Ырымдын аты – Чүй

Азыр биз өтө кызык мезгилде жашап жатабыз. Ошол эле кезде мезгил бизде, жашоодо. Бүгүнкү күн кечээгиден жаралып, эртеңки күндүн элесин берет. Ушул учугун улаган, үзүлбөс убакытта Чүй жергесинин күжүрмөн тарыхы көз алдыбызда кылкылдайт. Ал бизди жаңы чектерге карай алга сүрөйт. Мен учурдан пайдаланып, өткөн күндөргө сарасеп салгым келип турат. Толукшуган май айынын ачык күнү, күнөстүү Күн-Туу айылы. Жазгы майрам – ээрчише келген эмгек менен жеңиштин майрамы. Ошол учурдагы тарыхтагы окуялардын айлампасында, же май айынын жарык күндөрүндө ар бир адам өзүнүн жүрөгүнүн тереңиндеги катылган эң жакын кымбат нерсесин эскерсе керек. Менин да ошол сыяктуу жүрөк түпкүрүндө, жан дүйнөмдү жылыткан өзүмө таандык бир нерсе бар… Ал – Чүй…

Бул ысым менин жазган ар бир сапта-рыма кыналышын суранып, чыдамсыздык менен күткөнсүйт. Кантип күтпөсүн да суранбасын, ушул саптарды жазып жат-кан автордун өсүп – өнгөн жери Чүй суусунун жээги болуп турса. Канчалык бул дайра жөнүндө аз жазылып, даңкын далайга чыгарган ырлардын сейрек экендиги, жүрөктү тызылдаткан патриоттук кызга-ныч сезимди жаратат. Украин жергесиндеги Днепр дарыясын эскерсең Николай Гоголь менен Тарас Шевченко эске түшөт. Биздин Нарын дайрасы жөнүндө нечендеген акын, жазуучулар, журналисттер, музыкант жана сүрөтчүлөр даңктап чыгар-маларын жаратпады.

Ал эми залкар жазуучу Чынгыз Айтматов аркылуу Талас дайрасына кандай кут тушкөнүн айтпаса болбос. Чындыгында Пушкин, Достоевский, Шолохов сыктуу улуу чеберлердин аркасында бизден алыстагы Волга, Дон сыяктуу орус дарыялары көз алдыбызда агып жаткандай, жакын да, жакшы да көрүнгөнсүйт. Бирок өзүңөр калыс болгулачы, Чүй дарыясы кичине болсо да, биздин өзөктөш өз дарыябыз эмеспи.

Анын  үстүнө   кыргыз  баласы  үчүн Чүй – жөн гана аккан суу эмес, ал өз нугун биздин жан дүйнөбүзгө аралатып, мындан терең, мындан ишенимдүү жүрөктүн тереңине  уялаган  бир  нерсе  табууга болобу?

Жан дайрам, Чүйдүн суусу, аяр жансың,

Жайыгым, жаныма сен жаралгансың.

Анча кең, анча терең болбосоң да,

Ага бер, каныма сен таралгансың!

Чүй – мен үчүн поэзиянын бийик чеги. Тарых менен маданияттын анык далили. Бул Кыргызстандын сага деген таза сүйүүсү жана символу!

Түшкү  аптапта  күнгө  чагылыша жаркырап, мелтиреп акканы билинбей көөдөнүңдү кубанычка толтурат. Жайкы түндө жылдыздуу асман кучагына алганда, Бишкекти айланып өткөн жолдогу маши-налардын жарыктары менен түнкү оттор кошулуп чачып салган миң түркүн асыл таштардын арасында агып жаткандай сезим калтырат. Шамал удургутуп өткөндө канчалык кыргыздын өзүнө гана тиешелүү, бир башкача көз тайгылдыраарлык сулуулугун жана ашынган кубатын сезесиң. Анда Чүйгө карап туруп: « жок, бекер жерден сага мындай баатырдын күчүн бербеген экен», – деп ойлоном.

