Ноодогу кат же Сахаба тарыхый, маданий, диний эстеликтери

Ноокат шаарынан 5 км аралыкта, Жаңы Ноокат айылынын түштүк тарабында Чили Сай дарыясынын боюнда Сахаба комплекси жайгашкан. Комплекс дегенибиздин себеби, бир жерде аскадагы байыркылардын 486 кв метр аянттагы ыйык салам каты, Ислам дүйнөсүнүн сахабаларынын бейиттери, ислам дин таркатуучуларынын улуу кол башчылары Кутейба ибн Муслим менен Убайдулла бин Зияттын мавзолейи, Кароол-Дөбө мазары, Сурпа-Таш (Супура) мазары, байыркы Чыны Завод эстеликтери жайгашкан.

Сахаба аймагы стратегиялык жак-тан өзгөчө жерде жайгашкан. Айланасы тик аска-зоо, тар капчыгай, баш жагы алыскы Алай өрөөнүндө жана тоо-дон келген дарыя суу болуп, коргонгонго ылайыктуу. Бул жер стратегиялык жактан ыңгайлуу болуп чоң армиялардын штабы, соода сатык кылган ишкерлердин Кербен сарайы, Улуу жибек жолу-нун тоому болуп келген. Ошол себептен, кичинекей аймак көптөгөн тарыхий, ма-даний, диний, илимий жерлердин очогу, борбору болгон.

Жергиликтүү элдин маалыматтарына караганда, Чынгызхандын армиясы ошол жерде токтогон, баш ийбегендиги үчүн жергиликтүү тургундарды кырып салган. Бабурдун келгендиги жөнүндө да маалымат бар. Сахаба сейил багынын түштүк тарабында, Чили-Сай аска-тоосунун бетине сүрөт жазма чегерилген. Ошол тоо чыгыштан батышты карай экиге ноо түрүндө бөлүнгөн. Ошондук-тан аны жергиликтүү эл Кескен-Бел деп аташат.

Бул  жердеги  аска-ноону  жергиликтүүлөр «Туяк» деп да аташат. Бул жерге келип тооп кылуучулар көп. Жайдын күндөрү күнүгө 700-800гө жакын киши келип турат. Азыркы күндөгү геологдордун айтуусу боюнча бул аска-ноо мындан бир нече миллион жыл мурун бүтүптүр. Алар бул көрүнүштү геотек-тоникалык граниттик кыйроодон пайда болгон деп айтышат.

Чили-Сай аска-ноосу – керемет ноо, тик кесилген, ак мармар таштан. Анын жалпы узундугу 2,5 км, туурасы 9-10 м, бийиктиги 45-50 м. Биз сөз кылып жаткан сүрөт жазма – байыркылардын Ноодогу каты, аска ноонун түштүк бетине чегилиптир, анын кан жол жагына Чили-Сай дарыясы жак булуңуна тартылыптыр. Бул сүрөт жазма 486 кв чарчы метрге барабар. Сүрөттөлүштүн бийиктиги жерден 3-3,5 метрден башталат. Бул жерди байыркылар ааламды, асманды элестетип тартышкан, ай, күн, жылдыздардын элестерин чагылдырышкан. Бул сүрөттөлүштөр байыркы адамдардын жашоо мыйзамы, астрономиясы, астрологиясы, бай мурасы, философия-сы, ай күн санагы, күнүмдүк колдонуучу календары.

Турмуштук зарылчылыгынан ошол жер космос мейкиндигин изилдей турган  борбор  –  обсерватория  болгондугу  чындык.  Бул  эстеликтин  или-мий баалуулугунда, көркөм маданий кереметтүүлүгүндө шек жок. Байыркылар Фергана өрөөнүнөн алыскы жерлерден келишип, ай, күн, жылдыздардын тогошуусун, быйылкы кыш, жаз, жай, күз кандай болоорун, аба ырайынын кубулуштарын ушул сүрөттөлүштөр аркылуу изилдешип бай маалыматтарды алып турушкан.

Ноодогу байыркылардын катынын кууш капчыгайга жайгаштыруусу, кууш капчыгайга кескен белдин ноонун перпендикуляр жайгашып калуусу жөн жеринен эмес. Бул аска-ноо андагы эки чокуга учташ. Эки учтун горизонттук абалы 800 метрге барабар. Анын эки жаасы аталган горизонтко болгон байланыштыгы, жарыктын жылыштыгы-на байланыштыгы көрүнүп турат. Бул байыркылардын обсерваториясынын шастисин, бурч ченегичин элестетип турат.

