Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин КАРАТАЕВ: «Электрондук саламаттык сактоо медицинасы ишке ашырыла баштады»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу


Урматтуу окурман, мурда жарыялангандай “Түз байланышка” Саламаттык сактоо министри К.Чолпонбаев жүйөөлүү себептер менен келе албай калгандыктан, министрдин орун басары Мадамин Каратаев келип, окурмандардын суроолоруна жооп берди.

Токтомат ИТИБАЕВ, Аксы району

– Кыргызстанда жүрөккө операция жасачу аппараттын тартыштыгынан адамдар каза болушууда. Ушул маселени көтөрүп, май айында Саламаттык сактоо министри Чолпонбаевдин кабыл алуусунда болгом. Аракет кылабыз деген. Бирок, азырынча жооп ала элекмин.

– Аппарат жетишсиз экени чын. Операция бөлмөсүнүн температурасын такай бир деӊгээлде кармап туруучу жабдуу да тартыш. Өзүӊүздөр жакшы билгендей, өлкө боюнча жыл сайын жүрөк оо-рудан 18 миӊге жакын адам каза болуп жатат. Ошондуктан органды трансплантациялоо боюнча квотадан пайдалануучу жарандарга гана бюджеттин эсебинен акысыз операция жасашыбыз керек. Бүгүнкү күндө операция жасаткандар көп акча төлөп, керектүү каражаттарды өздөрү сатып алып жаткандыгы жашыруун эмес. Биз ушул нерсени легалдаштырууга барсак деп жатабыз. Мисалы, гемодиализдин көйгөйүн чечүүдөбүз. Учурда министрликтин сайтында бөйрөк жетишсиздиги боюнча оорулууларды электрондук кезекке тургуздук. Ар бир гемодиализ алуучу адамга код берилет. Өзүнүн кодунан кимдин аркасында экенин өзү көзөмөлдөп, кезегин билип турат. Кезеги жеткенде бюджеттин эсе-бинен акысыз операция болот. Эгерде ал кезекти күткүсү келбесе ооруканага белгилүү сумманы төлөйт, ага бюджеттен да кошумча каражат каралат. Мына ошол элден  түшкөн  каражаттан  операцияга керектүү аппаратты жана климатты көзөмөлдөөчү жабдууларды сатып алалы деп жатабыз. Жүрөккө операция жасоочу мамлекеттик ооруканалар Бишкек менен Жалал-Абадда гана бар. Андан тышкары, Бишкек менен Ошто жеке менчик кардиологиялык борборлор иштеп жатат.

Курбаналы УМАРОВ, Араван району

– Ушул жылдын июль айында Араван районунун Төлөйкөн айы-лынан эки адам Бишкектен жүрөгүнө операция жасатып келишип, 5-10 күндөн кийин каза болуп калышты.  Ал  жактагы  врачтар булардын акчасын да, өмүрүн да алышты деп эсептейм.

– Мен каза болгондордун жакындарына көӊүл айтам. Ал окуяларды билбеген соӊ бир беткей тыянак чыгарышым кыйын. Бирок, сиздин сурооӊузду жазып алдым, өзүм көзөмөлгө алам. Жалпы эле мекендештериме кайрылаарым, операция жасоого караганда оорунун алдын алсак тез сакайат, акчасы да коробойт. Тилекке каршы, жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү дарт өтүшүп кеткенде кайрылып жатышат. Андай учурда дарыгер оорулуунун туугандарына: “Оору өтүшүп кетиптир. Иликтөөнүн жыйынтыктары жакшы эмес. Тобокелчиликке барып жатабыз”, – деп, ачык айтып түшүндүрүшү керек. Биз ушул жаатында кошумча акча төлөөнү киргизүүнү туура көрдүк. Биринчиден, адамдын өз ден соолугуна карата жоопкерчилигин күчөтүү. Экинчиден, төлөнүп жаткан акчаларды  легалдаштыруу.  Кыргызстанда жүрөк кан тамыр ооруларынан мерт кеткендер жалпы каза болгондордун 50 пайызын түзүүдө. Жүрөк дартынын төмөндөгүдөй негизги себептери бар; өтө майлуу тамак, аз кыймылдоо, тамеки чегүү, арак ичүү жана стресс. Булар медицинага көз каранды эмес фак-торлор. Андан тышкары, тубаса жүрөк оорусу бар. Бала түйүлдүктө жатканда эненин стресске, жугуштуу ооруга чалдыгышынын таасири болушу мүмкүн. Андан  тышкары,  медициналык  кароодон да өтүп турууну унутпашыбыз керек.

