Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Тарых музейинин бүтпөгөн тарыхка айланган жаңыланышы

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Борборубуздагы  тарых  музейинин  масштабдуу  реконструкциясы иш жүзүндө масштабдуу чуулганга айланды.

Мурдагы премьер Сапар Исаков башында турган реконструкциянын аягы чатакка айланып, натыйжада өткөн жылы Көз карандысыздык күнүнө карата ачылат деп айтылган музейдин реконструкциясы азырга чейин бүтпөй келет.

Ачылуу  датасы  улам  жылдырылып отуруп, азыр таптакыр айтылбай да калды. Ошол эле учурда аны жаңылоого республикалык бюджеттен 1,6 миллиард сомдой жана Түркиянын 4 миллион доллар гранттык каражаты жумшалган. Атүгүл, ал каражаттар эмнеге жана кандай жумшалганын текшерүүнү колго алышкан Эсептөө палатасы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматы да азырга чейин жооп таба алышпай жаткандай…