Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Карим КӨКҮРӨКБАЕВ: «Эл башчынын Кайрылуусунда cоциалдык маселелерге өзгөчө көңүл бурулган»

24-октябрда Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Карим Көкүрөкбаев Кыргызстандагы казак маданий борборлорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин «Казакстандыктардын байгерчилигинин өсүүсү: киреше менен жашоо сапатын жогорулатуу» деп аталган Кайрылуусу боюнча пикир алмашылды, ошондой эле кыргыз-казак кызматташтыгына жана Кыргызстандагы казак диаспорасынын ишмердигине байланыштуу маселелер козголду.

Элчи мекендештерине Казакстандын мам-лекет башчысынын кезектеги Кайрылуусунда көтөрүлгөн жагдайларды жөнөкөй тил менен кеңири жана түшүнүктүү баяндап берди. Карим өкүрөкбаевдин айтымында, өлкө эге-мендигин жарыялагандан берки мезгилдеги бул – Казакстандын Конституциясына ылайык, Президенттин 21-Кайрылуусу экен. «Эл башчыбыздын бардык Кайрылуулары убакыт талабы менен жуурулушуп тургандыгы менен маанилүү, ал эми быйылкынын мазмуну терең, анткени мында социалдык маселелерге өзгөчө көңүл бурулган, анын өзөгү калктын жашоо турмушунун сапатын жогорулатуу-га багытталган», — деди Карим Көкүрөкбаев.

Кайрылууда белгиленгендей, 2019-жылдын 1-январынан баштап Казакстан Республикасында жумуш иштегендердин эң төмөнкү эмгек акысы 1,5 эсеге көбөйөт. Учурдагы 28 миң теңге 42 миң теңгеге чейин көтөрүлөт. Бул ар кандай ишканалардагы 1 миллион 300 миң адамга тиешелүү. Н.Назарбаев мамлекеттик жана мамлекеттик-жеке макамдагы гана эмес жеке менчик ишканалардын жетекчилеринен да кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү талап кылды. Ал эми бюджеттик мекемелерде иштеген 275 миң кызматкердин эмгек акысы орто эсеп менен 35 пайызга өсүүсү зарыл. Ушул мак-сатта 2019-2021-жылдарда республикалык бюд-жеттен жыл сайын 96 миллиард теңге бөлүнүп турат. Кайрылууда киреше булагы көрсөтүлгөн. «Бизнестин жол картасы – 2020» программасы 2025-жылга чейин узартылып, экономиканын башка тармактарын кошпогондо, ишкердүүлүк чөйрөсүндө үч жылда 22 миң жаңы жумуш орду ачылып, бюджетке 224 миллиард теңге салык түшүрүү мерчемделген.

Кайра иштетүү өнөр жайы жана чийки заттык эмес экспортту колдоо үчүн, мурункусун айтпаганда, 3 жылга азыркыга кошумча 500 миллиард теңге бөлүнөт. Казакстандын Улуттук банкы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруучу ишкерлерге 600 миллиард теңге көлөмүндө кайтарымы узак мөөнөттүү насыя бермекчи. Бизнести чет өлкөлүк инвестиция, капитал менен жетиштүү камсыз кылуу үчүн «Астана» эл аралык финансы бор-борунун кызматын пайдалануу сунушталган.

Казакстандыктардын жашоо сапатын жогорулатуу жолунда Н.Назарбаев сегиз милдетти белгилеген. Алардын башкысы – билим, илим жана саламаттыкты сактоо тармактарын өнүктүрүүгө ИДПнын 10 пайызы деңгээлинде каржылоо каралган. Үч сменалуу жана өзгөчө кырдаалга кабылышы мүмкүн мектептердин көйгөйлөрүн чечүүгө мамбюджеттен кошумча 50 миллиард теңге бөлүнөт.

Элчи медициналык тейлөөнүн сапатын арттыруу жаңы нукка салына тургандыгын баса белгиледи. 2019-жылдын 1-январынан баштап бардык бейтапканалар менен ооруканалар медициналык документтерди кагаз-сыз, санариптик жүргүзүүгө өтүүгө тийиш. Бул 2020-жылга карата бардык тургундардын электрондуу саламаттыкты сактоо паспортторун жасоого, кезектерди, бюрократияны жоюуга, кызмат көрсөтүү сапатын арттырууга мүмкүнчүлүк берет. «Мисалы, — деди

К.Көкүрөкбаев, — бир облуста жашаган адам башка облуска иш боюнча же мейманга барып, сыркоолоп калса, медициналык мекемеге электрондук медициналык карточкасын гана көрсөтүп дарылана алат». Ошондой эле, Карим Көкүрөкбаев бүгүнкү күндө Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууга мүмкүнчүлүктөр арбын экендигин атап өттү.

Кыргызстандыктар  дарыгер  издеп, Түштүк Кореяга барбай эле, жакын жердеги Алматыга же Астанага барып, ошондой эле чек аралаш облустардагы казактар борбор шаарларга барып, убара болбой эле Бишкекке келип дарыланса болот. Бул тууралуу элчинин Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен жолугушуу учурунда билдирген конкреттүү сунуштары эми эки өлкөнүн өкмөттөр аралык деңгээлинде каралмакчы.

Казакстанда турак жай ипотекасынын жетиштүүлүгүн камсыздай турган «7-20-25» программасы жүзөгө ашууда. Бул боюнча 250 миңден ашуун үй-бүлө турак-жайын жакшырта алышат. Ал эми бюджеттин эсебинен, беш жылдын ичинде инфратүзүмү кошо курулган турак жайлар менен 650 миң үй-бүлө камсыз кылынмакчы. Демек, 2 миллиондон ашуун адам батирдүү болот.

«Нурлуу жол» программасынын алкагында 2015-жылдан бери эле 2400 чакырым автомобиль жолу кайра салынган. 2020-жылга чейин дагы 4600 чакырым жол пайдалануу-га берилмекчи. Учурда жергиликтүү маанидеги жолдорго 150 миллиард теңге, айылдарды таза суу менен камсыз кылууга 100 миллиард теңге каржы бөлүнгөн. Элчи Кыргызстан менен Казакстандын транспорттук кызматташуусун өнүктүрүү боюнча өз оюн да ортого салды. Ал Алматы облусунун акими-не (башчысына) «Талдыкоргон – Алматы – Тамчы – Бишкек» жана «Бишкек – Тамчы – Алматы – Талдыкоргон» авиакаттамы ачылса, жүргүнчүлөрдүн мээнети жеңилдеп, өтө ыңгайлуу болорун, убакыты үнөмдөлө тургандыгын, эң башкысы, эки өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзүлөрүн демилгелеген. Ошону менен бирге, элчи «Талдыкоргон – Алматы –Каракол» автожолун куруу жүздөгөн чакырымдарды кыскартарын билдирди.

Элчиликте өткөрүлгөн иш-чарага Кыргызстан эли ассамблеясынын тутумундагы Кыргызстан казактары ассоциациясынын төрайымы, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Асылбаева жана республикадагы казак маданий борборлорунун өкүлдөрү катышышты.

Ергали АБДИКАИМОВ, Кыргыз-Казак университетинин ага окутуучусу, юридика илимдеринрин кандидаты