Мехри ЖУНУСОВА, Ат-Башы району

– Ветеринардык жана фитосанитардык  коопсуздук  боюнча   инспекциясы  2017-жылга салыштырмалуу  быйыл  бруцеллёз  оорусу  көп  катталып жатканын айтып жатат. Буга каршы алдын ала чара көрүүгө болобу?

– Санитардык талаптарды, тазалыкты сактоо керек.Бишкектин түндүк тарабындагы мал базарда малды антиса-нитардык жайда союшууда. Ал жердеги арыктагы сууга ичеги-карындарды ыргытып жууп жатышат. Арыктагы суу менен малдын ичегисинен чыккандын баары ылдый көздөй агууда. Бул жагдайды аталган инспекция да, биздин министрликке караштуу Санэпидемиологиялык оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө департаменти да иш алыпбарууда. Бирок, көйгөйдү жоюу кыйын болууда. Тилекке жараша, Бишкектин бир катар жерлеринде мал союу мадания-тын, тазалыкты сактоону өздөштүрүп жаткандар да бар. Мал союу жаатындагы тейлөө жакшырууда. Биз ветери-нардык  көзөмөлдү,  лицензия  менен ишмердүүлүк жүргүзүүнү күчөтүшүбүз керек. Малды ветврачтардын көзөмөлүнө алып, өз убагында эмдөө зарыл. Бруцеллёздон коргонуунун эрежелерин билүү зарыл.

Рамис ОРУЗБАЕВ, Кара-Суу району

–  Мен  жакында  Бишкектеги уулумдукуна барып келдим. Базарларда пирожки, самсы, тандыр нанды көчөлөрдүн кесили-шинде ачык сатып жатышат. Тачкелерге салып тамак-аш саткандарды көрдүм. Буларды көзөмөлдөөчү санэпидстанция органы кайда карап жүрөт? Ичеги карын ооруларынын алдын алуу деген болобу?

–  Чакан  жана  орто  бизнести өнүктүрүү максатында Өкмөттүн токтому бар. Ал токтом боюнча соодагер-лерди текшерүү үчүн Экономика министрлигине кат жазып кайрылуубуз керек. Аларга караштуу комиссия уруксат бергенден кийин он күн мурда санэпидстанция текшерүүгө бара турганы кабарланат. Ичеги карын дарты жана тазалык жагынан алганда бул туура эмес деп эсептейм.

Парламент депутаттары дагы жапайы рыноктогу сооданы, анын ичинен са-патсыз дарылардын сатылып жаткандыгы боюнча көйгөйдү көтөрүшүүдө. Мыйзамсыз ишти табуунун, аныктоо-нун индикатору – күтүлбөгөн текшерүү экени бекеринен айтылбайт. Ушул эле көрүнүштөр көчмөндөр оюну учурунда Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Атада болуп жатты. Бир жагынан алганда каражат  таап  алууга  аракеттенген  элди да  түшүнөбүз.  Бирок,  соода-сатыкты цивилдүү  жүргүзүүгө  көнүшүбүз  керек. Антисанитардык тамак-аш саткандарга жана дары-дармектерди сактоо эрежесин бузуп соода жүргүзгөндөргө көзөмөлдү күчөтүүгө уруксат алышыбыз керек.

Сайпидин БАЙЖИГИТОВ, Баткен облусу

– Баткендин Таш-Тумшук деген айылы Тажикстан менен чектеш. Алыскы аймак катары бизге медициналык тейлөө күчтөндүрүлсө жакшы болор эле.

– Сиз айткан маселе абдан көйгөйлүү. Республикада көп эле ФАПтар курулуп келе жатат. Бирок, ФАПтын имаратын куруп коюу менен чектелгенибиз болбойт. Биз мындан ары ФАПтарды бирдей типте куруп, медициналык жабдууларын да камсыздоону пландап жатабыз. Анткени, ФАПтар бирдей шартта, бирдей санитардык ченемде иштөөлөрү керек. Бул ишти этаптуу түрдө бардык алыскы аймактарга жеткиребиз жана чечиле турган маселе деп эсептейм. Бирок, алыскы аймактарда кадр тартыштыгын чечүү кыйын болууда.