Азыр, ушул саптарды жазып жатып суунун шардуу, кумдуу жээги, майда жалбырактары суунун үстүндө калкыган, ак гүлдүү чөп өскөн Ленин атындагы колхоздун жасалма көлү эске келет… Өрүлгөн чачы колодой күнгө жылтылдаган кара көз кыз, ар дайым балалык жана өспүрүм кезиң, жаштыгың көз алдыңа даана тартылат. Жаз келген сайын өзүңдүн жаш чагыңды, балалыгыңды кайра-кайра баштан кечиресиң. Алыста калган балалыгым кандайдыр күч менен өзүнө тартып турат. Бир кезде суу үстүндөгү бийик дөбөдөгү «Жеңиш» совхозунун фермасында иштеп жүргөн күндөрүмдөн бери бардыгы канчалык өзгөргөнүн айта албасмын.

Жалгыз гана Чүй суусу өзгөрбөдү. Ал дагы эле көгөрүп, созулуп, ийри-буйру нугу менен агып жатат. Буурул баскан кылымдар бою кыргызга эмчегин эмизген эне сымал болду. Кичинекей географиялык картадан да биздин Чүй жоон сызык болуп 1030 километрге созулуп жатат. Өлкөбүздүн чыгышынан батышына, мөңгүлөрдөн башталып жолун улаган дарыя Моюнкумдунчөлдөрүнө барып сиңип кетет. Кыргыздын көз жетпес чексиз тарыхында анын мааниси, эл оозундагы атагы зор, Чүй дайрасыз Кыргыз мамлекетинин түзүлүшү, калыптанышы менен кайрат-кубатын элестетиш мүмкүн эмес.

Кыргыз  жергесинде  адамдардын жан дүйнөсүн козгоп, сезими менен ой-акылына таасир эткен, байыркылар айткандай «Genius loci» – жердин генийи – жер соорусу деген жерлер бар.

Өлкөнүн мурдагы президенти А. Атам-баев айткан: «Чүй дүйнөлүк цивилиза-цияда өзүнүн атайы орду бар, жана жер жүзүндөгү берекелүү кут конгон жерлер-дин бири». Бул жерде эркиндикти сүйгөн, ар кандай азап-тозокто чыңалган, тынчы жок, эр жүрөк Эр Солто элинин руху түбөлүк жашап келет. Атактуу казактын изилдөөчү – окумуштуусу, манасты алгачкылардан жазып алган Чокан Валиханов, “Солто уруусу бул мамлекетти түптөгөн кыргыздын байыркы урууларынан” деген. Бүгүнкү күндө солто коомунун башын бириктирип, Солто бабабыздын жолун улап кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдап, ынтымакчылыкты камсыз кылууга салымын кошуп келе жаткан “Солто” коомунун төрагасы, КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси Эркин Тентишевдин эмге-гин жогору баалоо абзел. Эркин Тентишев “баш көтөрүп бел байлап, ала байрак, сыр найза, айкалышса эр мына…” деп майтарылбас эрдик көрсөтүп, Апрель революциясынын Баатыры болгон. Беш жылдан бери “Солто” коому республикабыздын башка аймактарындагы уруулардын биримдигин сактоого салымын кошуп келе жатат. Бул күчтүү урууга эли-жерин коргоодо тарыхый таймаштардын дал ортосунда болууга тагдыр буйругун экен. Жердин соорусу кылымдар бою кандуу согуштарга күбө болуп, баскынчылар үчүн көз артар үзүм жер болгон тура. Мындай тарыхый тагдырга көз артып болбос…

