Өкмөт Дыйкан-фермер партиясынын маалыматын четке какты

Дыйкан-фермер партиясынын «кыргызстандык фермерлер өндүргөн азык- түлүк 12-августтан тарта Казакстандын чек арасынан өткөрүлбөйт деген маалыматы чындыкка жатпайт» деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

«Бүгүнкү күндө кыргызстандык дыйкандар ЕАЭБ алкагындагы бардык талаптарга ылайыктуу иштеп жатышат, 12-августтан кийин бул талаптар өзгөрбөйт. 2017-жылдын 12-августунан тарта ишке кирүүчү 18 техникалык регламент боюнча, ички базарга сатылып жаткан азык-түлүктөр да сапаты жагынан биримдиктин талаптарына жооп берүүгө тийиш» деп айтылат маалыматта.

Өкмөт ошону менен бирге тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жаңы техникалык регламенттердин талаптары менен бизнес-коомчулукту, фермерлерди жана өндүрүшчүлөрдү тааныштырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдоодо.