УКМК: Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланган. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын июнунда ал Кыргызстандан чыгып кеткен, азыркы күнгө чейин анын кайда жүргөндүгү белгисиз.  УКМК тарабынан керектүү болгон ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бирок мурдагы кеңешчиге кайсы берене боюнча кылмыш иши козголгондугу айтыла элек.

Күн мурун Бишкектин Биринчи май райондук соту Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасын карап, УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.

Икрамжан Илмиянов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, андан кийин президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген.