Бишкекте бычактан алган жаракатынан улам 19 жаштагы бала каза болду

Бишкекте бычактан алган жаракатынан улам 19 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя тууралуу 25-май түнү Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Буденный көчөсүндө жаш жигиттин бычакталганы айтылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган баланы кармашкан. Ал эми бычакталган бала ооруканага жетпей каза болгон.

Азыркы тапта кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.