Какшык-казан: Абтандил КУЛБАРАКОВ: “Мага мамлекет эмне кылып койду дебей, мен мамлекетке эмне кылдым?” дешибиз керек!”

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Абтандил Илдузович бул айтканы башкаларды билбейм, жеке мени катуу ойго салып койду. Улуу урматтуу жалпы эл шайлаган депутатыбыздын ушул сөзүнөн кийин катуу ойлонуп жатам. “Мен мамлекетке  эмне  кылдым” деп ойлонуп жатам? Ойлоп көрсөм, чындыгында  мамлекетке  эч  нерсе кылбапмын. Жарыбаган айлык алып, жарыбаган салык төлөгөндү айтпаганда, өлкөнү байытканга эч салым кошпопмун. Жеке өзүмдүн керт башымды жана атак-даӊкты ойлоп,5 китеп жазыпмын, 10 китепке авторлош болупмун, 4-5 китеп которупмун, эки-үч китепке түзүүчү болупмун. Дагы 5 китеп дээрлик даяр турат. Кандидаттык диссертация жазып койгонума 6-7 жылдын жүзү болуп баратат. Жактайын дейсиӊ, китеп чыгарайын дейсиӊ, баары акчага келип такалат. Анысынан да, жактаганда, китеп чыгарганда эмне, китепти ким окуп жатыптыр, азыр илимдин кимге кереги бар?

Ушинтип, ушунча жыл өмүрдү китеп жазганга кетирбей, бир арак чыгарган завод же пиво завод ачсам болмок экен. Канча адамдын ажатын ачмакмын да. Канча адамды алкаш кылып чыгармакмын?! Мүмкүн, азыр деле кеч эмес. Жок дегенде, башы ооруган кишинин башын жазсам деле сооп эмеспи. Ойлонуш керек экен.