Кадр тандоодо “өӊдү көрдү, жүз тайды” болбойлу

Кыргыз эли өзү адилетсиздикти көтөрө албаган эл. Андыктан жасалып жаткан иштердин ачык-айкын болгону эл үчүн да, башкаруучулар үчүн да оӊтойлуу.

Көп жылдык тажрыйбадан алганда аялы, балдары, жакын инилери же болбосо аялдарынын бир туугандары башкарууга аралашып эмне болгонун баштан кечирдик. Аягында биринчи жетекчинин иши жакшы, бирок урук туугандары баарына кирише беришкен”, – деген пикир калат экен. Ошол себептен элди билбейт дебестен, эл менен ачык иштейли деп башкарууну жүргүзүш керек.

“Бул бала жаш, иш билги” деп эле эптеп парламенттен өткөрүү болбойт. Парламент тарабынан көрсөтүлгөн кадр мамлекеттик кызматты аркалоодо алешемдиктерди кетирген болсо, аны кызмат ордуна алып келген ошол парламент өкүлдөрү да ага жооп бериш керек. Кадр саясатында бир жактуу карап, биздин фракциядан деп көздү жумган болбойт. Мындай жол менен кызмат орундарына келгендердин элге зыяны тийгенин көрбөдүкпү. Эми муну токтотолу. Тарапташ деген менен ал жүктөлгөн милдетти так, таза аткарбай, элдин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгон учурлар кездешти. Буга мисал катары өткөн премьерди айталы. Ошондуктан “өӊдү көрдү, жүз тайды болгон” тарапташ, фракциялаш деген түшүнүк менен мамлекеттик кызматтарга келе турган кадрларды өтө кылдаттык менен карап чыгып, анан дайындоо зарылдыгы бар экенин эстен чыгарбоо керек.

Мына тышкы карызыбыз 5 миллиардга жакындады. Бишкек ЖЭБи боюнча долбоорду өткөн бийлик 380 миллион долларга чыгарып, келген каражат да натыйжалуу сарпталган эмес. Бул долбоордун баасы өз кызыкчылыктары үчүн эле көтөрүлгөндөй. Элибизде “кыӊыр иш кырк жылда билинет” деп айтылат. Эпчилдик менен элдин эсебинен байыгандар эртедир-кечтир жооп беришет. Андыктан ар бир мамлекеттик кызматкер өз ишинде адал эмгек кылса, мамлекеттик ар бир түзүм өз милдетин так аткарса, аягы жаман болбойт.

Элдин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгон мамлекеттик кызматкерлер эч убакта  өлкөбүздү  өнүктүрүп  жибербеси  айтпаса  да түшүнүктүү. Андыктан өлкөдөгү аксап келген кадр саясаты өзгөчө көӊүл борборунда болушу кажет. Бе-керинен И. Сталин “кадрлар баарын чечет” деп айткан эмес.

Мамлекеттик кызматтардагы коррупцияга аралашкандарды  тазалоодо  Малайзиянын  премьери  Махатхир  Мухаммаддан  үлгү  алсак,  ашыкча болбос. Жашоо деген ар кандай көрүнүштөрдү, окуяларды сыноодон өткөрө турган элек. Көп нерсе эске алынбай кабыл алынган мыйзамдардын да кем жерин толуктоо зарылдыгын ошол жашоо айтып берет. Себеби, ал турмуштагы оӊ-сол көрүнүштөрдү далилдеп көрсөтүп берүүчү эскертме десек да болот.

Элдин 60 пайызынан ашыгы элет жеринде жашайт. Мына жергиликтүү кеӊештерге шайлоо боюнча мыйзамга толуктоо, өзгөртүү киргизип жатыптыр. Бул маселени угуп алып элет эли абдан туура киргизиптир дешүүдө. Бул одоно катаны бир убакта эл өкүлдөрү кабыл алышса керек эле. Анын терс жагы: жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын айыл өкмөт башчысына талапкерлер ачык эле сатып алышууда. Көпчүлүк депутаттардын билими жок. Айыл өкмөттөгү ар кыл маселелерди чечүүдө билип-билбей эле кол көтөрүп отура  беришет.  Натыйжада  ошол  чакан  айылда тууганчылык бара-бара өрчүп, жаат-жаатка бөлүнүү келип чыгып, эл башкара албаган билимсиздер деле шайланып калып жатат. Эӊ негизгиси, жеринде чечиле турган маселелер чечилбей жогорку бийликтерге элдин арыздары көбөйө берет. Ошондуктан айыл, район же облуста кадрлардын номенклатуралык резервин түзүү учур талабы.

Аман САРЫЕВ, Кара-Кулжа району