Эл жазуучусу жөнүндө сөз

Кыргыз эл жазуучусу, драматург, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жана балдар адабияты боюнча Г.Х.Андерсен атындагы эл аралык сыйлыктын ээси Шүкүрбек Бейшеналиев 1928-жылы 25-октябрда туулган, 12-13 жашынан тарта колуна калем кармап, чыгармачылыктын түйшүгүн тарткан. Анын калемгерлик чеберчилигинин алгачкы кадамы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туура келет. Алгачкы макаласын согуш маалында фронтко жылуу кийим камдаган тылдагы адамдар тууралуу жазып, ал 1941-жылы Ак-Талаа райондук «Колхозчу» гезитине жарыяланган.

1952-жылы Ш.Бейшеналиев Кыргыз  мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп, андан соӊ СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалындагы Тил жана тарых институтунда илимий кызматкер болуп иштейт, андан соӊ Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинин катчысы, «Жаш Ленинчи», «Ала-Тоо» журналдарынын башкы редактору, «Ленинчил жаш» гезитинин жооптуу редактору болгон. Ал эми 1966-жылдан 1989-жылга чейин Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп эмгектенген. 1962-1964-жылдары СССР Жазуучулар союзунун жогорку адабияттык курсун Москва шаарында окуп бүтүргөн.

Ш.Бейшеналиев 1950-жылы балдар адабиятына карата Кыргызстанда алгач уюштурулган жабык сынакка «Чыныгы достук» деген повести менен катышып, 1-сыйлыкты жеӊип алган. Ошол эле жылы «Алкыш» повестин жаза баштайт жана ал 1953-жылы басмадан жарык көрөт. Көзгө көрүнүп, элге таанылып калган  таланттуу  жана  чыгаан  балдар жазуучусу катары Ш.Бейшеналиев 1953-жылы  “Жаш  ленинчи”  журналына башкы редактор болуп дайындалат. 1954-жылы анын балдарга арналган  «Демилге»  аттуу    аӊгемелер жыйнагы «Мектеп» басмасынан жарык көрөт. «Чыныгы достук», «Алкыш», «Кычан» аттуу мектеп окуучуларына арналган  прозалык  чыгармаларды  жа-ратып, сынчылардын назарын өзүнө бурган.

Андан кийин «Мүйүздүү козу», «Кычан», «Алкыш», «Аманат» ж.б чыгармалары кыргыз балдар адабиятынын чоӊ ийгилиги катары кабыл алат.

Автордун калемине тиешелүү болгон «Таалай жолу», «Урпактар үнү», «Даӊкка жараша жүк», «Болот калем», «Мезгил сынайт», «Жараланбаган жаралуулар» романдары, «Алкыш», «Кордун тукуму», «Солдат махабаты», «Талант ку-нары»,  «Кепил»  повесттери  дээрлик орус тили аркылуу дүйнөлүк элдердин 52 тилине которулган. Алардын ичинен көпчүлүгү англис, араб, хинди, испан, перс, француз, немец, румын, болгар, чех, швед, монгол, индонезия тилдерине которулуп, алыскы чет элдик китеп окурмандарына белгилүү болгон жана алардын жан дүйнөсүнүн тереӊинен орун алган.

Шүкүрбек Бейшеналиев драматург катары да элибизге кеӊири белгилүү. Анын «Уядан учкандар», «Бойдоктор», «Кычан», «Тоо койнундагы гүл», «Тоо ханышасы», «Дос», «Мейман», «Уста жана шакирттер», «Кайра жашарган өмүр», «Багынбас акын Байымбет» пьесалары республикалык, облустук театрларда коюлуп, өз мезгилинде көрүүчүлөрдүн көӊүлүн айрыкча көтөргөн. Ал котормочу катары Л.Толстойдун, М.Шолоховдун, К.Фединдин, ДлЦзиндин, Б.Баастын аӊгемелерин,  Айбектин  «Навы», С.Мукановдун «Менин мектептерим» романдарын, А.Чеховдун, Г.Ибсендин жана башка жазуучулардын пьесаларын кыргызчага которуп, окурмандарга тар-туу кылган.

Көп кырдуу адабиятчы Ш.Бейшеналиев Советтер Союзунун Чет өлкөлөр менен достук жана маданият байланыш коомунун мүчөсү болуп, анын кыргыз бөлүмүн он жети жыл бою ийгиликтүү жетектеп, иштеп келген. Ал тынчтыкты коргоо боюнча Кыргыз комитетинин мүчөсү, советтик коомдордун делегация мүчөсү катары көптөгөн чет өлкөлөргө барган. Өз кезегинде көрүнүктүү кыргыз атуулу катары “граждандык дипломаттык” иш аткарып, тынчтыкты коргоого жана дүйнө элдеринин достугун өркүндөтүүгө айрыкча салымын кошкон. Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу  сыйлыгы  боюнча  республика-лык коммиссиянын төрагасы болуп иш жүргүзгөн.

