Тоо-кен тармагын кантип Кыргызстандын пайдасына иштете алабыз?

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Тоо-кен тармагы Кыргызстандын башкы байлыгы. Тилекке каршы эгемендик жылдарынан бери аларды “жыргатып” иштете албай этегибиз узарбай келет. Ошол эле учурда бул тармактын гүлдөп өсүшүнө көздөрү жеткен белгилүү окумуштуу адистерибиз бийликтин эшигин каккылап, өз үндөрүн угуза албай келишет. Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясы тажрыйбалуу кесипкөй-адистерди, окумуштууларды жана эмгек ардагерлерин бириктирген, бай тарыхы бар (1996-жылы түзүлгөн), бараандуу уюмдардын бири. Ассоциация жакында эле өлкөдөгү үч бийликтин бутагына Кайрылуу жасашып, тоо-кен өндүрүшү боюнча кечиктирилгис, талылуу маселелерди козгоп, өз сунуштарын айтып чыгышты. Ошондой эле Ассоциация мүчөлөрү эч кандай оппозициялык маанайда эместигин, болгону эле тоо-кен тармагы өнүксүн деген тилектери бар экендигин да билдиришти. Биз аталган ассоциациянын айрым мүчөлөрүн “Кыргыз Туусу” гезитинин куттуу төрүнө чакырып, көтөрүлүп жаткан маселелери боюнча “Тегерек үстөл” өткөрдүк. Ага катышкандар: Картайбек Мукамбетов, тоо кен инженери, Кыргызстандын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмери, Шергазы Мамбетов, тоо-кен инженери, техникалык илимдердин доктору, профессор, Орозбек Дүйшеев, Кыргызстан тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти, тоо-кен инженери, Кыргызстан инженерлик Академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын өнөр-жайына эмгек сиңирген ишмери. Тажибаев Кушбакали, тоо-кен инженери, техникалык илимдердин доктору, профессор, Дүйшөнбек Камчыбеков, ассоциациянын башкармалыгынын биринчи орун басары, тоо-кен инженери, техникалык илимдердин доктору, Кыргызстан инженерлик Академиясынын академиги.

“Жер казынасы” мыйзамынын “жел кирген” жактары арбын…

– Сиздер тоо-кен адистеринин катышуусу менен “Жер казынасы” мыйзамына мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн, коррупцияга жол берилбеген өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатасыздар. Мындай зарылчылыктын келип чыгыш себептери эмнеде?

Картайбек  Мукамбетов: Алла таалам кыргыз элине жакшы эле жер байлыгын бериптир. Аны Кыргызстандын кызыкчылыгына иштетип, экономи-кабызды көтөрсөк болор эле. Бирок кен байлыгын иштетүү  дайыма  чыр-чатактар менен коштолуп келет. Кайсы жерде кен казылып жатса, ошол жерде ызы-чуу соттошуулар. Буга жол бербей иштетүүгө мүмкүнчүлүк барбы? Бар! Кептин баары “Жер казынасы” мыйзамындагы кенди пайдаланууга берүү жөнүндөгү жоболорго коррупциялык жылчыктардын киргизилип калганында. Айталы, бул мыйзамда кенди иштетүү үчүн алынган лицензияны башкаларга сатып жиберүүгө (экинчи-үчүнчү колго) жол берилип калышы. Анткени лицензияны ар кандай жолдор менен алып алгандар, биринчи кезекте аны иштетүүдөн мурда асмандаган баага сатып жиберүүгө кызыкдар. Же темселеп инвестор издеп жүрөт. Коррупциянын анык уюгу ушул жерде. Баарынан кызыгы акыркы кабыл алынган мыйзамда кенди иштетүүчү менен өкмөттүн ортосунда эч кандай келишим түзүлбөйт деген жобонун кирип калышы. Бул чоң чыр-чатакка алып барат. Себеп дегенде инвестордун да ак ниети, алдамчысы бар. Эгерде эртеңки күнү алар менен соттошуп калсак, ортодо эч кандай келишим болбосо, аягы кандай болуп калат? Ошон үчүн “Жер казынасы” мыйзамын тиешелүү адистер, өндүрүшчүлөр менен   кайра  карап  чыгыш  керек.  Бул  эң  зарыл нерсе!

Ал эми жер казынасын инвесторго берүү жобосун таптакыр өзгөртүш керек. Биздин оюбузча эки этап менен берүү зарыл. Биринчи этабында кенди иштетүүчүнүн укугу такталып, ошол эле учурда кимге бериле тургандыгы аныкталыш керек. Буга азыркы иштелип чыккан критерийлер деле жарайт, бирок андагы үлүш жерлери тууралуу маселени кийин чечсе да болот. Кенди иштетүүгө укук алган инвестор, кендин көлөмүнө жараша аны иштетүүнүн экологиялык, техникалык, кооп-суздук долбоорун мыйзамда белгиленген мөөнөттө иштеп чыгышы керек. Долбоордо жергиликтүү элдин кызыкчылыктары камтылган социалдык пакет сөзсүз камтылышы зарыл. Ошондо жергиликтүү элдин нааразычылыктары жаралбайт. Азыркыдай ызы-чуу болбойт. Мунун баары атайын экспертизадан өтүп жактырылгандан кийин Өкмөт ыйгарым укук берген мамлекеттик орган менен инвестордун ортосунда атайын келишим түзүлүп, кол коюлат. Ал келишимде бардыгы дыкаттык менен камтылат.

Бул жерде Кыргызстандын кенден таба турган пайдасы 50-60 пайызды түзүшү зарыл деп ойлойбуз. Ошондой эле ачык-айкын, бардыгы так көрсөтүлгөн, кол коюлган келишим тургандан кийин аны иштетүүгө тоскоолдук кылган айрым адамдар мыйзам алдында жооп берип калат. Же болбосо кен байлыгын иштетүүдөгү азыркыдай ызы-чууга мыйзам жол бербей калат. Инвестордун да укугу корголот, жергиликтүү элге дагы социалдык жактанколдоо көрсөтүлөт, акыры келип кен байлыктары Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеп, мамлекет да пайда табат.

Кошумчалай кетсем кенди иштетүү долбоору  экспертизалык  органдардан  белгиленген мөөнөттө өтүшү өтө маанилүү. Экспертизадан өткөндөн кийин гана Кыргызстанга пайда түшөбү жокпу анык болот. Түшпөсө кенди иштетүүнүн канчалык кажети бар? Бул жерде эки маселе чыгат, биринчиден эксперттердин тез карап, баарына баа берүүгө деңгээли жетпейт же инвестордон бирдеме үмүт этип негизсиз созуп жүрүп алат. Ушулардын баарын жоюш керек.

Эгерде кенди инвестор өзү иштетсе анда мамлекет өндүрүлгөн пайдага ортоктош болот. Ал эми биргелешкен ишкана түзүлө турган болсо, анда Кыргызстан тарабы каржылоо, кадр маселесине толук кандуу кийлигишкенге механизми, укугу болушу керек. Мына азыр аукцион деп атабыз. Жерүй кенин аукциондо 100 млн.долларга сатып ийишти. Сыртынан караганда чоң акчадай көрүнүшү мүмкүн. Мындай аукционго коюш үчүн кендин геоэкономикалык баасын билиш керек эле да? Жерүйдүкү туура болбой калбадыбы! Азыркы алгандардын эсеби боюнча бардык чыгымынан кийин 1,5 млрд. доллар пайда табышат экен. А биз аны 100 млн.долларга сатып ийбедикпи?! Ушул туурабы?

Дүйшөнбек Камчыбеков: – Мына Жер үй кенинде 100 тонна алтын бар  деп  айтабыз.  Бирок Кыргызстандын бир дагы пайыз үлүшү болбогондук-тан пайда түшпөй жатат. Ошол эле учурда жаманбы-жакшыбы  Кумтөрдө  27 пайыз үлүшүбүз бар. Андан пайда түшүп жатат. Талды-Булак сол жээктеги “Алтын кенде” (70 тонна ал-тын) “Кыргызалтындын” үлүшү 40 пайызды түзүп мындан пайда түшүп жатат. Акыркы учурда “Кыргызалтын” Терек-Сайдагы болгону 10 тонна алтыны бар үч кенди (“Терек”, “Тереккан”, “Перевальная”) иштетүүгө Түркиянын “Эки Бакыр” компаниясын тартышып, мамлекетке 20 млн.доллар пайда түшүрүштү жана 25 пайыз үлүшкө ээлик кылып, башкаруусуна да катышып жатат.

Эми  карап  көргүлө,  10  тонна  алтыны  бар  кенде үлүшүбүз болгондуктан 21 млн.доллар пайда таап жатсак, 100 тонна алтыны бар Жерүй кенинде үлүшүбүз жок-тугунан сыйпалап отуруп калдык. Бул учурдагы “Жер казынасы” мыйзамынын өйдө-ылдый иштеп жат-канынын  анык  күбөсү. Стратегиялык кен байлык-тарында Кыргызстандын үлүшү болбосо ушинтип уттурат  экенбиз.  Демек өзгөртпөсөк болбойт!

Орозбек  Дүйшеев: – Мунун себеби, мыйзам долбоорун  жазып  жатканда адистерди кошушкан эмес. Экинчи жагынан чет элдиктер киришип, өз кызыкчылыктарын көздөшкөн. Акаевдин тушунда Борис Бирштейн, Бакиевдин тушунда Максим аралашып чалмакей чалышкан. Адистерди жолотушкан эмес. Азыр да жолотушпайт. Биздин “Жер казынасы” боюнча мыйзам долбоорубуз да өткөн жок. Бизге мыйзамды кайра карап чыгуу үчүн убакыт керек деген шылтоону айтышууда. Мыйзамдын 10-15 пунктуна өзгөртүү киргизүү үчүн көп деле убакыттын кереги жок. Анан калса мындай мыйзамды иштеп чыгуу үчүн аны даярдагандардын 70 пайызы адистерден туруу керек. Ушуну эске албай жатышат.

“Бир жеңден кол, бир жакадан баш” чыгарбаса тоо-кен тармагы өнүкпөйт

– Тоо-кен тармагында бирдиктүү адистешкен башкаруу системасын түзүү зарыл деген дагы сунушту айтып жатасыздар?

Шергазы  Мамбетов: –  Көз  карандысыз мамлекет катары жашап жатканыбызга  чейрек кылымдан ашты. Бул аралыкта кенди иштетүүнүн жана  геологиялык  чалгындоонун  темпин  да түшүрүп  алдык.  Союз мезгилинде кен байлыктарын иштетүү тармактык негизде жүргүзүлчү. Мисалы, геологиялык чалгындоону Геология, көмүр казууну Өнөр жай, алтынды иштетүүнү Түстүү металлдар министрликтери башкарчу. Союз тарагандан кийин шахтылар, кендер, комбинаттар байытуучу фабрикалар бизде калды. Анын ичинде бир Геологиялык башкармалык бар эле. Мунун баарын бир эле министрлик кылып койсо болмок?! Андай болбой калды!

Тоо-кен өндүрүшү эл чарбасындагы капиталды, өзгөчө илимдин акыркы жетишкендиктерин талап кылган өтө маанилүү тармак. Ошондуктан кенди өздөштүрүү тармагында кадр маселесин, техникалык илимий маселе-ни, экология жана экономика тармагын оптималдуу бир министрликке баш ийдирүү керек. Алтындан баштап кумга, жер алдындагы сууга, аларды иштетүү үчүн инвестиция тартууга чейинки бардык ишти бир мамлекеттик орган алып барса (министрлик же комитет) дурус болмок.

