чыктым. Башка дүйнөдөн өз айылыма   келип,  Данияр менен  Жамийланы  издеп, өзүмдү Сейит деп эсептедим. Тапкан-ташынганын, болгон эгинин арабага жүктөп, пристанга бет алган караан, карала капты көтөрүп, кеменин палубасына кыймылдап солкулдаган тактайдын үстүндө бараткан энемдин элеси Жамийлада көз алдыма тартыла берди. Повесттин көркөм чагылдырууларына аралашып жүргөндөй кабылдым.

Ооба, энем Жумакан жыйырма бир жашында  атамды  согушка  узатып,  эр-азаматтардын ордун баскан. Кош ат чегилген арабаны айдап, таңдан кеч күүгүмгө чейин пристанга эгин ташыйт. «Обондогу» Күркүрө дарыясы береги Чоң-Ак-Суу суу-сундай күркүрөп акканы угулат, албууттанат. Сүрөткер так биздин суунун агымын, анын шарын, доошун сүрөттөп жаткандай. Энемдин жол карап сүйгөн жарын күткөндөй. Айлуу түндө сүттөй аппак жарыкта арабанын калдырап баратканы, кап көтөргөнү, кеменин кампасына шорголо-туп төгүп жатканын кайта-кайта элестей берем.

«Ой, Ала-Тоо, Ала-Тоо-о,

Ата-бабам өскөн жер!» – деп Данияр так ушул биздин талаада, болгондо  да  Чоң-Ак-Суу  суусунун  боюнда ырдап бараткандай, энем сүйгөнүн эңсеп ырдап баратса, Даниярга жооп бергендей сезем. Менин башыман өткөндөр биринин артынан бири чубуруп сүрөттөлүп жаткансыйт.

Ошол жылдын июль айы. Күн чайыт-тай ачык. Ажарын чачып көл бака-шака толкунун жээкке серпет. Көлдүн ак шапак, чыбырчыктаган толкундары кызылкумга жылт-жулт сиңет. Көлүм да буу-луккандай албуутттанып кайдадыр алып учат. Жаштыктын жалыны да, ташкыны ой-кырга урунат. «Обон» повестинин таасири жүрөгүмдү кытыгылап, сүйүү кемесине сүйрөп бараткансыйт. Делөөрүп турганымда курбум колума «Ала-Тоо» журналын карматты. Барактап, көлдүн салкын желинен кере-кере дем алам. Ой-санаам «Обонго» байланган. Журналдын «Сын жана биография» деген рубрикасына көңүлүм түштү. Анда Луи Арагондун макаласы өзүнө тартты. Үзүлүп окудум. Чыңгыз Айтматов-дун «Обонун» Жамийла деп атап, өтө жо-гору баа бериптир. «Ал эми “Жамийла» жөнүндөгү ой-пикиримди айтуудан мурда, бул аңгемени мен Махабат тууралуу Дүйнөдөгү эң сонун баян деп эсептээримди эскерте кетүүгө тийишмин» деп жазганын нечен ирет кайталап окудум. Француз жазуучусу биздин жөнөкөй, карапайым кыргыз элинин жаңыдан адабият майданында кадам шилтеген уланга ак батасын ыроолоп, дүйнө элдерине таанытып, Жамийла кайсы улуттун кызы, жашы, кайдан чыкканын, дүйнөнүн кай-сыл бурчунда орун алганын, сүйүүнүн кереметин кандай бааларын баяндап берет. Өзүнүн иши көп экендигине карабай, Луи Арагон бул повестти берилип которуп чыгат француз тилине жана «Франс нувель» газетасына

жарыялайт, толук бир санына. Макаласын мындайча «О, Кудай сага ишенбесем да, так ушул августтун түнү үчүн өзүңө рахмат айтам, ал эми бул түнгө мен  өзүмдүн  сүйүүгө ишенүү күчүмдүн бардыгына  ишенем»  деп бүтүрөт.

Чыңгыз Айтматов «Жамийланы»  отуз жашка  толо  электе  жарык  дүйнөгө алып  келген.  Муну Луи Арагон да толкундана  «Ал  эми Күркүрөө суусунун боюнда Кытай менен  Тажикистандын  аралыгында отузга  толо  элек жаш улан, курбуларындай эле биржигит бар экен. Ал биздин көңүлүбүздү өзүнө буруп үн катпай угуп, отуруудан башка ниети туудурбай, сүйлөп турат… сенин үнүң бизде да угулуп, эркек-аял өз ордун таап, бала жарыкты боолголоп көрө баштаган кереметтүү түндө өкүм сүрүп жатат… Сүйүүнүн күч-кубаты менен эки жүздүүлүккө, анткорлукка сокку урат».

