«Коопсуз шаар» ордунан козголобу?

Бүгүнкү күндө «Коопсуз шаар» долбоорунун айланасында кайрадан чырдашуу башталды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында «Акылдуу шаар» долбоорунда камтылган «Коопсуз шаар» компоненти боюнча онлайн түрүндө аукцион өткөрүлгөн. Аукциондун конкурстук комиссиясына Жогорку Кеңештин бардык фракцияларынын депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери болушуп, 33 адам мүчө болуп кирген. Чынында мындай курамдагы комиссия конкурстун кайсы бир катышуучусуна жан тартып же кыңыр иш кылуусу дээрлик мүмкүн эмес. Андан тышкары, конкурстук процессти жалпы коомчулукка ачык жеткирүү үчүн 17 маалымат каражаты чагылдырып турду. Аукциондун старттык баасы 2,5 млрд. сом болуп бекитилген.

Конкурска Россиянын «Концерн радиостроения «Вега» акционердик коому, «Альфа Телеком» ЖАК жана «Маалымат системасынын коопсуздугу» аталган үч ишкана катышкан болчу. Онлайн аукциондун жыйынтыгы менен «Концерн радиостроения «Вега» ишканасы долбоорду ишке ашыруу  боюнча эң төмөнкү бааны сунуштады. Андан соң абройлуу конкурстук комиссия «Веганын» квалификациялык жана техникалык талаптарын карап текшерип чыкты. Жыйынтыгында 12-сентябрь күнү аталган ишкана конкурстун жеңүү чүсү болуп чечим чыгарылды. «Веганын» Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамына ылайык каржылык абалынын шайкеш келүүсү да аудитордук аныктоодон өткөрүлгөн. Акыры келип, бул ишкананын сунуштоосу 2,32 млрд. сомду түзүп, долбоордун наркын 0, 23 млрд. сомго төмөндөтүүгө жетишилди. Мындан алты жыл мурда өткөрүлгөн “Коопсуз шаар” долбоору менен азыркысынын ортосунда бардык тараптан алып кара-ганда чоң айырма бар. Долбоордун наркы ылдыйлатылып, коомчулуктун көз алдында ачык өттү.

Көрүнүп тургандай, бардык процесс өз орду менен жакшы эле бара жаткандай болгон. Бирок, «Коопсуз шаар» долбоорун ордунан жылдыра турган күн келди деп, үмүттөнүп турган коомчулуктун маанайы суугандай эле иш болду. Конкурстан утулуп калган «Маалымат системасынын коопсуздугу» ишканасы 22-сентябрда Мамлекеттик сатып алуулар департаментине караштуу Ведомстволор аралык көз карандысыз комиссияга даттануу менен кайрылды. Даттанууда «Веганын» мындай долбоорлорду аткарууга тажрыйбасы жок жана акыркы үч жылда бул сыяктуу ишмердүүлүк жүргүзгөн эмес деген дооматтар коюлган. Үч кишиден турган Ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия онлайн түрүндө өткөрүлгөн отуз үч адамдан турган чоң ко-миссиянын жыйынтыгын жокко чыгарганы да кызык көрүнүш. Долбоорду ишке ашырууга жоопкерчиликтүү орган катары Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитети аргасы кетип, Ведомстволор аралык көз карандысыз комиссиянын жыйынтыгы-на канааттанбаганын билдирип, анын чечимин жок-ко чыгаруу өтүнүчү менен Райондор аралык сотко кайрылды.

“Буюрса,  иш  ордунан жылып кетсе, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 110 аппараттык-программалык комплекс ишке киргизилет. Алардын ичинен 38 көчөлөрдүн кесилишине, 4 ылдамдыгы жогорулатылган аймактардын жолдоруна, 48 Бишкек-Ош, Бишкек-Чалдовар, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек – “Манас” эл аралык аэропорту жана Бишкек – “Ак-Жол” чек-ара бекетине чейинки аралыктарга орнотулуусу каралып жатат. Андан тышкары, долбоордун 20 жылдырып жүрүүчү комплекси менен камсыздалуусу пландашылып жатат”, — деп билдирди Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинин пресс кызматы. Бирок, соттошуу канчага чейин созулат кеп ошондо калды.

Тендердин шарттары боюнча “Коопсуз шаар” долбоорунун жеңүүчүсү жабдууларды сатып алуу, иштетүү сыяктуу бардык милдеттерди өзүнө алат. Тактап айтсак, дол боорду ишке ашырууга мамлекеттен бир сом да коробойт.

Бирок, айрым чиновниктердин долбоордун ишке ашуусуна кедергисин тийгизип жатканы көрүнүп калды. Бул тууралуу Жогорку  Кеңештин  Укук  тар-тиби, кылмыштуулук менен күрөшүү  жана  коррупцияга каршы аракеттенүү боюн-ча комитетинин жыйынында айтылды. Комитет жетекчиси, депутат Н.Никитенко жети жылдан бери аталган долбоор ордунан жылбай, жол кырсыгынан адамдар мерт кетип жатат. Жыл башынан бери 4469 жол кырсыгы катталып, андан 612 адам каза болгонун белгиледи. Ошого карабай аталган долбоорго тоскоолдуктар токтобой жатат.

Комитет жыйынында “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылуусуна кедергисин тийгизген жетекчилерди аныктап, тиешелүү жазасын берүү керектигин айтышты. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов азырынча факт жок болсо да, мындай пикирге кошулаарын билдирди.

Кыргызстанда дээрлик күнүгө жол кырсыгы катталып жатат. Андан орточо алганда жыл сайын 1000ге жакын адам каза болууда. Акыркы он жылдын ичинде өлкөдө 11.553 адам жол кырсыгынан мерт кетип, анын ичинен 958 балдар экени абдан өкүнүчтүү. 2011-жылы эле Бүткүл дүйнөлүк банк өз маалыматында Кыргызстанды дүйнөдөгү жол кырсыгы эң көп катталган мамлекеттердин катарына кошкон. Мына ошондон бери “Коопсуз  шаар” долбоору тууралуу иштер башталып, анын тагдыры убалдан коркпогон жетекчилердин айынан жүзөгө ашпай келе жатат.

Талашы түгөнбөгөн бул маселеде Өкмөттүн өзүнүн да чыдамы кетти. “Коопсуз шаар” долбоорун өз иш-чарасынын приоритеттүү тизмесине киргизип алган “Жаратмандык, биримдик жана ишеним” аталыштагы азыркы Өкмөт соттун чечимин күтүп отурбай ишти аймактардан баштамак болууда. Кубатек Боронов парламентте: “Долбоорду Бишкекте ишке ашыруу кечеңдесе, аймактардан – Нарын менен Таластан баштай беребиз”, — деп билдирди.

Н.АЛИЕВА

0 Поделились