Экология көйгөйлөрү токтоосуз чечилиши абзел

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Дүйнө жүзүндө экология маселеси абдан курч турат. Кыргызстанда да бул көйгөй жок эмес. Алсак, абанын глобалдуу жылышына байланыштуу мөӊгүлөр эрип жатат. Ошондой эле жашылдандыруу маселеси, таштандыларды иштетүү, абанын булгануусу сыяктуу маселелерди санап келсек толтура чыгат. Адамзат бул көйгөй менен күрөшүү үчүн ар кандай жолдорду сунуштап, эко-азык түлүк өстүрүү, айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизип жаткан таштандыларды кайрадан иштетүү, жоголуп бара жаткан өсүмдүк, жаныбарларды коргоо боюнча өз деӊгээлинде иштер жүргүзүлүүдө. Бирок, эгемендүүлүк алгандан баштап, Кыргызстанда экологиялык маселелерге жетиштүү деӊгээлде көӊүл бөлүнбөй келет.

Экологиялык көйгөйлөр арбын

Миӊкуш аймагында 1958-жылы урандын калдыктарын сактоо максатында курулган төрт жай бар. Алар топурак, аба жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирбеси айтылып келет. Ошентсе да көчкү же суу каптоо болуп кете турган болсо, ал абдан чоӊ коркунуч тудурушу ыктымал экендигин экологдор эскертишет. Мунун натыйжасында Кыргызстандын түштүгүнө жана Фергана өрөөнүнө зыяны тийиши ыктымал. Себеби, радиоактивдүү калдыктардын Нарын жана Көкөмерен суусуна кошулуу ыктымалдыгы жок эмес.

Коомчулукта байма-бай айтылып келген экологиялык көйгөйлөрдүн дагы бирөө — таштандынын иштетилбегени. Негизи эле айлана-чөйрөгө адамдардын зыян келтиргени өсүүдө. Алсак, көлдөргө торлорун таштап кеткен браконьерлер, эс алганы барып, таштандысын жыйнабагандар ж.б. Бишкектин айланасындагы таштандынын да тийгизип жаткан терс таасири чоӊ. Ал эми өлкөгө алынып келинип жаткан унаалардан чыккан түтүндөн улам Бишкектин абасы эки-үч эсе булганып кеткенин экологдор билдирип, коӊгуроо кагып чыгышкан болчу. Ысык-Көлдө суу астындагы өсүмдүктөргө, жаныбарларга тийгизилген зыян ж.б. толгон-токой көйгөйлөрдү айтып отурсак түгөнбөйт.

Ошондуктан Кыргызстанда Эко-Деми коомдук фонду «2019-жылды экология жылы» деп жарыялоону сунушташууда.

Айжан ЧЫНЫБАЕВА, Эко-Деми коомдук фондунун жетекчиси: «Экология жылы деп жарыяласак, маселе чечилбесе дагы жылыш болот»

– Экология жылы деп жарыялоо боюнча демилге көтөрүүгө эмне себеп болду?

– Айла жок ушул демилгени көтөрүп жатабыз. Себеби, экологиялык көйгөйлөр дүйнө жүзүндө көтөрүлүп, чечилүү жолдору каралып жатат. Ал эми бизде бул маселени Кыргызстанда жеке адамдар көтөрүүгө мажбурбуз.  Себеби,  мамлекеттик деӊгээлде маани берилбей келет.  Экологиянын  бузулуусу абдан тездеп баштады. Тыштан эски унаалар, ар кандай азык-түлүктөр алынып келинип жатат. Таштандылар иштетилбейт. Ооба, таштанды дүйнөлүк масштабдагы көйгөй, бирок алар муну менен күрөшүп, таштандыны кайра иштетүүгө өтүшкөн. Абанын булгануусунан ар кандай онкологиялык оорулар көбөйүп жатат. Азыр Онкологиялык борбордо орун жетишпей, адамдар коридордо жатышууда. Аларды техникалык жактан камсыздап, лазердик аппаратураларды алып келип жатабыз. Аны алдын алып, экологияга көӊүл бөлсөк, ошол нерселер азаят эле. Ал эми биз натыйжасы менен күрөшүп жатабыз. Ооруп жаткан адамдар кандай тукум улайт? Экологияга начар мамиле кылып, келечегибизге балта чаап жатабыз.

