Аны Т-34 танкасы дешчү

(Асанбек Стамовдун портретине штрихтер)

Асанбек Стамов келечектен үмүт үзбөгөн, оптимист болучу. Асакенин мындай касиетин замандаш улуу-кичүүлөр жакшы билишет жана анын бул мүнөзүн жактырыша турган. Өзгөчө өзүнөн жашы кичүү калемдештери менен сырдаш катары мамиледе болгону алардын чыгармачылыгына дем-күч берип, кандайдыр бир чыйырга багыттагандай элес калтырар эле. Себеби ал ошол жаш авторлордун жарыяланган чыгармаларын такай окуп, аларга атайын барып жолугуп, өз пикирин эч кандай жасалмасыз, өзү айткандай “ыйманына камчы салбай” билдире турган. Бирок айткан пикирин таӊуулабаган, аны катардагы окурмандын ою катары кабыл алуусун эскертип, адабияттагы дүйнөлүк классикалардын мисалында ойлоно турган маселелерди козгочу. Ырас, мындай маектешүүдөн кийин жаш авторлорго дүйнөнү чыгармачылыктын алкагында таанып-билүү боюнча окулган дарс сыяктуу таасиркалтырары бышык.

Асакебиздин кругозору кенен болучу, ал маектеши менен жеке эле көркөм чыгарманын айланасында гана эмес, адам баласынын турмушунда кездешчү ар кандай маселелер боюнча да кабардар экендиги  маалым.  Анын  тарыхты  баалаган  өзгөчө көз карашы кимди болбосун кызыктырбай койбойт. Элибиздин тарыхы жөнүндө сүйлөшкөндү жактырчу, анын ак тактарын изилдеп, мурда көпчүлүккө тааныш эмес жылт эткен бир жаӊы нерсеси табылса, кудуӊдап сүйүнүп, аны эӊ ириде тарыхчылар менен калемдештерине сүйүнчү катары бакылдап айтып бергени али эсибизде.

Ал санжырачы эле. Кыргыздын кырк уруусунун санжырасын чечмелеп, алардын таралышын, мекенин, географиялык жана социалдык абалдарын айтканда санжыра менен тарых илиминин жол-жоболору айкалышып, ал экөө бирин бири толуктап тургандай абал жаратып, экөө бир зор чынар теректин эки бутагы сыяктуу элестеп кетчү.

Асакенин мыкты санжырачы экендигине көп мисалдар бар. Ал маектешинин уруусун сурап, жооп алгандан кийин анын уруусунун башатынан бери чечмелеп, ал тургай ал уруулардын чоӊ топтору жашаган аймактардан бери айтып берип, айрымдарды таӊгалткан учурлары болгон. Санжыраны айткан кезде ал эч качан бир урууну экинчи бир уруунун астында басмырлап, айрымдар сыяктуу өз уруусун көтөрмөлөгөн адаттан жогору турган. Ал кыргыздын урууларынын бардыгына бирдей мами-леде калыс карап, бардыгын улуу деп эсептечү. Өзүнүн калыстыгы, улуулугу да ушунда болучу.

Ушул сапаттарынын натыйжасында анын кыргыздардын тарыхый окуяларына арналган “Жортуул” жана “Хан Тейиш” романдары жазылгандыгы маалым. Эки романда теӊ санжыра менен тарыхый окуялар бири менен бири жуурулушуп, бирин-бири толуктап турган жагдайлар орун алган. Ала-Тоо менен Алтайды жердеген кыргыздардын турмушу, алардын ички көйгөйлөрү, тыш дүйнө менен алакасы, улуттун келечеги боюнча ой толгоолор, урпактарга болгон камкордук сыяктуу маселелерди камтыган “Хан Тейиш” романы окуялардын көлөмү (китептин эмес) боюнча кийинки мезгилдерде жарык көргөн тарыхый чыгармалардын көч башындагылардын катарынан орун алгандыгы Асакебиздин чыгармачылык кудуретин айгинелеп турат. Бул чыгармада мурда элибизге анча тааныш эмес Бишкек аттуу туу жыгар баатырдын образы бир топ кенен ачылганына күбө болдук жана анын кыргыз элинин келечегине арналган албан иштеринен кабар алдык. Романдын негизги өзөгүн кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоо жергесине көчүп келиши камтыйт. Маселени ушул өӊүтүнөн алганда чыгармада санжыра менен тарыхый окуялардын бирге жуурулушу жазуучунун ар бир окуяга астейдил мамиле жасаган чеберчилигин айгинелейт.

Ушул  жерден  окурмандарга  бир  нерсени  айтып кетүүнү туура таптым. Асаке кийинки жылдары жазган чыгармаларын кол жазма кезинде мага окутуп, пикиримди сураганына ар дайым сыймыктанам. Бирок ал: “Мактабай, өзүӊдүн оюӊдагы кемчиликтерди жашырбай айткын, чындык деген ачуу болот” деп эскертчү. Ырасында эле ал менин мактоомо муктаж эместиги турган сөз. Өзгөчө “Жортуул” менен “Хан Тейиш” романдары кандайча жазылып, автордук канча оӊдоолор болгондугуна күбөмүн. Ал өзү табиятында мыкты редактор болгондуктан, өзүнүн чыгармаларына өтө жооптуу, катаал мамиле кыла турган. Жазган сүйлөмдөрүнүн бир сөзү жакпай калса, чийип салып оӊдоп, анысын кайра чийип, кайра оӊдой бергенден жадачу эмес. Чыгармаларынын стилине өзгөчө көӊүл бура турган. Башка авторлордун да стилине баа берчү.

