Гений бардык жагынан гений

Быйыл Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөргөнү турабыз. Мындай дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу менен замандаш болуп жашоонун өзү эле сыймыктуу сезим жаратат.

Айтматовду ар тараптан мактасак да, даӊктасак да жарашат. Жакынкы эле өткөн жылдардын биринде орус жазуучуларынын бири “Он был гением… – Ал гений болгон” – деп айтканын уккандар бардыр. Мындай сөздү биз – кыргыздар айткан болсок орунсузураак сезилет эле. Башка элдердин өкүлдөрү үчүн кандай мактоо айтылса да орундуу, а балким андайлар да жетишсиздир.

Чыӊгыз жөнүндө сөз боло калганда жолдошторубуздун  арасынан  бирөө:  — “жаӊы пайгамбарыбыз ушу киши болуп жүрбөсүн” – деген сөзүн угуп калдым. Обу жок мактоо менен жердешибизди мактай албайбыз. Ал – эмне, Кудайдын жиберген өкүлү бекен? Элдин арасынан чыккан эле жан. Жөндөмү бар экен, аны өркүндөтө алган, эмгектин ийгилигине жетише алган кыргыздын баласы. Андайларды таланттуу адамдар деп коюшат. Чыӊгыз алардын ичинен да сейрек учуроочу алп талант. Өзүнүн айткан сөзү бар: – “Ар кимдин дараметине ылайык өзүнүн колунан келээр иши болот. Тагдыр бизге калемди буйруптур. Таптай билсек, сөз кудурети да оӊой эмес” (Ч. Айтматов, М. Шаханов. Аскада калган аӊчынын ыйы. – Бишкек: Учкун, 2001-ж, 196-бет). Абдан так жана даана айтылган сөз. Сөз кудуретин таптай билүү – чоӊ жумуш эле эмес, ал – чоӊ кесип экени айтылып жатат. Сөз өнөрүнүн чечендиги адамдарга гана таандык касиеттердин зору. Бул касиет Чыӊгызда өзгөчө өнүккөн. Төмөндө сөз ошол жөнүндө болмокчу.

1992-жылдын сентябрь айында Алма-Ата шаарында “Кыргыз адабият күнү” өттү. Ага Айтматов баш болгон кыргыз жазуучулар тобу барышты. Арасында белгилүү жазуучу Кеӊеш Жусупов да бар. Мен Алма-Атада командировкада элем. Эртеӊ мененки саат 11де Казакстан жазуучулар союзунун имаратынын залында ачылыш аземи болду. Жыйынды ошол кездеги атагы таш жарган казак элинин жаш акыны Олжас Сулейменов алып барды. Өзүнүн кыскача баяндамасынан кий-ин сөздү Чыӊгызга ыйгарды. Дүркүрөгөн жана узакка созулган кол чабуулардын коштоосунда ал трибунага чыкты. Колунда карманган кагазы да жок. Кыймылсыз турган абалында кол чабуулардын токтошун күттү да, сөзүн баштады. Кыргыз тилинде сүйлөп жатты. Сөздөр жамгырдай куюлуп жатса да, алардын маани-маӊызында кынтык жок. Залдагы угуучулардын кулактары тик туруп калгандай, тыптынч.

Дүйнөгө көз жүгүртүүсүнүн кенендиги менен тереӊдиги, дүйнөлүк адабияттын күнгөй-тескейин, аркы-беркисине чейин билгендиги, орошон ойлорун зор философиялык  ыкмалар  аркылуу  так аргументтердин жардамы менен бекемдеп чечен сүйлөгөндүгү менен угуучулардын кулактарынын кумарын кандырды окшобойбу?

Ошол эле күнү кечки саат алтыда Алма-Атадагы опера жана балет театрынын залында казак интеллигенцияларынын жана бийликтин өкүлдөрү катышкан чоӊ жыйын болду.

