Бишкекте куурчак театрларынын «Так теке» эл аралык фестивалы башталды

Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарындагы Муса Жангазиева атындагы куурчак театрында “Так теке” экинчи эл аралык куурчак театр фестивалы башталды. Фестиваль 4 күнгө созулат. Бул тууралу Маданят, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык фестивалга Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын куурчак театрлары катышат. Фестиваль алкагында көрсөтүлө турган оюндарга каалоочулар эркин кирип көрөт алышат.

“Так теке” экинчи эл аралык куурчак театр фестивалы 29-майда жабылат.