«Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк»

Тазагүл Закирова эже адабиятка аралашууга куштар болуп жүргөн 60-жылдарда кыргыз совет адабиятынын масштабы жалпы союздук, дүйнөлүк деңгээлге чыга баштаган, улуттук көркөм сөздүн талабы бийиктеп, чыгармачылык атаандаштык күчөгөн чак. Алдыда үлгү болорлук, бийик эстетикалык чен өлчөмдөргө жооп бере алчу көркөм үлгүлөр жаралып, кыргыз поэзиясында Алыкул Осмоновдун адабий мурасын жаңыча аңдоо, Сүйүнбай Эралиев баш болгон “алтымышынчылардын” өзүнчө бир толкуну чыгып калган. Мунун баары, албетте, жаңыдан адабиятка баш багып, чыгармачылыкка жан-оту менен берилип алган жаштарга жакшы таасирин тийгизбей коймок эмес.

Бул жагынан Тазагүл Закированын муунуна бир топ оңой, ошол эле учурда жоопттуу милдет тагылган. Бул жаңы муун 60-жылдарда өзгөчө байкалган мазмундук, формалык жаңыланууну, улут көркөм сөзүнө батыш адабиятынан ооштурулган көркөм эксперименттерди ары улап, поэтикалык сөздүктү дагы кеңейтип, байытышы керек эле. Айтса, мунун баары бир жагынан идеологиялык чектелүүдөн чыгып, мазмун форма жагынан байып, жапырт изденүү аракетине киришкен акындарга чоң милдет жүктөсө, экинчи тарабында мурдагыдай катуу болбосо да партиянын көркөм адабиятка илип койгон идеологиялык милдеттери бар болчу — “адам жанынын инженерлери” Ленин, партия, коммунисттин образы, социализм артыкчылыгы, интернационализм сындуу чылгый идеологиялык калыпка салынган теманы ырга салып турушу керек эле. Булардын артында жазылгандардын текши баарын калтырбай карап турчу цензура, кылычын кайрап идеялык айыпты жамай салчу адабий сын турчу.

Мына учуру келген экен, түбөлүк турчу делген саясый система “күп” этип урап түштү да, анын ордун базар-нарк мамилелери ээлеп, калемгерлердин түйшүгү көбөйдү, баштагыдай мамлекет эсебинен бапыратып китеп чыгаруу жок, жазгандарын окурмандарга сатып өткөрүү автордун өзүнө түштү. Өңгөсүнөн да жаңы  заман  келгени  катары  калың окурман  журтунун  азайып  кетишин айтпайсызбы. А бирок, ушу кыйын кезеңде деле Тазагүл Закирова каламын таштабай, чыгармачылык ишин улантып келатат. Буга чейин акындын жыйырмадан ашуун поэтикалык жыйнактары чыгып, алардын бир тобу чет тилдерге которулуп, кыргыз поэзиясынын таанымал өкүлдөрүнүн бири болуп калды. Поэзия анын жашоо-турмушу, дүйнө таанымы, анан да сыр жашырбас жаншериги болуп калганы үчүн болгон дүйнөсүн окурман алдына жайып отурбайбы.

Тазагүл эженин айылы Жалал-Абад шаарынын чыгыш ныптасында, Серүүн тоосунун Көгарт түзүнө жайыла берген жерде, жапыс боорду этектей жайгашкан. Мына ушундай керемет жерде төрөлүп, секелек кезинен ыр-күүгө, көркөм сөзгө жакын өсүп калган жайы бар. Айланасы бийик тоолор менен курчалган Көгарт талаасы жатат. Бала кездеги жайлоого көчүү, кызыл-тазыл гүлгө оронгон тоо, мөңгү кеткен жерге буралып чыккан кымыздык, шаркырап аккан сай боюндагы бадалдарга аралаш чыккан батыркандар — мунун баары сезимтал кыздын тереңде катылып жаткан шык-жөндөмүн козгоп, кыял сезимин кытыгылаган ой туюмдарын  кагаз  бетине  чүргөшүнө алып келген. Тоо ал кезде керемет болчу, кайберендер көп, тушардан келген чөптөр буруксуп, ачык асман алдындагы керемет жашоо өз нугунда өтө берчүдөй сезилчү.