Ушундай динамикалуу бүтүм. Ооба, Чыңгыз аркылуу кыргыз үнү Батышка, бүт  дүйнөгө  угулду.  Кыргыз  кандай  эл экенин тааныды. Кыргыз – улуу, байыркы  эл  экенин  тастыктады.  Үнүбүз  да, ырыбыз да, обонубуз да алардын сахналарында гана эмес, ички дүйнөсүндө да жаңырды, түпкүрүнөн орун алды. Кубулжуду, таңшыды күүлөрүбүз, түнөк тапты рухунан. Ушундай асыл кереметтен улам Чыңгыз алп таланттуу залкар деп мурда эле атагам. Алп, залкар жазуучубуздун жер шарына угулган обону, бабабыз Манастын добулбасындай шаңдуу, бийик, түбөлүккө жаңырып турат.

Чаалыкпаган  тулпар  арышын  кере таштап, адабият майданында жер жүзүн дүңгүрөтүп  келет.  Кут  калеминен  «Биринчи мугалим», «Делбирим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым Гүлсарат», «Кылым карытар бир күн» жана башка повесть, романдар окурмандардын колуна тийип, ыйык жана асыл байлыктары болуп калды.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизги өзөгүн адам түзөт. Кайсыл чыгармасын албайлы каармандардын чордону – адамдардын кулк-мүнөздөрү, көз караштары, ой-толгоолору, кылык-жоруктары, дүйнө таануу, жаратылышка мамилеси, сүйүүсү жандуу чагылдырылып, алардын тагдырлары аркылуу философиялык касиети терең акыл, терең адамгерчилик, терең сүйүү, терең урматтоо камтылган. Жаратылышты, кубулуштарды, жер байлыктарын таза тутуп, сарамжал мамиле жасай билүү… ушулардын баардыгы адамдардын жашоосунун соолбос булагы экенин туюнтат. «Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт», дейт да ынтымактан, тынчтыктан өткөн бакыт жок деп ынанымдуу кеп кылат.

…Ой түрмөктөрү. Бассам-турсам Чыкемдин ар бир чыгармасы мээме кыттай уюган, жашоонун компасы жүрөгүмө нур чачат. Азыр да ойлонуп жатам. «Көзүм жумулуу, бирок таттуу ойлор бийлеп, бирде «Биринчи мугалим» болуп мектеп куруп, балдарды окутам. Бирде «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөттүн» баласына суу ташып барам. Кыялымда чабыттап жер шарын аралайм. Айтор, Чыкемдин касиеттүү дүйнөсүнө сүңгүп кире албай терезесин каккылай берем… Бир убакта «Ысык-Көл форумуна» туш келдим. Тынчтык, прогресс жаңыча ойлонууга тирек таптым. Италиянын көрүнүктүү окумуштуусу А.Кингдин «Ал өтө батымдуу, өз алдынчалыгы көп, абдан таланттуу адам экен. Жупунулугу, адамга  жакындыгы,  жардамга  дилгирлиги баарыбыздын көңүлүбүздү жылытты. «Ысык-Көл форумунун» ийгиликтүү өтүшүнө өбөлгө түздү» деп айтканы али жадымдан чыкпайт. Эмне деген бийик баа!

Бир акылмандын айтканы эске түшөт. «Улуу элден, улуу адам жаралат» деген нускасы калетсиз белем. Кыргыз эли байыркы эл жана түптүү, уюткулуу жана да эң улуу эл. Ооба, ушундай улуу элден Манас бабабыз жаралганы жалганбы?! Эми мына, өзү айткандай кылымдан кылымды карытар, тирүү жандарды түбөлүккө ички рухун бай-ытаар улуу адамыбыз Чыңгыз Айтматов.

Оо, бири кем дүйнө…адам армансыз болбойт тура. Чыңгыздын телегейи тегиз десем өзүнүн сексен жылдыгын көрбөй калды. Өкүндүк, ыйладык, жоктодук, бирок орду жок, толбоду. Биз гана эмес, бүт дүйнө, жер шары жоктоду. Таппады… Эми Чыкемдин калтырган мурастарын, осуяттарын ыйык тутабыз. Мына андан бери он жыл мезгил элегин элеп өттү. Жакшы, жаманы өттү. Бирок, Чыкемдин адамзатка болгон көз карашы так өзүндөй ынтымактын, тынчтыктын желегин желбиреткен асыл ой-пикирлери тарыхты көөнөртпөй желбиреп турат. Бул кыргыздын нукура Ала-Тоосундай заңкайган урагыс пейили көгөрүп, көктөп турат. Көктөй бермекчи.

Кыргыз турганда Чыңгыз арабызда, бирге жашай берет. Анын ыйык мурастары жашоонун соолбос булагы, анын алтын тамчылары, акыл берметтери, бүт жер шарын каптап, адамгерчилик сапатка чакырып турат.

Мен алгачкы чыгармаларын окуганда берген жаш жүрөктөн оргуп чыккан асыл ой-максаттарымдын өтөөсүнө чыканына чексиз кубанам. Ошондогу «Таланттын алпы» болот Чыңгыз – деп атаганым ката кеткен жок», ошого Теңириме миң мертебе ыраазымын.

Ишенбек ЖУНУШЕВ, КР маданиятынын мыкты кызматкери, Чолпон-Ата шары