Себеби, кен өндүрүү төрт этаптан: геология, казуу, алгачкы тазалоо, тазалоо (аффинаждоо) технологияларынан турат. Анын үстүнө Кыргызстан бийик тоолуу районго киребиз. Мунун кенди чалгындоодон, иштетүүгө чейинки тескери таасири бар. Эгерде тоо кен тармагы бир жерден бир колдо башкарылса, андагы адистер тоо кен өндүрүшүн экологиялык таасирин эсепке алышмак. Анын таасири күн өткөн сайын курчуп баратат. Бүгүнкү күндө кен өндүрүшүндөгү 78 объектиде 38 млн.тонна  калдыктар  сакталып,  жалпы  аянты  11850 кв.метрди түзөт. Дагы Кыргызстанда 57 уулу заттар калдыгы бар, анда 175 млн. куб уулу заттар сакталып, 50 миң кв.жерди ээлеп жатат. Бул экологиялык коркунучтардын булагы. Аларды жок кылууну жогоруда айтканымдай бир гана тармактык мамлекеттик мекеме ишке ашыра алат.

Мындан  тышкары   союздан  бери  иштетилип  келе жаткан карьерлер бар. Жерибиздин 93 пайызы тоо. Айдоого, тиричилик кылганга жарактуу жерлер 5 эле пайызды түзөт. Ошон үчүн кыргыз алакандай жер бар деп айтат. Эгерде тоо-кен тармагы бир колдон башкарылса ушунун баары иретке салынып, иш ырааттуу жүрөт эле.

Дүйшөнбек  Камчыбеков: – Айрым жетекчилер энергетика тармагынын өтө оор жана масштабдуу тармак экенин моюнга алышып, “энергетикадан колубуз бошобой калат экен” деп келишет. Мындай шарттарда аларга тоо-кен тармагын кошуп коюу жакшы натыйжасын бербей жатпайбы.

Орозбек  Дүйшеев: – Дүйнөлүк экономиканын практикасында: адистештирүү, кооперациялоо, өндүрүштү кеңейтүү деген түшүнүк бар. Мунун саясатка эч кандай тиешеси да болбойт, баш ийбейт дагы. Биздин айрым алысты көрө билбеген жетекчилер ойлогондой кайсы бир тармакты кичирейтип, башкасына кошуп койсо эле иш жүрө бербейт. Адистештирилген өндүрүш, башкаруу болбосо бир дагы тармак өнүкпөйт. Анын ичинде кадрларды даярдоо, тарбиялоо, тиешелүү өндүрүштү уюштуруу өңдүү көптөгөн маселе бар. Андыктан тоо-кен тармагын өз алдынча мамлекеттик орган (агенттик, министрлик же комитет…Кеп аталышында эмес.) катары түзбөсө ишибиз жылбайт.

Илимге таянбасак ишибиз жылбайт

– Тоо-кен тармагын илимий технологиянын акыркы жетишкендиктерине таянып өнүктүрүү, ал үчүн Улуттук илимдер академиясы, Геология институту менен биргелешип иштөө маселесин көтөрдүңүздөр? Учурда абал кандай?

Кушбакалы  Тажибаев: – Тоо-кен өндүрүшү илимге өтө муктаж, илимдин күчүн өзгөчө талап кылган  тармактарга  кирет.  Анын  үстүнө  пайдалуу  кендерди  жердин астынан өзгөчө шарттарда казып алабыз. Экинчи жа-гынан тоо тектери, минералдар өздөрүнүн касиети, түзүлүштөрү боюнча көп сырдуу, көп кырдуу катуу заттарга кирет.

2002-жылы Кумтөрдө кырсык болуп 7 млн. куб тоо теги урап түшүп, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш адис каза болгон. Бул жерде Кумтөрдү иштетүүнүн эсеп-чотун, илимий негиздерин канадалыктар жүргүзгөн. Алардын эсеби, иликтөөсү боюнча эч кандай кырсык болушу мүмкүн эмес эле. Биз кийинчерээк мамлекеттик комиссиянын курамында иштегенибизде канадалык окумуштуулардын билим деңгээли биздин окумуштууларга караганда алда канча төмөн экенин көргөнбүз. 5 сутка мурда атайын коюлган приборлор көрсөткөнүнө карабастан өздөрүнө катуу ишенген канадалыктар эч кандай чара көрүшкөн эмес. Ал эми биз өзүбүздүн ыкма менен андай кырсыктын алдын алмак түгүл, таптакыр болтурбай коюуга мүмкүн экендигин 1 сутканын ичинде далилдеп бергенбиз. Ошол жылы канадалык окумуштуулардын бул жаңылыштыгы 4 тонна алтындын кунуна барабар болгон. Кырсыктын кесепетин жоёбуз деп жатышып, 4 тонна алтынды кем алышкан.

