Трамп Иранды аймактык оюндан чыгарууну көздөөдө

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Ушул аптада Сауд Арабиясында Араб – Америка саммити болуп өттү. Ага өзүнүн чет элге биринчи иш сапары менен барган АКШнын Президенти Дональд Трамп да катышты. Бул чынында күтүүсүз кадам десе болот. Себеби, Трамп буга чейин Жакынкы Чыгышта болуп жаткан бардык опперацияларды токтото турганын, Сауд Арабиясы 2011-жылы Америкада болгон теракттын уюштуруучусу экенин, ошондой эле Хилари Клинтонду араб өлкөлөрү каржылай турганын айтып келген. Ал эми бул иш сапарында Дональд Трамп саудиттерге 110 млрд. долларга курал-жарак сатуу боюнча келишти. Бул бир эле жолку келишим, а негизинде 10 жыл ичинде 280ден 350 млрд. долларга курал-жарак жеткирилүүсү күтүлүүдө. Маселе эмнеде?

Аймактык тиреште АКШнын союздаштары алдыда

Саммитте АКШ Президенти мусулман өлкөлөрүн экстремизмге каршы турууга жана Иранды изоляциялоого чакырган. Андан көп өтпөй эле 22-майда АКШ Президенти Израилге иш сапары менен барып, «Кошмо Штаттар жана Израиль бир добуштан Иранга өзөктүк куралды кармоого эч качан жол бербеши керек деп айта алышат. Ошондой эле Иран террорчуларды жана куралдуу кошуундарды каржылаганды, машыктырганды токтотушу керек» – деп билдирди.

Мындан улам Дональд Трамп шайлоо үгүтүндө белгилегениндей Жакынкы Чыгышка тынчтык алып келбеси билинип калды. Мындай учурда аймактагы өлкөлөр ар кимиси болуп кетүүчү коркунучтарга өз алдынча даярдык көрүүгө өтүшкөнүн араб өлкөлөрү чоң суммадагы курал жарак келишимдерди түзүп жатканы айтып жаткансыйт.

Арабдар эмнеге даярданышууда?

1000ге жакын кайрылман көчүп келеби?..

АКШ менен рекорддук курал жекирип берүү боюнча келишими менен араб өлкөлөрү чоң коркунучка даярданып жаткандай. Маселен, кичинекей эсептелинген Катар мамлекети өткөн жылда 21 млрд. долларга 72 F-15QA истребителдерин сатып алган. Ал эми 2015-жылы француздардын «Рафаль» истребителинен 24тү 7 млрд. долларга сатып алган. 2 млн. калкы бар мамлекет үчүн бул өтө эле ашыкчадай.

Ал эми саудиттер Дональд Трамп менен болгон келишимге чейин эле Европадан жана Америкадан абдан көп курал сатып алып келишкен. Сауд Арабиясы менен АКШнын түзгөн келишиминин масштабдуулугунан башка өзгөчөлүгү эмнеде? Албетте, сунниттик өлкөлөрдүн кыймыл-аракетинин баары Иран көйгөйүнө келип такала турганы шексиз. Алар үчүн Иран аймактагы эң коркунучтуу өлкө. Жакынкы Чыгышта өз таасирин орнотуп калууга далалат жасап жаткан 80 млн. калкы бар Иран, андан кем калбаган Түркия жана Араб өлкөлөрү болуп эсептелет. Иран көптөгөн жылдар бою санкциялардан улам өз алдынча өнүгүү жолуна түшүп, өз саясатын жүргүзүп, ал тургай сунниттик болуп эсептелген араб өлкөлөрүндөгү шийиттик деген топторду Сириядагыдай колдоо жүргүзүп келет деген жоромолдор бар. Ошондой эле Иран кандайдыр бир шииттик блок орнотуп алуусу мүмүкүн деген коркунуч бар.

Ошондуктан сунниттик өлкөлөрдүн саясатынын баары Иранга каршы багытталган. Ошол үчүн кымбат куралжарак келишимдери түзүлүп жатат. Бул жерден коркунуч туулса АКШнын жардамын күтө турганы да белгилүү эмеспи. Ошондуктан Трамптын Иранга каршы риторикасы сунниттик өлкөлөр үчүн майдай жагып жатканы шексиз.

Иранга коркунуч жараткан альянс

Мечиттеги мушташ эмнени билдирет?

Аталган саммитте Еипет, Иордания жана Бириккен Араб Эмираттары менен биргеликте “Араб НАТОсу” деген аймактык саясий-аскердик альянсты түзүү маселеси каралды. Аталган альянска келечекте 40тан ашык мамлекеттин кирүүсү каралууда. Алардын ичинде ядролук куралы бар Пакистан да бар.

Бул Иран үчүн чоң коркунуч жаратуусу ыктымал. Ошондуктан Дональд Трамптын Жакынкы Чыгышка болгон иш сапары тууралуу үн каткан Иран президенти Хасан Роухани: “Менимче АКШ президентинин Сауд Арабиясына сапары жөн гана шоу. Эч кандай иштиктүү жана саясий пайда алып келбейт. Жөн гана мындай жолугушууларды өткөрүп же супердержавага акча берүү менен терроризмге каршы күрөшүү таптакыр пайдасыз”, – деп билдирди.

Ошол эле учурда Эр-Рияддагы саммитте Саудия королу да, АКШ президенти да Иранды Жакынкы Чыгыштагы терроризмге колдоо көрсөтүп атат деп айыпташкан. Ал эми өзөктүк келишим боюнча Трамтын сынына Роухани ракета сыноолорун уланта беришерин, ал үчүн америкалыктардын уруксатын күтпөсүн кошумчалады.

Бул жерден карай турган экинчи маселе – мындай кадамдарга Иран жана башка региондун лидерлери кандай кадамга бара турганында. Маселен Иранда өткөн шайлоодон 19-май күнү мурдагы президент Махмуд Ахмадинеджадды четтетип салганынан улам Иран кандайдыр конфликтерге барууну каалабайт. Белгилүү болгондой Ахмадинеджад АКШга карай радикалдуу риторикасы менен таанымал болчу. А Ирандын бийлиги Трампка шылтоо таап берүүнү каалабай турганы ушундан билинип жаткансыйт.

Акыркы убактарда араб өлкөлөрү жана Батыштын жүргүзгөн нефть саясатынан жана киргизилген санкциялардан улам Россияда болгон кризисти эске алсак, Россия да араб жана батыш өлкөлөрү менен ачык тирешке чыгууну каалабаса керек. Мындай учурда эң негизги сөздү аймактын дагы бир лидери Кытай алуусу күтүлүүдө.