Криштиану Роналду салык төлөбөгөнү үчүн кесилип кетиши мүмкүн

«Реал Мадрид» футбол клубунун жана Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду кылмыш жоопкерчилигине тартылып же сегиз миллион евро өлчөмүндөгү айып төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу Еlespanol сайтына шилтеме берип Р-Спорт жазып чыкты.

Маалыматка караганда, эң көп кирешелүү футболчулардын сап башында турган Роналду 2011-2014-жылдар аралыгында имидждик укуктар боюнча кирешесинен сегиз миллион евро салык төлөгөн эмес.

Испаниянын салык кызматында муну тастыктай турган документтер бар. Бирок спортчуну кылмыш жазасына тартуу же маселени административдик жол менен чечүү боюнча чечим кабыл алына элек.

Эгер Роналдуну кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими кабыл алынса, ал ар бир жыл үчүн (2011, 2012 жана 2013) төрт айдан абакка отурууга туура келет. Ал эми административдик жол менен чечилсе, мамлекетке 8 миллион евро төлөп бериши зарыл.