Шайыр ЭСЕНЖАНОВ, Казарман

– Кышында дээрлик жол жабылып, Жалал-Абадка каттоо кыйындап калат. Ошондуктан кан тамырдан биохимиялык анализ тапшыруу үчүн убара болуп, облустун борборуна барып отурбай,  биздин  аймакта  борбордоштурулган лаборатория курса болобу?

– Аксакал, сиз жакшы суроо бердиӊиз. Жакында лабораториялар боюнча министрликте жумушчу жыйын өткөрдүк. Бишкекте лабораторияга анализ тапшырып, кайра телефон аркылуу эле жыйынтыгын билип алып жатышат. Ошол сыяктуу эле жер-жерлердеги лабораторияларга жаӊы жабдууларды сатып алсак, эл тамырдан кан тапшыруу үчүн алыска каттабай калышат. Биз бул боюнча гемодиализ борборлорун ачуунун мисалында иш баштадык.

Кубат, Бишкек шаары

–  Парламент депутаты К.Има налиев кургак учук боюнча КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан биринчи орунга чыкканын айтты. Ал “97 пайыз дарыны  чет  мамлекеттен сатып келебиз. Болбосо бизде дары чөптөр толтура. Министрлик фармацефтика тармагы боюнча аракет кылуусу керек. ЮРФА менен Бонецский лабораториялары болбогондо кыйын кырдаалга туш болмокпуз”, – деди. Ушуга пикириӊизди айтсаӊыз.

– Кургак учук дарты боюнча КМШнын ичинен биринчи орундабыз дегенге кошула албайм. Бирок, Орто Азия республикаларынын ичинен алдыӊкы орундарда экенибиз чын. Өлкөбүздө 2001-жылы 100 адамга карата 167 кургак учук оорулуу бар болчу. Ушул көрсөткүчтү биз 100 адамга карата 90,6ге түшүрдүк. Кургак учуктан каза болгондордун санын 5,2 пайызга азайттык. Туура, биз дарылардын 97 пайызын импорт аркылуу алабыз. Кургак учуктун дарыларында тартыштык бар. Азырынча дары заводун куруу кыйын иш. Ал эми Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда союз учурунда фарм заводдору курулуп калган. Ал эми бизде дары чыгаруу 3 пайыз бойдон калды. Дары-дармектерди чыгаруу нун чийки затты камсыздоодон тышкары талаптары абдан көп.

Ар бир облуска бирдей типтүү ооруканаларды курууга бара жатабыз. Ооруканаларда компьютердик тамография 2019-жылдан баштап, этаптуу түрдө коюла баштайт. Бул боюнча эл ара-лык уюмдардын жардамын тартып келүүдөбүз. Жер-жерлерде медицина-лык тейлөө сапаттуу жа-на жеткиликтүү болушу үчүн эл аралык деӊгээлге шайкеш келген ооруканаларды курууну улантышыбыз керек.

Асан КЕЛДИБЕКОВ, Нарын облусу

– Кыргызстандын кайсы медициналык жогорку окуу жайларынын диплому чет өлкөлөргө жарактуу?

Экинчи  суроом.Тамеки тартууга каршы кандай иш-чаралар жүргүзүлүп  жатат?  Жаштардын арасында насвай чеккендер көбөйдү.

– Кыргыз-Россиялык славян университетин бүткөндөр эки диплом алышат. Россияга баргандар үчүн кайра окуунун кереги жок. Калган бардык медициналык жогорку окуу жайларынын диплому чет мамлекеттердеги медициналык ассоциациялар  аркылуу  квалификациясы текшерилип, диплому аныкталып, уруксат берилгенден кийин иштей алышат.

– Тамекиден баш тартуу ар бир адамдын аӊ-сезимине жараша болчу иш. Мындан он жылдай мурда дары-дармектерди колтукка коюп, тамекиден кутулуу ыкма-сы чыккан. Бирок, ал дагы оӊ натыйжа берген жок. Үч жылдан бери тамекилердин кутучасы коркунучтуу дарттардын сүрөтү менен чыгарылып келе жатат. Мындан дагы майнап чыкпады. Насвайдын тамекиден айырмасы – айланасындагы адамдарга зыян келтирбейт. Экөө теӊ адам ден соолугуна өтө зыян экенин түшүнүүбүз керек.

Нурзада, Лейлек району

– Диний көз караштагы айрым жарандар балдарды эмдетүүдөн баш тартып жатышат. Эмдөөсү жок балдарды бала бакчалар, мектептер кабыл албай коёбу же алууга милдеттүүбү?

