Веложолго табылган каражат троллейбус зымын тартканга табылбайбы?

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы 2018-жылдын 14-сентябрдагы “Кыргыз Туусу” гезитинин №70-санына жарыяланган “Бишкек коомдук транспортко жарыбай койду” аттуу макаланы карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.

Бишкек  шаарына  жаңы  троллей-бустардын  алып  келиниши  менен шаар ичиндеги жүргүнчүлөрдү тейлөө максатында  буга  чейин  катталып  жүргөн  №2 жана  №6  троллейбустук  каттамдар  кайра жандандырылган. Ал эми макалада сунуш кылынгандай, №6 троллейбустук  каттамды  Чоң-Арык-Орто-Сайга чейин жана №2 троллейбустук каттамды “Азамат” автоунаа базарына чейин узартуу мүмкүн эместигин билдирет. Анткени, байланыш тарамдарын узартуу үчүн көптөгөн акча каражаттары талап кылынат.

Ошондой  эле,  №5  троллейбустук  каттамдын  “Жал-Цирк”  кыймыл  чиймеси  менен  жүргүзүлүшү  жолдордо  оңдоо иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, жолдордо оңдоо иштери аяктагандан  кийин  кайра  өзүнүн  “Туңгуч-Жал” кыймыл  чиймеси  менен  жүргүзүлөрүн билдирет.

Маалымат катары айта кетсек, жаңы муниципалдык коомдук транспорттор алынып калса,  тургундардын  бардык  кайрылууларын жана сунуштарын объективдүү талдап көрөт жана каттамдарды бөлүштүрүү боюнча ачык сынакка схемаларды даярдоодо эске алынмакчы.

Начальник Х.АЛЫМБЕКОВ


Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы “Бишкек коомдук транспортко жарыбай койду” аттуу макала боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Ооба, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуу процессинде 80% кичи автобустук каттамдар, 12% автобустук каттамдар, ал эми 10% троллейбустук каттамдар түзөт. Азыркы убакытта Бишкек шаарында транспорт маселеси актуалдуу болуп, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Бишкек шаарына жаңы автобустарды жана троллейбустарды алып келүү пландаштырылып жатат.

Директор Б.ТЕМИКЕЕВ


РЕДАКЦИЯДАН:“Кыргыз Туусу” гезитинин 14.09.2018. №70(24267) санында “Мэрияга кулак кагыш” рубрикасы астында “Бишкек коомдук транспортко жарыбай койду, жаңы мэр жаңыча мамиле кыла алабы?” аттуу макала жарыялаган элек. Жогоруда Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жана “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын жоопторун жарыялоо менен катар, бул жоопторго ичибиз чыкпаганынан улам, бир аз комментарий берип коюуну туура көрдүк. Себеби, биз бул мамлекеттик эки мекеменин береги жоопторунан шаардыктардын транспорт маселесин чечсек, элге кызмат кылсак, шаардыктарда коомдук транспорт деген баш оорусу болбосо деген ниетти көрө алган жокпуз. Коомдук транспорт үчүн жооптуу муниципалдык мекемелер редакцияга эптеп жооп беримиш этип, “иттен чыгарып коелу” деп чечиптир.

Эмесе мындай. Эгер, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жана “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын жетекчилеринин жообу – мэриянын коомдук транспорт боюнча саясаты болсо, анда иш чатак. Анткени, бул жооптордон Бишкек мэриясынын шаардыктарды коомдук транспорт менен камсыз кылуу боюнча саясатын да, позициясын да көрө алган жокпуз. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы “…№6 троллейбустук каттамды Чоң-Арык-Орто-Сайга чейин жана №2 троллейбустук каттамды “Азамат” автоунаа базарына чейин узартуу мүмкүн эместигин билдирип”, “анткени, байланыш тарамдарын узартуу үчүн көптөгөн акча каражаттары талап кылынат” – деп, каражатка шылтап, шаардыктарды коомдук транспорт менен тейлөөнү жакшыртуу мүмкүн эместигин дароо моюнга алган. Жок дегенде, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасына окшоп: “Ооба, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуу процессинде 80% кичи автобустук каттамдар, 12% автобустук каттамдар, ал эми 10% троллейбустук каттамдар түзөт. Азыркы убакытта Бишкек шаарында транспорт маселеси актуалдуу болуп, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Бишкек шаарына жаңы автобустарды жана троллейбустар-ды алып келүү пландаштырылып жатат”, – деп, автобустарды жана троллейбустарды алып келүү пландаштырылып жатканын айтып, тил эмизип койгонго да жараган эмес. Демек, бул жооптон аталган баш-кармалык Бишкектеги коомдук транспорт көйгөйүн чечүүнү каалабайт деп түшүнсөк жана жакын арада үмүттөнбөй да койсок болот.

Чындыгында, шаардыктардын коомдук транспорт маселеси Бишкекке 100-200 автобус жана троллейбус алып келүү жана ал коомдук транспортту мурдагы эски каттамдар аркылуу каттаттырып коюу менен чечилип калбайт. Себеби, акыркы 27 жыл аралыгында  Бишкек шаары аябагандай өстү. Андыктан, шаардыктарды коомдук транспорт менен тейлөө маселесин шаардын жака белиндеги конуштарда жашаган калк менен биргеликте чечүү керек. Биз бул тууралуу мурдагы макалада да айтканбыз, азыр да кайталайбыз. Шаар аябай  өстү,  кеңейди, а акыркы 30-40 жылда  троллейбустук  линиялар бир да метрге узарган жок, мурдагы автобус каттамдары да дээрлик жоголду. Айталы, №4 троллейбус Эт комбинаты-Булгаары завод багытында жүргөнүнө 30-40 жыл болду.

Шаардык транспорт башкармалыгынын башына  бул  каттамды узартуу  жана  узартуу аркылуу шаар жолундагы жүктү азайтуу маселеси келе элек. Маселен, буга чейин эле ушул №4 троллейбустун каттамынын бир учун Совет-Ахунбаев-Тыналиев-Түштүк магистрал-Чортеков көчөлөрү аркылуу №4 ооруканага чейин созуп койсо болмок. Тилекке каршы, мэрияда отурган, эң

башкысы жеңил машиналарда кайкалактап жүргөн мамчиновниктердин башына карапайым шаардыктардын күнүмдүк көйгөйү кирип-чыкпайт экен, бул абдан өкүнүчтүү.

Троллейбустук каттамдардын ушул күндөгү кыймыл чиймесин карайлычы, троллейбустар жеке менчик маршруттук каттамдар кыйма-чийме жүргөн каттамдарда каттагандыктан, аларга жүргүнчүлөр аз түшөт же түшпөйт. А түшпөгөн соң, план толмок беле, шаар жолдорундагы жүк азаймак беле?

Биз  Бишкек  шаарынын  мэри  А.Суракматовго, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгына дагы да кайрылабыз. Бишкектеги коомдук транспорт маселеси бул Бишкек ЖЭБиндей эле орчундуу маселе. Бүгүн эрте, эртең кеч кылбай, бул маселени чечүү керек. Каражатка шылтап кереги жок. Веложолго табылган каражат троллейбус зымын тартканга табылбайбы?!!