Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Талап кылуудан мурда, милдетти аткар!

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Жакында Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынын (чынында маршруттардын ээлеринин деп билгиле) тарифти көтөрүү боюнча мэрге талап койгону белгилүү болду.

Тилекке  жараша,  азыркы  мэр  аларга терс жооп бериптир. Андан тышкары, шаар башчысы алгач айдоочулар менен маршрут ээлери кичи автобустардын техникалык жана санитардык абалын жакшыртуусу, жүр гүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз доосу, жолдо жүрүү эрежелерин сактоосу жана жүр-гүн чү лөрдү маданияттуу тейлөөсү керектигин эске салыптыр. Абдан туура кылыптыр. Эске салсак, жол акысын көтөрүү маселеси мурда да дайыма коюлуп келген. Акыркы жолу мурдагы мэр Албек Ибраимов президенттик шайлоо алдында айта коюп, кайра сөзүн артка алууга аргасыз болгон.

Азыр борбордо жүргүнчүлөрдү ташып жаткан 118 маршрутту 43 фирма тейлейт. Алардын көпчүлүгүнүн артында парламентарийлерден баштап жогорку кызматтагылар турары да эл арасында айтылып келет.

Ошондуктан шаар бийлиги учурда күнүнө каттамга чыгып жаткан эки жарым миңдей бустардын ордуна троллейбустар менен чоң автобус тарды сатып алуу менен дароо үч көйгөйдү чечмек. Биринчиден, транспорт тыгыны азаймак, экинчиден, экология жакшырмак, үчүнчүдөн, жол кырсыктары азаймак (эреже бузгандардын арасында маршруттук таксилердин айдоочулары алдыда экени да маалым). А бошогон маршруттук таксилерди шаар четиндеги жаңы конуштардан эл ташуу үчүн пайдаланганга болмок.

Ырас, анда бир гана “көйгөй” пайда болмок — фирмалардын ээлеринин “капчыгы жукармак”.