– Балдарды эмдөө менен жугуштуу оорулардын алдын алып жатканыбызды жарандар түшүнүүсү керек. Бирок, эмдөөсү жок болсо да бала мектепке, бала бакчага кабыл алына бериши керек. Себеби, ар бир баланын билим, тарбия алууга укугу бар. Бирок, балдар мекемелеринен жугуштуу оору чыгып калса, ал жердин жетекчиси жооп берерин унутпашыбыз керек. Ошондуктан алар баланын эмдөөсү тууралуу кагазды суроого милдеттүү. Мен сизге эмдөө боюнча мындай маалыматты келтирейин. 1956-жылдан баштап, өтө коркунучтуу жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча эмдөө киргизилген. Өлкөбүз ар бир адамды эмдөө менен ошол коркунучтуу дарттарды сексенинчи жылдарда биротоло жеӊди.

Аида, Бишкек шаары

– Фармацефтикалык компаниялар дарыканаларды жайнатып ачып салышты. Ал жердеги дарылар кымбат, сапаты да текшерилбей  жатат.  Жапайы базарлардагы сыртта туруп дары саткандарга чара көрүлбөй келүүдө.

Экинчи суроом. Кыштын ортосунда сасык тумоо каптайт. Ага вакцина жагынан даярдыктар барбы?

–  Дарылар  тууралуу  маселе  оор. Себеби,   дарылардын  жүгүртүлүүсү үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 12 млрд. сомго жетти. Бирок, сиз айткандай импорттолгон дарылардын баалары абдан жогору бойдон калып жатат. Биз жеке менчик компаниялардын дарыларынын баасына кирише албайбыз. Бирок, бааны жөнгө салуу жана баа саяса-тын министрлик мониторинг жүргүзүп турат.  Көп  эле  дарылардын  сапаты учур талабына жооп бербейт. Бүгүнкү күндө  дарыларды  каттоо,  сапатын текшерүүдө министрлик иш-чараларды баштады.

Бишкектин Ош базарындагы дарылар сыртта сатылууда. Ар бир сатуучу-нун жанына бирден милиция коё албайт экенбиз. Учурда финполиция менен жергиликтүү бийлик органдары рейддерге чыгышууда. Тилекке каршы, текшерип баргандар менен  ал  жердеги  соодагерлердин ортосунда мушташкан окуя лар бар. “Дары сатпасам бала- чакамды кантип багам?” деп көшөрүп жатышат. Дарылар муздаткычта өзгөчө температурада сакталышы керектигин соодагерлер билип туруп, мыйзамсыз сатып жүрүшөт. Биз аларга тынбай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатабыз.

Сасык тумоонун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча министрликтин  даярдыгы  бар.  Ал  боюнча иш-чаралардын планы бекитилип, атайын буйрук чыгарылды. Эми жер-жерлердеги сасык тумоонун ал-дын алуу боюнча даярдыктарды көзөмөлдөйбүз.

Орозбек КАРЫМШАКОВ, Бишкек

–  Кыргызстандагы мамлекеттик орган-дардын  коррупция боюнча рейтингинде  Саламаттык сактоо министрлиги  23,7  балл менен тизменин ортосунда  жүрөт. Ушуга эмне дейсиз?