Ал  коомдук  ишмер  катары  да  элибизге  кеӊири белгилүү инсан. Убагында өлкөнүн жетекчилерине түз кирип барып (аны “Т-34” танкасы деп коюшчу), элдин көйгөйлөрүн айтып, алардын аткарылышын талап кыла билген. Ошондой талаптарынын бири мурдагы Калинин районунун аталышын Жайыл наамына которуу болгон. Ал кезде аталган райондун башчысы орус улутундагы аты-жөнү белгилүү адам эле. Андан калса, райондун борборунун тегерекчетиндеги жашоочулардын басымдуу бөлүгү да орус улутундагылар болучу.

Бул маселе көтөрүлгөндө айрымдар Ак Үй аркылуу бийликтин күчү менен өзгөртүүнү айтып чыгышканда Асаке мындай чечимдин туура эместигин далилдеп, ошол орус улутундагы адамдар да Кыргызстандын жа-рандары экендигин, алар менен жолугушуу өткөрүп, биргелешип чечүү калыстыкка жатарын сунуш эткен. Ал айткандай жолугушуу өткөргөндө катышкандар-дын бардыгы бул маселени кубаттап чыгышкандары белгилүү. Алар Жайыл аттуу баатырдын ким экендигин, азыр биз мекендеп турган жер үчүн анын жасаган иштерине, акылмандыгына, эрдиктерине ыраазы болуш-кандары жайылдыктардын улуу-кичүүлөрүнө дайын. Асакенин дагы бир омоктуу ойлорунун бири аткарылбай калганын билем. Ал – азыркы Москва районунун аталышын Талкан ысмына которуу болучу. Талкан эли жашаган чөлкөм өз аталышы менен айтылганы калыстык эмеспи дечү ал. Бирок саясый көз караштардын жана мезгилдин кырдаалына жараша азырынча эрте экендигин, түпкүрүндө анын ою ишке ашышына ишенич артчу.

Асаке коомдук ишмер катары бийликтин бир не-че тепкичтерине көтөрүлгөнү белгилүү. Анын “Кыр-гызстан” басмасында иштеген учурундагы айрым гана адамдарга белгилүү болгон бир окуясы бар. Ал өз уба-гында жалаӊ гана биздин республика эмес, бүтүндөй Совет өлкөсүндөгү сейрек кездешүүчү жетишкендик катары бааланган. Аталган басма эки жылдын ичинде рентабелдүүлүккө жетишип, өкмөттүн бюджетине көз каранды болбой калган. Ошондо өлкөнүн ар кайсы басмаларынан өкүлдөр келип, тажрыйба алмашкандары ошол кездерде басмада иштеген кызматкерлердин эсин-де. Анда Москвада экономика, эсеп-кысап басылмала-рын чыгарган “Экономика” басмасы боло турган. Ошол аттуу-баштуу басма Асакенин тажрыйбасын үйрөнүү үчүн аны кеӊешчи катары өздөрүнө чакырышкан учур болгон.

Ал бир топ жогорку кызматтарды аркалап жүргөндө эл арасында ар кандай кеп-айыӊдар болгондугун эстей кетпесек болбос. Себеби анын кызматтык абалын айрымдар Кыргызстанды жыйырма беш жылга чукул жетектеп келген Турдакун Усубалиевичтин ысмы менен байланыштырышкан. Ырас, Асакенин үй-бүлөсү ал кишиге бөлөк-бөтөн эмес эле, катыштыгы бар экени жумурай журтка маалым. Бирок анын эл менен иштеше билген таланты жана мамлекеттик деӊгээлде ой жүгүрткөн интеллектүү касиеттери жогорудагы айыӊ кептерден алда канча бийик тургандыгын далилдейт. Чындап келгенде Асакебиздин ишмердик деӊгээли ал аркалап келген кызматтардан да жогору болушка мүмкүнчүлүгү бар болучу. Маселеге ушул жагынан баа бергенде Турдакун Усубалиевичтин кызматтык абалы Асакеге кандайдыр бир негизде тоскоол болуп келгендей пикир жаратат. Бирок ал кызматтык мансапты кууган жок. Тарыхтан биз билгендей мезгилинде даӊкы таш жарган кызматтагы белгилүү адамдар тактыдан түшкөндө же бул дүйнөдөн кайтканда ысмы оозго илинбей калган фактылар өтө эле көп. Асанбек Стамовдун 80 жылдык мааракесине арналган биздин ушул чакан макалабыз анын кызматтык абалын эмес, адамгерчилик жана чыгармачылык кудуретин окурмандардын эсине дагы бир ирет салып коюуну көздөдү. Калеминен көөр төгүлгөн чоӊ таланттын каны-жанынан жаралган көөнөрбөс чыгармалары Асакенин экинчи өмүрүн, узак өмүрүн сүрүп келет.

Жылкычы ЖАПИЕВ, жазуучу