Бул биздин окумуштууларды жолотпой, өзүбүздүн окумуштуулар акча тапсын деген кызыкчылыктан улам келип чыккан кырсык. Муну эмне үчүн айтып жатам?! “Жер казынасы” мыйзамына мындай келишимдерди түзгөндө, илимий камсыздоону жергиликтүү окумуштуу адистер жүргүзсүн деген пункт киргизилсе дейбиз. Биздин окумуштуулардын деңгээли чет элдик окумуштуулардан төмөн эмес экендигин эске алган жан жок.

Эми ЖЭБдеги кырсык боюнча айтсам, реконструкция жүрүп жаткан мезгилде көмүрдү суулап жагуу боюнча сунушубузду айтканбыз. Ошондо зыяндуу заттар учуп чыкмак эмес, көмүрдүн табы жогоруламак, мазуттун да кереги жок болчу. Ал эми бекер суу турганда мазутту кызылдай акчага сатып алып жатпайбызбы. Бул экологиялык, экономикалык жагынан чоң утуш болмок. Мына илимпоздорго, алардын сунуштарына болгон мамиле!

Биздин элде тоо-кендерин өзүбүз иштете албайбыз деген пикир жайылып кеткен. Андай эмес. Биздин кадрлар даяр эле.

Быйыл  Кыргыз  Улуттук  Илимдер  академиясына 75 жыл болот. Кан күйгөн согуш жылдарына карабастан (1943-жылы) илимдин канчалык зарыл экендигине көздөрү жеткен улуу инсандар Исхак Разаков менен Төрөбай Кулатов аны уюштурууга көп күч жумшашкан. Биз качан гана илимди баалаганда, ошондо барып толук көз карандысыз мамлекет боло алабыз.

Дүйшөнбек Камчыбеков: – Мурда Кыргызстандын илимий институттары тоо-кен тармагынын ишканалары менен тыгыз байланышта иштеп келишсе, учурда окумуштуулар өзүнчө, тоо-кен тармагын иштеткен комбинаттар өзүнчө абалда калышкан. Жалпысынан мамлекетибизде тоо-кен тармагын иштетүүнүн стратегиясы жок. Стратегия түгүл концепсиясы жок. Мисалы, бир эле “Кабак” көмүр кенин алсак, анын канча кору бар, канча жылга чейин иштетсек болот деген суроо жаралат да. Адистерди, оку-муштууларды тартуу менен адегенде аныктап алып, анан иштетпейбизби?! Биздин ассоциация Кыргызстандын кендерин иштетүү илимий негизде жүргүзүлсүн деген талапты коюп жатабыз.

Кушбакалы Тажибаев: – Биз илимдин жыйынты-гын пайдалануу боюнча Кумтөргө сунуш киргизгенбиз. Биздин сунушубузду пайдаланса жылына 1 тонна алтынды арбын ала турган сунуш болчу. Тилекке каршы, бизди эч ким укпай, аралаштырбай келет.

Кадрлар баарын чечет…

– Тоо-кен тармагына кесипкөй кадлар иштесе деп айтылат кайрылыңууздарда…

Орозбек  Дүйшеев:  –  Тоо-кен  тармагынын өзгөчүлүгү анын татаалдыгында. Ар бир кен өзүнчө эле илим. Аны атайын даярдыгы, билими бар адис башкаруусу керек. Жакында эле биздин Кыргызстандын Геологиялык чалгындоо кызматына 80 жыл болду. Ушул жылдардын ичинде жалпысынан 19 жетекчи алмашса, анын 50 жылынын ичинде 8 (СССР кезинде) жетекчи алмашса, эгемендик жылдарында 11 жетекчи алмашкан. Бир гана жетекчи 4 ай иштеп рекорд койсо керек эле. Ошентип, иштин көзүн билбеген жетекчилер бул тармактын ашмалтайын чыгарышкан.