–  Коррупциялык  көйгөйдү биротоло  жоюп жиберүү  кыйын экен. Мунун эӊ негизги себеби – айлыктын аздыгы. Айрым дарыгерлер “Бир кумалак бир карын майды чиритет”, – дегендей эле жалпы кесиптештеринин аброюна көлөкө түшүргөн учурларды да тана албайбыз. Бирок, ак халатчандардын баары эле “акча алып кел” деп сурап жаткан жери жок. “Акча берсе жакшы карайт” деп ойлоп алган бейтапта да күнөө бар. Өткөндө мага бир төрөт үйүнөн даттануу келип түштү. Ал баланча дарыгер менден 100 доллар алды деп жазыптыр. Мен тиги дарыгерди чакыргыча даттанган жаран мага: ”Мен аны сүйүнчү катары өз каалоом менен бергем. Ага тийбеӊиз”, – деп, кайра дарыгерге адвокат болуп коргоп кирди. Ушундай окуяларды кыскартуу үчүн электрондук саламаттык сактоо маалымат системасын киргизип жатабыз. Мисалы, ашказандын сезгенүү оорусун текшерүү, дарылоонун баарына 6000 сом керек болду дейли. Оорулуу үчүн 4000 сом бюджеттен бөлүнөт. 1500 ФОМСтан каржыланат. Ал эми 500 сомду оорулуу өзү төлөйт. Бул жерде бардыгы ачык тургандыктан жаран дарыгерге акча алып чуркабайт. Анткени, ооруну сакайтууга канча каражат жумшалары сайтта ачык жазылып турган болот. Электрондук саламаттык сактоонун бул түрү өнүккөн өлкөлөрдө небак жайылтылган. Анда жарандын электрондук медициналык картасында ал тууралуу толук маалымат жазылат. Анын карточкасына оору боюнча бөлүнгөн акча келип түшөт. Учурда Саламаттык сактоо тармагына мамлекеттик бюджеттен 15 млрд. сом бөлүнүүдө. Ушул акчаны калктын санына карата бөлгөндө ар бир кыргызстандык жаранга 2940 сомдон тиет. Адам өлкөнүн кайсы жеринде жүрүп ооруп калганына карабай, дарылаган оорукана анын ушул суммасын электрондук карточкасынан алып калат. Оорулуу өзү эч нерсе төлөбөйт. Бүгүнкү күндө бишкектик жаран Бишкектен гана гемодиализ алууга укуктуу. Ал эми Японияда электрондук карточкасы бар адам гемодиализди аэропорттогу медициналык бөлүмдөн алууга шарт түзүлгөн. Биз Жалал-Абадда гемодиализ борборун ачтык. Эми ноябрь айынын ичинде Бишкекте ачабыз. Бардык жумушту жеке менчик компания өзү аткарат. Биздин министрлик иштин сапаттуу аткарылышын көзөмөлгө алып турат. Бул мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде ишке ашырылып жатат.

Айнагүл, Кара-Балта шаары

– 2018-жылдын октябрынан баштап,  дарыгерлердин  эмгек акысы 30 000 сомго чейин көтөрүлгөндүгү боюнча кабар тарады. Кайсы категориядагы дарыгерлердин маянасы жогорулады? Өзүӊүздүн маянаӊыздын көлөмүн айта аласызбы?

Экинчи  суроом.“Жаш дарыгердин депозити” программасы кайсы аймакта жакшы иштеп жатат?

– Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан баштап, үй-бүлөлүк медицина жаатындагы дарыгерлерге жана алар менен иштеген медайымдарга айлык акы төлөө өзгөртүлдү. Үй-бүлөлүк дарыгерлер 100 балл алса 30 000 сомго чейин маяна табат. Ага жетүү үчүн сегиз критерий талап кылынат. Мисалы, боюнда бар аял-дарды каттоо, өзүнө бөлүнгөн аймакты тегиз камтып иштөөсү ж.б. сегиз индикаторго иши шайкеш келиши керек. 1 балл 160 сомдун тегерегинде. Ошондо 100 балл алса 16 000 сом болот. Бул базалык маянасына кошулуп берилет. Базалык айлыгы менен кошулган баллы биригип, 30 000 сомго жеткирсе болот. Мисалы, үй-бүлөлүк медициналык жаш врачтын маянасы 8000 сом болсо, аткарган иши бардык критерийлерге жооп берсе, 24 000 сомдон алып жатышат. Ушул системаны ишке ашыруу аркылуу иштин сапатын арттырууну камсыздоого кириштик. Бул үй-бүлөлүк дарыгер 8 критерийдин баарын аткарууга аракет кылсын деген рыноктук механизм.

Менин айлыгым 24 000 сом. Буга медицина илиминин доктору, илимге эмгек сиӊирген ишмер ж.б. төлөмдөр кошулган. “Жаш  дарыгерлер  депозити” боюнча негизги айлыгынан тышкары квартал сайын 38 000 сомдон которулуп берилип жатат. Учурда республика боюнча 150 жаш дарыгер депозиттик программа менен иштөөдө. Келерки жылга дагы 100 депозит сурап жатабыз. Дээрлик баары бөлүнгөн аймагынан кетпей иштеп жатышат. Андан тышкары, Чаткал, Тогуз-Торо, Чоӊ-Алай ж.б. табияты катаал айылдарда бийик тоолуу аймак коэффициенти кошулат. Жаш дарыгерлерге үй берилбейт, коммуналдык жеӊилдик жок болгондуктан башка аймактардан баргандарга кыйынчылык келүүдө.