Парламент социалдык өнүгүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңештин 105 депутаты Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин колдоду.

Эске салсак, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев социалдык өнүгүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин көрсөткөн. Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон.

Эске салсак, Таалайгүл Исакунова социалдык өнүгүү министри кызматынан 11-октябрда бошотулган.