Кыздын уялчаак дүйнөсүнүн көркөм формага көчүшү акыйкатта да өзгөчө маанилүү, поэзиянын керемет сырларынын  бири.  Сезимтал  кыздын  жан дүйнөсүн ээлеп алган ой-туюмдар, балалык, эне, жайлоо, комуз – баары кийин анын учкул поэзиясынын түгөнбөс темасына айланып, жарым кылымга жакын күүгө салынып келатат. А бирок ошол секелек кезиндеги сезимин ичир-кенткен оор сезим ушу азырга чейин эсинен чыкпай жүрөт. Кыштын узун түндөрүндө, жайдын салкын кечтеринде өткөндү келиштире сүрөттөп, күндөлүк турмуштун көнүмүшүнөн таап, бирок аны асемдеп, уккан адамды кызыктырчу улуу кепти баштачу апасынан эрте айрылып, эстеген сайын эзилткен бул кайгы эне-бала темасына арналган чыгармаларынын дээрлик баарында кайталанчу мотивге айланып калды. “Седеп” деген ырында бул сезим кыйла ачык берилген:

Апакем седеп түймө кадап берди кемселиме,
Кубанчым батпай үйгө, кызыл жүрдү беттериме.
Өзүмчө чуркап жүрдүм, сүйүнчүм канат болуп,
Кармалап колум менен, күзгүдөн карап коюп.

Сүйүнүч чексиз-чексиз, мезгилдер өттү санак
Кызымды эркелетем, саамайын сылагылап,
А апамдын үйдөгү орду бош.

Тазагүл эженин айтуусунда, атасы мугалим, комузга шыктуу киши болгон экен. Классикалык күүлөрдү черткен, өзү да күү чыгарган. Ал эми кызына жакын апасы сөзмөр, элдик уламыш, аңыз кептерди мыкты билген, уккандарын куюлуштура айтып берген өзүнчо эле бир кенч болгон. Бирин экинчиси толуктап, үйүнөн киши үзүлбөгөн жайыл дасторкон, өнөрпоздорду өзгөчө кадырлаган адамдардан кантип анан чоң акын чыкпасын?!

Ата-эненин көркөм сөзгө жакындыгы, кыштын узун түндөрүндө үйгө чогулган  аксакалдарга  “Манас”  баш болгон баатырдык дастандарды окуп берүү кийин анын акындык дүйнөсүнө түгөнбөс көркөм кенч болуп кирген. Айылдагылар өзгөчө сый-урмат, бийик туткан дагы бир улуу дастан “Курманбекти” түн-күндөп угуштан айылдын аксакалдары түк тажашчу эмес. Кийин Курманбек  баатырдын  күмбөзүн жаңыртып, баатырга байланышкан эстелик жерлерди көпчүлүк эл келип көрүп кете турган жайга айландырууда Тазагүл Закирова  колунан  келген  аракетин жасады.

Анан да Тазагүл эже коммунисттик доордо коомдук иштерге келгенде аябай активдүү болчу, жыйналышы болсо жыйналышында, кат десе каты, болбосо убакты-саатына карабай чуркап көздөгөн ишин аягына чыгармайын тынчу эмес. Коммунист төбөлдөр ал кезде эжени угушчу, элдин эс сактамында калган баатырдын атын чыгарууну баары колдоп турушчу.

Айыл  аксакалдарынын  кызыгуусун арттырган дагы бир керемет булак – кыргыз баатырдык эпосуна жакын Шота Руставелинин айтылуу “Жолборс терисин жамынган баатырынын” Алыкул Осмонов которгон китеби, кыргыз жазуучу-акындардын белгилүү чыгармалары болчу. Алардын колго тийгенин Закир ата кызына окутуп угушуп, карыялар кыштын узун түнүнүн кыйласын өткөрүшчү.

Тазагүл эже балалыгын эскергенде үйүнө көп келишчү ошол карылардын “жомогун” айтууну жакшы көрөт. Азыркыдай маалымат технологиясы айры бут пенде баласын байлап-тушап албаган, оозеки кептин баркы бийик замандын акырындап жок боло баштаган кезинде жашап калышы, өткөн заман жалаң кызыктуу сөздө сакталып, сөз дүйнөсүнүн кереметин сезип чоңоюу, кийин ойлоп көрсө, капарсыз балалыгы аябай эле кызыктуу өткөн экен. Балалыктан калган элестер, жан дүйнөнүн “седеп” мончогу кийин ырга айланып, айыл, тоо Тазагүл Закированын бүтпөс темасы болуп калды.