Театрдын эшигинен баштап чоӊ көчөгө чейин келе жаткан элдин агымын байкоого болот. Залдагылар отуруп тынчтана электе эле эшиктин күзөтчүлөрүнө баш бербей элдин толкуну кирип келгендей болду. Залдын ичи жык толду. Олжас Сулейменов кыс кача баяндамасы менен жыйынды ачып, сөздү Чыӊгызга узатты. Узакка созулган кол чабуулардын коштоосунда Чыӊгыз трибунага чыгып, баягындай абалында туруп сөзүн баштады. Бул жолу ал сөзүн орус тилинде улантты. Залдагы отургандардан көзүн албай, сөзүн нөшөрлөтүп төгүп жатты. Ушунчалык тереӊ, ушунчалык философиялык ой-чабыттарынын таамайлыгы менен, адабияттагы проблемалардын ак-карасын дааналап ажырата алган тереӊ билими менен, дүйнөгө болгон көз карашында алысты көрө алгандыгы менен, көкүрөгүнө батпай оргуштап чыгып турган ойлору ырааты менен тизмектелген сөздөр аркылуу сөздөрүн нөшөрлөтүп куюп, ээн-эркин сайран кура сүйлөп, сөз өнөрүнүн чечендигин дагы бир жолу айкын көрсөтө алды.

Чыӊгыздын сөзүнүн арасында утур-утуру менен кол чабуулар болуп турду, ал эми сөзүнүн аягына чыккандагы кол чабуулар өзгөчө уланды. Суроо-жооптордон кийин Чыӊгыз алдыдагы бош орундардын бирине барып отурду. Бирок бат эле элдин суранычы боюнча кайрадан трибунага чыкты. Анан дагы чыкты, себеби угуучулардын суранычы ошондой эле. Казак элине, айрыкча жаштарына Чыӊгыздын сүймөнчүлүгү күчтүү экендиги көрүндү. Ошол убакта Чыӊгыз Төрөкулович 64 жашта экен.

Георгий Гачевдин айткандары даана дал келгендей болду- “окуя элестеди: “а ему, двуязычнику, никогда, ни в каком языке так не заплескаться: ни в киргизском, где нет слов для многих понятий, которые ему надо выразить, ни в русском, который ему не с молоком матери, но приобретенный и где он-не рыба в воде… Однако тут же мне проясняться стало и преимущество такого нейтрального языка”. Кош тилдүү жазуучу эч качан, эч бир тилде мындай эркин сайран кура албайт эле:  кыргыз  тилинде  да,  себеби  –  көп түшүнүктөрдү туюнтуш үчүн көп сөздөр жок, орус тилинде да, себеби ал тил ага энесинин сүтү менен келген эмес, бирок ал үйрөнүлгөн тил, ошондуктан суудагы балык боло албайт. Ошол учурда мага орточо тилдин артыкчылыгы жөнүндө түшүнүк пайда болду” (Георгий Гачев. Чингиз Айтматов (в свете мировой культуры ).Фрунзе: Адабият, 1989.).

Айтматов эки тилди теӊ бапестеп таптай алган, эки тилди теӊ өнүктүрө алган, эки тилге теӊ өзүнүн жаӊылыктарын киргизе алган кош тилдүү жазуучу. Мисалы, орус тилинде “Айтматовские суффиксы” деген термин бар. Кыргыз тилинде кан-дайча жаӊылыктар бар экенин тил адистери жакшы билишсе керек. “Орточо тил” дегендин пайда болушу жөн жеринен айтылбаса керек. Чыӊгызга окшоп эки тилде теӊ бирдей сайран куруп, ээн-эркин чечен сүйлөө качан жана кимдердин колунан келээр экен?

Азыр кыргыз тилинде сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү, айрыкча бийликтин өкүлдөрү, депутаттар үчүн кыргызча сүйлөө кыйынга тураарын көрүп эле келатабыз. Чечендикти мындай кое туралы. Сүйлөп баратып  орусча  сөздөрдү  аралаштырып, кээде биротоло орусчага өтүп кеткен “чечендер” бар. Мунун өзү адабият-тык тилди эмес, элдик тилди керектүү деӊгээлде билбегендиги, маданият тармактары  жөнүндө  жетиштүү  кабарлары жоктугу, руханий жактан жардылыгы бар адамдарга таандык экенин айтуу туурадыр.

Ошондуктан айтайын дегеним: Чыӊгыз Айтматовдун  ошондогу  Алма-Атадагы сүйлөгөн сөздөрү жазылып жана сакталып калган чыгаар, ошолорду (жана башка дагы сүйлөгөн сөздөрүн, айрыкча – Мана-стын 1000 жылдыгында сүйлөгөн сөзү) телерадиодон кайталанып берилип турса көпчүлүк үчүн пайдалуу болоор эле – деп ойлойм.

Керим БАРАТАЛИЕВ, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор