Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Шоопурдун кармалышында эмне бар?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу Икрамжан Илмияновдун камалышы коомчулукта чоң резонанс жаратты.

Чынында бул катардагы эле кылмыш иши болууга тийиш эле. Бирок, А.Атамбаевдин бийлиги убагында айдоочунун кандай роль ойногонун эске алсак, анда суроонун жообу табылат.

А.Атамбаевге чейинки эки президенттин – А.Акаев менен К.Бакиевдин убагында алардын үй-бүлөлөрү мамлекетти башкарууга кийлигишкени, айрым бир маселелерде президенттер өздөрү “алсыз” болуп калышканы айтылып келет.

Атамбаев  алардын  мындай  жоругунан сабак алдыбы, айтор, үй-бүлө мүчөлөрүн ачык аралаштырган эмес. Ошол эле учурда көмүскө иштерде анын мурдагы жан сакчылары менен айдоочусу, анан К.Бакиевдин убагында аппаратта иштөө менен маселелерди чечүүгө көмүскө таасир этип келген Сапар Исаков сыяктуулар “алдыңкы орунга” чыгышкан. Ошондон улам, катардагы ай-доочунун (И.Илмияновдун бир аз убакыт мамлекеттик кызматтарда иштегенин эске албаганда) кармалышы сенсация жаратып жатат.

Эми  анын  тергөөдө  жана  сотто  ачыктаган  маалыматына  жараша  эски  бийлик  убагындагы  көптөгөн  көмүскө  нерселер коомчулукка ачыкталышы да толук мүмкүн.