Ак илбирсти атпагыла, аны сактагыла!
Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”
К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинде 23-октябрь Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнүнө карата атайын флешмоб болуп өттү. Аны Кыргызстандагы NABU уюму (Германиянын жаратылышты коргоо союзу) жана Х.Карасаев атындагы БГУ уюштурган.
Кыргызстанда союз тарагандан кийин байкоо жүргүзүүлөр боюнча илбирстин саны 1200дөн 300гө чейин түшүп кеткен. Дүйнөлүк коомчулук коргоп калуу максатында 1976-жылдан баштап “Кызыл китепке” киргизген.
2013-жылы Бишкекте өткөн ак илбирсти сактоо боюнча өткөн форумдан кийин 23-октябрь “Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнү” катары белгиленип келет. Бишкек Гуманитардык университетинин Экология жана менеджмент факультетинин деканы Мирлан Дылдаев: “Дүйнө жүзү боюнча канча илбирс калганын так айтуу мүмкүн эмес. Анткени ар кайсы өлкөдө ар башка маалыматтар айтылып жүрөт. Анын үстүнө илбирс бир аймактын жаныбары болуп саналбайт. Ал аймак которуп турат. Ак илбирстин жоголушуна кооптуу жагдайлар болуп алардын тамак-ашы болгон тоо текелерине аңчылык кылуу, тоо-кен иштери ж.б. болуп саналат. 12 өлкөдө аталган жаныбарды сактоого багытталган атайын стратегия иштелип чыккан. Биздин өлкөдө бул багытта бир катар иштер жүргүзүлүп жатат. Алсак, ак илбирстердин эсебин тактоо, алардын тамактануучу базасын баалоо жана ошого жараша айрым аймактарды коргоого алуу боюнча иштер жасалып жатат”, – деп билдирди.
Ак илбирске аңчылык кылгандарга мыйзам боюнча 1,5 млн. сом айып салынат же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралаган. Ошентсе анын терисине көз арткандар азайбай келет. 26-октябрда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Мыйзам долбоору Кыргызстандын жашыл экономикага өтүү аракетинин алкагында иштелип чыккан. Анда аңчылыкка чек коюп, жапайы жаныбарларды атууга 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев: “Жөнөкөй тил менен айтканда бир жагынан илбирсти сактайбыз деп жатабыз. Ал эми экинчи жагынан алардын тамак-ашын атып жатабыз. Азыр бардыгы коммерцияга айланып кетти. Чет элдиктер келип, аңчылык кылып жатышат. Алар айтып жатат жарабай калган, начарларын атып жатабыз деп. А бирок жанында жүрбөгөн соң кандайларын атып жаткандарын кайдан билебиз? Аңчылык деген аңчылык да. Бул мыйзам долбоору илбирстин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Эгер ошондой болуп, илбирстер көбөйүп калса, биздеги жаныбарларга чет элдиктер мылтыктан эмес, фотоаппараттан кароого кызыгып келишсе, жаманбы”, – деген пикирин билдирди.