Ушул аймактын Сахаба аталып калышы  жана  канатташ  төмөнкү  ыйык  жерлердин  бир  жерде  жайгашып калуусу жөн жеринен эмес, бул жер-ге  окшогон   маданий,  тарыхий,  диний комплекс Борбор Азияда эч жерде кездешпейт.

Ошондой эле ушул тарыхий шедеврге канатташ бир аз төмөнүрөөк Кароол–Дөбө, Сурпа-Таш ата (Супура), Сахаба мазары ислам Сахабаларынын кабыры мавзолейи, Чыны-Завод эстеликтери жайгашкан. Кароол-Дөбө эстелиги байыртадан эле белгилүү. Аны биринчилерден болуп, Санкт-Петербургдук окумуш-туу Заднепровский ачат. Эрмитаждагы бай экспонаттардын бири болгон жакут булбул сырга, байыркы фараондордун таажысына коюлган алтын короз Кароол–Дөбөдөн алынып барылат. Кароол-Дөбө мүрзө эстелиги бир кезде өткөн фараон падышанын кабыр сарайы бол-гон. Азыркы күндө Алтын короз таажы-нын ээси Сахабада жашайт, 150 рублге менчикке күбөлөндүргөн квитанциясы колунда. Эрмитаждан алтын корозду алып келүү биздин ыйык милдет. Учурда Кароол-Дөбө кабыр сарайы чачылып жок болууда, археологиялык тактоолорго, корукка алууга муктаж .

Сурпа-Таш  ата  мазары  ушул  эле чөлкөмдүн  түндүк-чыгыш  чегинде жайгашкан. Ал жерде таш үймөк жана атайын таштан тизилип жасалган туурасы  25  метр  узуну  28  метр  аянтча бар. Өзгөчө таш үймөктүн үстүнө чоң жалпак  таш  коюлган.  Төрт  таштын бетине арабча жазылган. Бул таштар жергиликтүүлөрдүн айтуусунда Сахаба көрүстөнүнөн алынып келүүсү да мүмкүн.

Сахаба чөлкөмүндөгү ташка жазыл-ган араб жазуулары 500-600дан ашат. Эгер бул таштарды толук чогултуп кайрадан окуп чыккан болсо, элибиздин бай тарыхы дагы айкын боло түшмөк. Булардын жөнөкөй адамга арналбагандыгына тарых күбө. Маселен, мындай жа-зуулардын бири Сахаба көрүстөнүндөгү бир бейитке коюлган таш кылыч, ан-дагы маркумга карата чегилген диндик түшүнүк.  Сахаба  көрүстөнүндө  араб жоокерлери коюлган, ал бейиттердин бетинде  таш  менгирлер  жайгаштырылган, ар биринин бетине арабча жазуулар калтырылган, бул жазуулар ислам илимпоздору тарабынан изилденүүгө муктаж.

Сахаба көрүстөнүндөгү эки мавзолей кабыр божомол боюнча 715-жылдарга таандык. Ислам илимпоздору-нун айтуусунда ага Аравиядан келген кол башчы, ислам динин Борбор Азияга таркатуучу Кутейба ибн Муслим коюлган. Ал 668-жылы Иракта Басрада туулган. Кутейба ибн Муслим арабдардын бахилит уруусунан чыккан. Араб халифатынын дин таркатуу жортуулдарынын  атактуу  кол  башчыларынын бири болгон. Согуш чеберчилигин жакшы билгендиги, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында Хорасанды 704-жылы башкаруучулукка дайындалган. Арабдардын Борбор Азияга мусулман динин таркатуу ишмердигин уюштурууну, аны жетектөөнү өз мойнуна  алган  жана  ийгиликтүү  аягына чыккан.

Айрыкча Мавераннахрды каратууда  фантастикалык  ийгиликтерге  жетишкен. 708-жылы Кешти багындырган, 709-жылы Бухараны, 712-жылы Хорезм менен Самаркандды, 713-жылы Чачты (Ташкентти) багындырган, 714-жылы Фергана өрөөнүн багындыр-ган. 715-жылы ошол кездеги жаңы шайланган халиф Сулайман менен пикир келишпестиктер болуп, араб кутумчулары тарабынан Фергана өрөөнүндө, Ферганадан 35 фарсак чыгыш чөлкөмдө тоонун түбүндө өлтүрүлгөн деген маалымат бар. Кутейба ибн Муслимдин Өзбекстан аймагында бир нече жерде мавзолейи бар.