Жашоодо мен таянган,
күч-кубат берип турган,
Киндик кан тамган жерим касиеттүү.
Каркайган бийик тоолор,
Түп-тегим жердеп келген.
Арчалуу коюнуна атыр жыт
гүл каптаган
жылгаларын,
булагы жай жатпаган,
тили ширин.
Оо менин Мекеним бар, Атажуртум,
Ошого таянамын!

Тазагүл  Закированын  поэзиясы жөнөкөй,  сырдуу,  жан  дүйнөсүн  жашырбай ачыкка чыгарып койгон кызык дүйнө. “Заман өзгөргөн сайын түшүнүк, көз караштар башкача боло берет экен. Мына эми Интернетти аңдып, «эмне болду экен» деп, ушул заманга жетип келип калдык. Үй-бүлөдөгү шарт, “уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың” болуп поэзияга келип калдым окшойт”, – дейт акын сыйкырдуу дүйнөгө келген учурун эстеп.

Ырдан көрөм ууз сезим шооласын,
Тунгуч перзент ак маманы эмгендей
Арып-чарчап улам айтып тообасын,
Чөлдөн тоолук тоосун эңсеп келгендей.

Ырдан көрөм булут челген бийикти,
Жапыстыкты тереңдикке чумкуган.
Махабатты, маанайы пас күйүттү
Санаа торойт, шайырлыкка умтулам.

Ырдан көрөм жылуу, назик сезимди,
Сүйүү отун куйкалачу аптабы.
Ырдап айтам сага арнаган сөзүмдү,
Түндө түрө ырлар жазып жапжаңы!

Тазагүл Закированын поэзиясына мүнөздүү бир өзгөчөлүктү белгилей кетиш зарыл. Акындын мындан жарым кылым мурда жазылган ырыбы же кийинки жазылгандарыбы – баарында анын сыр жашырбас ачыктыгы баамга урунат. Анан да ар бир сабынан кимдиги, жан дүйнөсү, пенделик турум-турпаты көрүнуп турат. Дегеле ал өзү сезген, жан дүйнөсүнөн бекем орун алган сезим-туюмдарын гана кагазга түшүрүп, эчен ирет электен өткөн ички сырын окурманга сунат.

Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.

Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп, жалаң чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,
Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.

Илгери заманда граждандык лирика аталчу мына бул ыр эмне себептен кантип жаралып калганын айтпай эле коёлу. Сезимтал окурман ансыз деле акын эмнеге күйүп, эмнеге капа болуп атканын менсиз деле билет. Ал эми толугу менен келтирчү мына бул ырды акындын жана кеп башында белгилеген сыр жашырбас ачыктыгы деп койсок болот.

Армандар жеткирет дейт тилегине,
Ал менин тамга баска жүрөгүмө.
Ай чырай, үлпүлдөгөн жигит сүйсө
Азоодой тээп, тиштеп из салыпмын,
Бөлтөйгөн балдан ширин илебине.

Чайкабай колуңду да тийгизе албас,
Келмесиз оюңду да билгизе албас,
Наристе бир жутумдук акак сымал,
Апакай сезимине шек келтирип,
Жигиттин сындырганым, шагын ырас!

Ар дайым алыстагы үмүттү ойлоп,
Өзүмдү сактай берип белгисизге,
Алдымда даяр бакка кесир кылып,
Көп тыйып написимди, улутунуп,
Ооз тийбей жашап келдим ушул күнгө.

Өкүттө өттү күндөр айыбы жок,
Мен күткөн мырза уулдун дайыны жок.
Дагы эле көздөн учкан көк жээкти ойлойм,
Көңүлдө баягы кеч, балдай эрин
Эңсетип убалы анын өйдө жүрөт.

Эже акындык тагдыр күтүп, бир келген өмүрдү чыныгы акын катары жашап келатат. Анын жашоо-турмушун, сезим дүйнөсүн билгиси келгендер поэзиясына кайрылганы оң. Андан Тазагүл Закирова деген эч кимге окшобогон бирөөлөрдү туурабаган, акты – ак, караны – кара деп тартынбай айта ала турган чечкиндүү, ошол эле кезде тартынчаак, уяң кыздын өзгөчөлүү дүйнөсүн көрө алабыз.

Бекташ ШАМШИЕВ