Хабиб Нурмагомедов Флойд Мейвезерди беттешке чакырды

Флойд Мейвезер

7-октябрда ирландиялык Конор Макгрегорду жеңип, өзүнүн UFCнин (абсолюттук мушташ чемпионаты) жеңил салмактагы чемпиондук титулун сактап калган дагестандык (Россия) Хабиб Нурмагомедов бир нече күндөн кийин инстаграм аркылуу америкалык мушкер, орто салмактагы дүйнөлүк чемпион, 50 мелдеште бир ирет жеңилип көрбөгөн Флойд Мейвезерди беттешке чакырган болчу.

Мейвезер макул  болду. Бирок, алар кандай эреже менен, кайсы шаарда күч сынашат, азырынча белгисиз. Мейвезер Лас-Вегас шаарын сунуштаган эле. Ал жердегилер мага гонорар төлөбөйт деп, мындан Хабиб Нурмагомедов баш тартты. Баса, мушкерлер үчүн рингдин төрт бурчтуу же сегиз бурчтуу (октагон) болгону да чоң мааниге ээ экен. Хабибге октагон Флойдга төрт бурчтуусу ыңгайлуу экен.

Жеңүүчүнүн гонорары 200 миллион доллар деп күтүлүүдө. Ал эми Хабиб Нурмагомедов 7-октябрдагы мелдештеги 2 миллион долларын али алган жок.