Улуттук банк кезектеги коллекциялык тыйынын Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнады

Улуттук банк бүгүн “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы” аттуу коллекциялык тыйынды жүгүртүүгө киргизет. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, коллекциялык тыйын залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына чыгарылган.

Тыйындын алдыңкы тарабынын негизги сюжети Ч.Айтматовдун портретинин сүрөтү жана факсимилеси болуп эсептелет. Анын айланасында “Чыңгыз Айтматов – 90 жыл” “Chingiz Aitmatov – 90 years” деген жазуу жайгаштырылган. Оң жагында тыйындын номиналы көрсөтүлгөн.

Тыйындын арткы тарабынын жогорку бөлүгүндө КР герби жайгашкан. Тоолордун жана Ысык-Көлдүн фонунда ак кеме жана бугу эне чагылдырылган. Төмөнкү бөлүгүндө тыйындын чыккан жылы көрсөтүлгөн (2018). Ар бир тыйын акрил капсуласына салынып, сертификаттын тиркемеси менен өзүнчө кутуга салынган.