Кийинки өмүр жолунда Шүкүрбек Бейшеналиев “Сарыбайдын уулу”, “Аманат” аттуу повесттерди жазат. Чыгармалары Москвада орус тилинде басылып чыккандан кийин, белгилүү москвалык сынчы  И.Мотяшов  Ш.Бейшеналиев жөнүндөгү очерктерди жазып, өзүнчө китеп жарыкка чыгарган. Ошол мезгилдерде “Кыргызфильм” киностудиясы Ш.Бейшеналиевдин “Аманат” повестинин негизинде көркөм фильм тартып, кино көрүүчүлөргө тартуулайт. Композитор С.Осмонов “Кычан” аттуу операга музыка жазат. Ал операнын либреттосу Ш.Бейшеналиевдин калемине таандык. Ушундан соӊ баарыбызга белгилүү “Болот калем” аттуу көп багыттуу романды жазып бүтүрөт.

Шүкүрбек Бейшеналиев советтик коомдун,  кыргыз  мамлекетинин  ар кандай бурулуш учурларында улуттук залкар ишмерлердин, жазуучулардын тагдырына  талдоо  жүргүзүп,   аларга талбай үн кошкон, сергек, калыс жана чынчыл ойлуу чыгармачыл жазуучу жана сөзмөр катары жалпы калайык-калктын  кадыр-баркына  ээ  болуп өткөн.

Өмүрүнүн   акыркы  жылдарында мазмундуу  жаӊы  чыгармаларды  жаратты. Алардын арасында “Тайлак баатыр” эссеси, “Булбул көмөкөй” аттуу даректүү чыгармасы, “Эстелик” пьесасы, “Тагдыр сырлары”, “Дөө-шаалар” аттуу  замандаштары  жөнүндөгү эскерүүлөрү, кыргыз адабиятынын айрым маселелерине кайрылган макалалар түрмөгү да бараандуу орунду ээлеп турат.

Замандаштары Шүкүрбек Бейшеналиевдин көркөм дүйнөсү жөнүндө

– “Шүкүрбектин “Даӊкка жараша жүк” романын окуп, ошондогу мурутчан койчуга ашык болдум.Чынында, андан кийин мен койчу болсом деп тилеп калдым”. Х.КАРАСАЕВ, тилчи окумуштуу, мударис

“Атак-даӊкты эмгек, чыгарма жаратат. Шүкүрбекке ошондой даӊкты “Кычан” повести алып келди. Анын чыгармаларын эл окуйт, өзүн сыйлайт. “Таалай жолу” жана андан кийинки чыгармалары атагын өстүрүп, көбүбүздү кубантты”. К.БАЯЛИНОВ, кыргыз эл жазуучусу

“Шүкүрбек экөөбүз катар келаткан кишибиз. Адабиятка бир мезгилде аралаштык. Ошондон бери ар бирибиз өзүбүздүн аракетибиз менен адабият майданында эмгектенип келе жатабыз. Х.Карасаевдин сөздүгүнөн кол жазмасын окудум. Шүкүрбектен мисалдар арбын, демек, Шүкүрбектин тили бай экендигинде калет жок”. Ч.Т.АЙТМАТОВ, КР эл Баатыры, эл жазуучусу

“Шүкүрбек  Бейшеналиевдин  чыгармалары адамдардын турмуштан өз жолун таба билүүсүнө багыт берген, шыктандыруучу асыл максатта жазылган.” Сергей МИХАЛКОВ, белгилүү орус жазуучусу, акыны, Социалисттик эмгектин баатыры, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

Мына ошентип Кыргыз эл жазуучусу, драматург, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, искусствонун эмгек сиӊирген ишмери, Г.Х.Андерсен атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, Моӊгол мамлекеттик ревсомолунун лауреты, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин Х чакырылышынын депутаты, коомдук жана мамлекеттик ишмер Шүкүрбек Бейшеналиев калтырып кеткен көркөм адабият, мурастар жана ой-пикирлер ар тараптан кеӊири изилдөөгө муктаж экендигин көргөзүп турат. Ошондой эле мурдагы Советтер Союзунун элдеринин адабият, маданият ишмерлеринин берген баалары анын жеке эле кыргыз гана эмес, жал-пы дүйнө адабиятында өчпөс жана уну-тулгус орду бар экендигин тастыктайт.

Шүкүрбек  Бейшеналиев  кыр-гыз  көркөм  адабиятын  өркүндөтүп, өстүрүүгө кошкон салымы үчүн СССРдин “Эл достугу” орденине жана 7 медалына татыктуу болгон. Элибиздин бул таланттуу жана зал-кар уулу 2000-жылы акыреттик келбес сапарга узаган, эгер тирүү турганда, быйыл, 90 жашка чыкмак.

Кубат ОСМОНБЕТОВ, профессор, академик, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча эки жолку лауреаты, Кыргыз Республикасына эмгек сиӊирген геологу