Асел САДЫРОВА, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жаа атуу боюнча баш байгенин ээси: «Кеткен кемчиликтер эске алынар»

Жазып алган Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Жалпы жонунан айтканда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жакшы өттү. Көчмөндөрдүн оюндары тууралуу маалыматтар дүйнө элине абдан кеӊири тараган экен, мурдагы жылкыга салыштырмалуу быйыл иш-чарага чет элден спортчулар көп келишти.

Мисалы, 2016-жылы 70 тей жаачы  келсе,  бул  сапар Казакстан, Өзбекстан, Россия, Татарстан, Германия, Украина, Сингапур ж.б. мамлекеттерден 150дөн ашык спортчулар келишти. Болгондо дагы беттегенин бербеген, биринчиликти колдон чыгарбаган мыктылардын мыктылары келип ат  салышышты.  Ошол  себептен, жеӊиш мен үчүн өтө оор, татаал болду. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тажрыйбамдын аздыгынан 3-орунду алып калгам. Ошондо биринчиликти алууну максат кылган элем…

2 жыл аралыгында ар түрдүү кароо-сынактарга  катышып алдыӊкы орундарды алып жүрүп отурдум.  Андан  сырткары,  жаачылар  мелдештин  алдында,  бир ай бою тынымсыз машыгууларды өткөрдүк. Бири-бирибиздин кемчилигибизди оӊдоп-түздөдүк. III Дүйнөлүк  көчмөндөр  оюндарынын өзгөчөлүгү дейбизби айтор, атамекендик жаачыларга мурдагыдай чектөө болгон жок. Башкача айтканда, 2016-жылы беттешке 5 мырза, 3 айым гана чыга алган болсо, мында тандоо турунан өтүп, көп упай топтогон жаачылардын бардыгы катышты. Оюн кызыктуу болду.

Бирок, өкүнүчтүүсү – жалпыга маалымдоо каражаттары салбуурунчулардын  оюндарын  тартып чагылдырбай калгандыгы. Биз II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да көмүскөдө калганбыз. Эмнегедир бул жолу да биздин беттештерди эч бир канал тартпаптыр. Өзүбүздү көрүп калабызбы деген тилекте, кайталап берүүлөрдүн бирин калтырбай көрүп жаттык. Көк бөрү, күрөш, таяк тартыш, ордо ж.б. улуттук оюндардан сырткары кыргыздын кол өнөрчүлүгү боюнча абдан кенен берип жатышты. Бирок, тайган жарыш, жаа атуу боюнча көрө алган жокпуз. Муну айтып жаткан себебим, иш-чарада улуттук оюн-дарга басым жасалып жаткандан кийин, спортту көбүрөк чагылдырышса болмок.

Дагы бир айта кетүүчү жагдай, Кырчын жайлоосундагы түшкү та-мактануубуз. Ачка калган жокпуз деӊизчи. Бирок, канча деген спортчуларды ысыкта чуурутуп кезекке тургузуп, күнгө кактап, тизме менен тамак таратканыбыз чет элдиктер үчүн кандай көрүндү билбейм. Айрымдары курсактары тойбогонун ачык эле айтып, өздөрү кошумча азык сатып алып жатышты. Топтошуп алып, кой сойдуруп жешти. Ошолорго өз көзүм менен күбө болуп, бир чети уялсам, бир чети на-мыстандым. Боз үйлөр деги тигилип турду. Ошого киргизип, ортого ашты кенен койсок болбойт беле? Жаачылардын сынактарына катышуу үчүн чет мамлекеттерге көп эле чыгып жүрөм. Жакында эле Стамбул-га, Алматага барып келдим. Ал жакта үч маал столду дүр-дүйүм тамакка толтуруп, эки колуӊду бош коюшат. Каалаган тамактан каалашыӊча жейсиӊ. А бизде, биртке тамакты тизмеден фамилияӊды издеп таап, алды деген белгини жазып берип жатты…

Бул нерселерди айтып чыгып, ДКОнун  уюштуруучуларына  сөз тийгизүү  менин  максатым  эмес. Албетте, алардын аракети, мээнети, эмгеги эбегейсиз чоӊ. Ошентсе да, кеткен кемчиликтер кийинкиде эске алынса деген тилек…

Бирок, өйдө-ылдый нерселерге карабастан, чет элдик жаачылар менен жакындан тааныштык, достоштук. Бир катарда туруп жаа атып, атаандаш болгонубуз менен, достугубуз жогору турду. Алар Кыр-чын жайлообузга суктанып, сулуулугуна тойбой: “Эмки оюндар дагы Кыргызстанда эле өтсө болмок, биз дагы келмекпиз”, – деп кетишти.