Ошто көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионатты башталды

Ош шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Турнир «Төлөйкөн» ат майданында өтүп, оюндарга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 9 команда катышат. Байге фонду эки миллион сом.

Иш-чаранын алкагында “Жаныбарым Гүлсары” деп аталган ат оюндары да болот.