Ошону менен геологиялык чалгындоо деген азыр жок болду. Мурда орточо 60-70 млн.доллар жылына бөлүнсө, азыр 30 млн.сом же 0,5 млн.доллар бөлүнөт. Тоо-кен тармагы кеминде 15-20 жыл алдыга жүрүш керек. Мисалы, алтындын куну түшүп кетсе жезге, жез түшүп кетсе алюминийге чукул өткөндөй программа болуш керек да. Мындай план бизде жок. Себеби тоо-кен тармагын уюштурууда жана ишти алып барууда адистерге таянууну унутуп калышкан.

Учурунда тоо-кен тармагы каралбай калды деп кыйкырып жүрүп, “Кыргызалтындын” негизделишине биз себепчи болгонбуз. Бирок, сантехниктен баштап кимдер гана башкарган жок. “Кыргызалтындын” аты бар заты жок. Анын бирикмесинде Кыргызстандагы дүйнөгө белгилүү комбинаттар бар эле. Иш билбеген кадрлар баарын талкалап бүтүштү. Мына быйыл “Кыргызалтын” 50 кг алтын берди. Ушу кантип болсун?! Көмүр кендерин алсак кезегинде Кыргызстан Орто Азиянын очогу эле. Бул тармакта эгемендиктен бери 20дан ашык жетекчилик алмашты. Атайын адистиги бар жетекчилерге иштегенге да мүмкүнчүлүк беришпеди. Ошентип, тоо кен тармагына кесиптик даярдыгы бар, бул системаны терең түшүнгөн адистерди күнү бүгүн жакындатпай келишет. Жыйынтыгын көрүп атабыз…Тээ отузунчу жылдардагы бүткүл дүйнөгө лакап болуп кеткен “Кадрлар баарын чечет”деген сөз бүгүн да актуалдуу.

Шергазы Мамбетов: – Биздин кыргыздарда жетек-чилер эмес, журналисттер дагы геолог менен тоо кендерин иштеткен адистердин айырмасын билишпейт. Геология – бул тейлөөчү тармак. Анын кенди иштетүүгө тиешеси жок. Акаев заманынан бери эле жетекчиликке геологдордон

коюп келишет. Кендерди -тоо кен адистери иштетишет. Мына Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине биз окуткан балдардан, кесиби геолог адисти коюп коюшту. Эми ал энергетиканы кандай түшүнөт айта албайбыз. Туура эмес ишти башынан баштап, баарын чалмакей чалып жатпайбызбы. Кыргыздын жакшы сөзү бар “Баш оңолбосо, иш оңолбойт” деген. Ар бир тармактын жетекчилигине тиешелүү адистер келбесе алыска барбайбыз.

Картайбек  Мукамбетов: – Мындай акыбалдын себептеринин бири мындай. Бизде жетекчиликке ким келбесин өздөрүнүн ал тармакка эч кандай тиешеси болбогон кадрларын кошо сүйрөй келишет. Муну токтотуш керек. Дагы айтсам биз “Кадрлар резерви” деген практиканы унуттук. Кадрлар дагы резервге кирүү үчүн жакшы иштегенге аракет кылышчу. Жакшы кадрды бир күндө даярдай албайсың. Ал эми өнөр жай тармагына атайын даярдыгы жок, тиешесиз кадрларды жетекчиликке дайындап жатып, бул тармакты талкалап алдык.

Кумтөрдү эң кеми дагы элүү жыл иштетсе болот

–  Кум-Төр  кенинин кору 2023-жылы аяктайт  экен .  Сиздер 2050-жылга чейин иштетсе болот деген сунуштарды айтып жатасыздар…Чыны менен ошондойбу?