Эмне үчүн Кутейба ибн Муслим Сахабада коюлган? Сахаба деген аталыш Борбор Азияда башка жерде кездешпейт. Сахаба бейитинде араб жоокерлеринин сөөктөрү, Кутейба ибн Муслимдин сөөгү Ферганадан 35 фарсак чыгыш тарапта тоонун түбүнө коюлган деген маалымат бар. Сахаба бейитинде арабдардын биринчи жортуулдарын-да коюлган таштардын эски өңү-түсү билинип  турат,  кийинкилери  даана жазылган.

Арабдардын биринчи, кийинки жортуулдарында мүрзөгө коюлган таштардагы жазууларга караганда Сахаба туруктуу  аракеттеги  генералдык  штаб болгон сыяктуу. Арабдардын бардык

жортуулдарында жоокерлерди Сахаба бейитине койгондугу мусулманчылык Фергана өрөөнүнө Кыргызстанга ушул жерден таркагандыгына далил болуп турат. Дагы далилдер – ушул жерде биздин заманга чейинки биринчи кылымдарда  чегерилген  сүрөттөлүштөрдүн бардыгы, фараондордун эн белгиси – алтын короз таажысынын Сахабадан табылгандыгы, жакут вольфрам сырганын Сахабада чыккандыгы, ачык асман алдындагы обсерваториянын ушул жерде жайгашканы, байыркы Кытай чыны  заводунун  ушул  жерде  жайгашканы,  Чынгызхандын,  Бабурдун келгендиги.

Экинчи мавзолей кабырга колбашчы Убайдулла бин Зият коюлган деген божомол бар. Сахаба көрүстөнүндөгү араб жоокерлери коюлган бейиттер жана улуу колбашчылар коюлган мавзолей кабырлар кароосуз калган, реставрацияга муктаж. Араб жазуулары бар таштарды жергиликтүү тарых сүйүүчүлөр үйлөрүнө алып барып коюп алгандыгы да айтылат. Жергиликтүү молдо Сахаба бейитинин бир капшытына 1937-жылдары көптөгөн арабча жазылган таштарды НКВДдан жашырып, түн ичинде  көмдүрүп  жибергендиги  тууралуу 90 жаштагы карыя айтып берди. Эртеси  күнү  ал  молдону  репрессиялап жиберишкен.

Ноодогу сүрөт чиймелерин изилдегенде, Чыны –Завод маалыматтарына көңүл буруубуз зарыл. Заводдун аянты 1-1,5 гектар жерди ээлейт. Ошондой эле анын бетин качандыр бир учурда анда иштетилген узуну 35-40, туурасы 15-20, тиги 7-10 см келген кыш калдыктары каптап жатат. Байкашыбызча бул жерде затты бышырышкан эмес, жогорку температурадагы ысыктыкта эритип алыш-кан. Заводдун көп бөлүгү жер астында жайгашкан. Ал жерде иштетилген зат калдыгы жөнүндө сөз козгогондо, анын геохимиялык элементи байыркы кытайлардын чыны жасоочу фарфор минералына окшобостугу, тескерисинче көк жашыл дат баскан жез шлак экендиги талашсыз. Натыйжада Ноокат өрөөнүндөгү тоолордон жез рудасын казып келип эритишкен  деген  тыянак  чыгарууга болот.

Ошондой эле Сахаба аймагынын ба-тыш жагынан орун алган тоо, таштар азыркыга чейин бири-биринен 50-60 метр аралыкта катар тизилип турушат. Бул таштар да Ноодогу кат сүрөт чийме-леринин бир комплекси. Байыркылар  бул  асканы  Ноодогу кат, Ноодогу кат аймагы деп жүрүп, Ноокат аталып кеткен. Байыркылардын бизге жазып кеткен аска зоо бетиндеги салам катын келечектин илимпоздо-ру так, даана аныктап беришине күмөн жок.

Ноодогу кат сүрөт чиймелери жана андагы астрономиялык туюнтмалар, Сахаба бейит кереметтери элибиздин келечектеги муунга энчиленген энциклопедиясы дей кетмекчибиз. Жалпы алганда бул кереметтер тез арада изилденүүгө, терең реставрацияга муктаж. Азыр ушул долбоордун үстүндө тарыхий чоң иш жүрүп жатат, тарыхий акыйкаттуулук ордуна келиш керек. Эң негизгиси бул аймак Кыргызстандын, Борбор Азиянын, Ислам дүйнөсүнүн тарыхында өз ордун ала турган жер.

Өз салымын кошом деген инсандарга биз кызматташканга даярбыз.

Абдырахман АЙДОСОВ, Бишкек шары