–  Буга  коомчулуктун  да  жардамы  керек чыгар?

– Ооба, коомчулук да активдүү киришиши керек. Жакында эле экологдор менен жолугуп келдим. Аларга көӊүл бөлүнбөй калып жатат. Ошол эле егерлердин маянасы аз, аябай чоӊ территорияны кайтарышы керек болот. Мына ошол маянанын аздыгынан браконьерлердин айрымдары егерлерге пара берип, аӊ уулашат же бактарды кыйып жатышат. Бул көйгөйлөр системалуу чечилиши керек. Мамлекеттик органдар ишмердүүлүгүн күчөтүшү абзел. Жаратылышты коргоо тармагында жаӊы инновациялык ыкмаларды киргизишибиз керек. «Таза коом» деп жатпайбызбы. Мындай долбоорлор дүйнө жүзүндө колдонулуп келет. Бизге жаӊы эч нерсе ойлоп табуунун кереги жок. Болгону ошолорду киргизип, ишке ашырышыбыз зарыл. Ошондой эле коомчулук да өз жоопкерчилигин сезиши зарыл. Таштанды таштаба, сууну экономдоп колдон, табиятка аяр мамиле кыл деген сыяктуу нерселерди ар бирибиз жасашыбыз керек. Жалгыз Өкмөттү карап, мамлекет начар деп отура берсек болбойт.

Толкунбек АСЫКУЛОВ, NABU Кыргызстан уюмунун директору: «Табиятты коргоого масштабдуу көӊүл бөлүнсө жакшы болмок»

– Жаратылышты коргоо жылы деп жарыяланса, абдан жакшы болот. Себеби бул дайыма актуалдуу нерсе. Бир эле жыл эмес, ар дайым бул иштин жаратылышты коргоо иштери жүргүзүлүп турушу зарыл. Бул жаатта көйгөйлөр арбын. Алсак, техниканын көбөйүшү, абаны булгоодо. Мал көбөйүп,эриши,  мөӊгү  баары  бир эрийт,  бирок  ошонун  тездешине  биз  түрткү  болуп коюп жатабыз. Мына мен көбүнчө талааларда жүрөм. Байкоомдо суулар азайып калды. Өсүмдүктөрдүн жардыланышы,  токойлордун азайышынан улам топурак эрозияга  дуушар  болууда. Мындан тышкары жаныбарлардын түрлөрүнүн азайышы. Санап келсек, бул багытта көйгөйлөр абдан көп жана  жаратылышты  коргоо маселеси ар дайым актуалдуу. Ошондуктан экология жылы деп жарыяланышын колдойм.

Азамат ТЕМИРКУЛОВ, эксперт: «Материалдык кызыкчылыктарды гана көздөп, жаратылышка көӊүл бөлүнбөй калды»

– Бүгүнкү  күндө материалдык кызыкчылыктарды  гана  көздөп,  жаратылышка көӊүл бөлүнбөй калды. Мындан улам, мөӊгүлөрүбүз ээрип жатат, ушул кылымдын аягына чейин 80 пайыз мөӊгүлөрүбүз эрип кетиши ыктымалдыгын илимпоздор айтып жатышат. Буга биринчиден, глобалдуу жылуулуктун таасири бар. Экинчиден, жалпы аймагыбыздын 5,5 пайызын түзгөн токойлорубузду кыйып, жайыт катары колдонуп жокко чыгарып жатабыз. Малдын саны көбөйүп жаткандыктан жайыттар деградация болуп жатат. Келечекте бул абал уланса, чоӊ көйгөйгө дуушар болушубуз ыктымал. Буга жеткирбеш үчүн “2019-жылды Экология жылы” деп жарыяласак, бул тармакка көбүрөөк маани берилмек.