Дүйшөнбек Камчыбеков: – Кумтөрдө “Централь-ный”, “Юго запад”, “Сары-Төр” деген үч участок 2023-жыл-га чейин иштейт. 2020-жылы “Центральный” участогу бир жылга токтоп, 2022-23-жылы “Юго запад”, “Сары-Төр” кошулуп кайра иштетилет. Ага чейин жылына ушул деңгээлде 14-15 тонна алтын алып турабыз. 2023-26-жыл-дары “складдык запас” деп коебуз, ошону менен иштеп, алтын өндүрүү 10 тоннага түшүп, 2026-жылы 2,5 тонна менен барып өндүрүш токтойт. Азыр тогуз айдын жыйынтыгы менен былтыркы жылга салыштырмалуу 1 млрд.сом салык кем төлөнгөнү тууралуу ЖМКларда айтылып жатат. Ушинтип төмөндөй берет.

Мындай  абалдан  чыгуу  үчүн  биринчи  кезекте Кумтөрдөгү  “3510”  деген  горизонттун  төмөн  жагын-да союз кезинде аныкталып, бирок запаска коюлбаган 200 тонналык, андан тышкары “Северо Западный” деген жериндеги 60 тонналык алтындын корлорун кайра карап, 2012-жылдан бери Кумтөрдө токтотулуп тур-ган чалгындоо иштерин жандантып, ушул кендердин так аныктамасын чыгарып берели деген сунушту айтып жатабыз.

2012-жылы Кумтөрдөгү “Коёнду” деген жердеги эки алтын участогу бар эле, өкмөт бул кендердин лицензия-сын жокко чыгарып, Түркиялык “Бэма” деген компанияга берип койгон. Эгерде алар иштетпесе “Кумтөргө” алып берсе болот. Мындан тышкары Кумтөрдө дагы 200 тон-налык алтын кени бар экендиги тууралуу маалыматыбыз бар. Көрүнүп тургандай Кумтөрдү эң кеми 2050-жылга чейин иштетип, жылына орточо 15 тоннага чейин алтын өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн Кумтөрдө гео-логиялык чалгындоо иштерин жандантуу өтө маанилүү маселе.

Аймактар тоо-кен тармагына таянып өнүгөт

– Аймактарды өнүктүрүүдө тоо-кен тармагынын мааниси тууралуу оюңуздар?

Дүйшөнбек  Камчыбеков: – Биз башында айткандай  “Жер  казынасы”  мыйзамы  кыргыз  эли  үчүн кызмат кылып жатабы деген маселени коюп жатабыз. Бул мыйзамда жергиликтүү элге социалдык жардам көрсөтүү ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт деп жазылып калган. Мыйзамда ошондой болсо биз кантип инвесторлорго “социалдык колдоо” тууралуу талап кое алабыз? Андай талап коюу үчүн стратегиялык маанидеги кен байлыктарында сөзсүз мамлекеттин үлүшү болушу керек.

Биз 2009-жылы Кыргызстандагы кендин 20 гана түрү боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп, бул кендердин корун, капиталдык, эксплутациялык чыгымдарын аныктаганбыз. Ошондо аларды иштетүүдөн алынган таза киреше (кеткен чыгымдарын алып салганда) болжолдуу алганда 83 млрд.долларды түзөөрүн эсептеп чыкканбыз. Болжол менен алганда облустар боюнча: Ысык-Көл – 9,4, Талас – 1,5, Чүй – 1,8, Жалал-Абад – 9,2, Нарын – 23,5, Баткен – 38,4 млрд.доллар пайда тапмак.

Ошону менен ассоциациянын мүчөлөрү “Жер казынасы” мыйзамын оңдосок, “соцпакет” же “келишимдик негизде” деген түшүнүктөрдү киргизсек, мыйзамдык негизде кенди иштетүүдөн тапкан пайдадан атайын фондго “мынча пайыз түшүрөсүң” дегенге жетишсек аймактар дүркүрөп өнүкмөк.