Чүй дайрасы кылымдар бою душмандардан коргоп, кең дүйнөгө жол ачып, кыргыз жерине берекесин аябай берип келди.  Чүйдөн  Омбу  калаасы  аркылуу Санкт-Петербургга жол ачылды. Кыргызстандын аймагы аркылуу Россиядан Чыгыш Түркстан менен Кытайга соода-сатык жолун ачуу боюнча Чүй кыргыздарынын алыс ты көрө билген пландары көп болгон. 1785-жылдын жай айларында Атаке баатыр Россияга чоң элчилерди жөнөтөт. Кыргыз элчилеринин биринчи сапары ийгиликтүү аяктайт. Тарыхый маалыматтар боюнча элчилерди улуу Екатерина II өзү кабыл алат. Мекенимдин Россия менен бирге баскан жолун карап туруп чын жүрөгүмдөн айтмакчымын: Бизди улуу орус эли менен түбөлүккө кошкон күн бактылуу, байсалдуу болсун! Биз орустар менен бирге жашап, бирге демократиялык коом куруп жатабыз. Булар эркиндикти сүйгөн, эмгекчил, таланттуу калк. Чүй өрөөнүнө өз бийлигин орноткусу келген казак хандары Аблай менен Кененсарыга каршы Чүй суусун бойлоп кыргыздар түндүк батышка жортуулга чыккан. Аблай хандын жоокерлерине каршы чечкиндүү  чабуул  Ак-Суу  менен  Кыз-Тууган сууларынын Чүй дарыясына куй-ган жеринде болуп өткөн. Бул кармашта күчтүү уруу Чаанын Жоочалыш тукумунан чыккан Бишкек баатырдын эрдиги менен өзгөчөлөндү жана чүйлүктөр өз жерин коргоп калды. Азыр Бишкек баатырдан тараган 300дон ашык тукумдары Сокулук районунун Туз айылында жашайт.

Солто элинин эркиндиги үчүн жасалган эрдиктер 1770 жылкы «Жайыл салгылашы» аталган согушта айтылат. Бул кар-машууда эркектер менен катар жүздөгөн кыз-келиндер согушкан. 300 жылдан бери эл оозунан түшпөй 69 жаштагы Темиржан – Апанын эрдиги айтылып келе жатат. Душмандардын кысымына чыдабай артка качкан жигиттердин астынан соот-чопкут кийинген Темиржан апа аларды артка кай-тарган, бирок көкүрөгүнө найза тийип өзү каза болгон. Кайра чабуулда Жайыл баатырдын жигиттери тең келбес согушта баатырларча курман болушкан.

Чүйдүн күч жеткис, чептен бекемдигин 1847-жылдагы анын жээгиндеги тарыхый таймашта дагы бир баскынчы казак ханы Кененсары Касымовдун жеңилип, башынан айрылганы далилдеди. Бул салгылашууда адамдар менен бирге Чүй дайрасы өзү көмөкчү болду. Солтолор душманды дарыянын эски нугуна азгырып барып, таш-шагылдар менен бекемделген жээкти ачып салышканда Чүй суусунун ташкын агымы душмандарды агызып жок кылат. Бийик  дөбөлөрдүн  биринде  Карачкы-Бөлөкбай уруусунан Чыңгыш баатырдын кошуну турган. Казактар, «Бөлөкбай кошуунун коркунучтуу, эч кайрымсыз кошуун, ал эми анын жигиттерин жалын чачкан болот чеп…» деп аташкан. Чүйлүк аксакалдар биздин даңктуу бабаларыбыз Айта баатыр, Андаш баатыр, Самак баатыр, Күрпүк баатыр, Жаманкара баатыр, Жайыл баатыр казактардын атагы чыккан Чыңгызхандан тараган Эржан-төрө, Шорук-төрө, Наурызбай-төрө, Байзак–даткалар баштаган тандалган кошуундарын талкалаганын айтып жүрүшөт.

Чүй – Кыргызстан деген улуу дарактын күчтүү сөңгөгү. Чүй – бул жазгы майрамдар, суу жээгиндеги жалындап жайнаган кызыл байрактар. Бул жөн гана майрам эмес? Жумушчулардын революциялык салттары ушул Чүй боорунда чыңалып, өнүккөн. Ал ушул күнгө чейин ыйык сакта-лып, эскерилип келе жатат: ал Революция-нын өлбөс-өчпөс китебинин барактары!

Россиядагы революциялык окуялар-дын таасири менен башында тажрыйбалуу еволюционерлер Алексей Иваницын, Иван Меркун, Щвец — Базарный, Ян Логвиненколор турган Чүй өрөөнүндө да бош-тондук кыймылы жанданат. 1917-жылдын май айында Бишкекте «Букара» деп аталган кедей-кембагалдар союзу түзүлөт. Кожомурат Саркулов, Имаш Кудайбергенов, Фахретдин Саилбаев, Аширбек Барменов, Хуснула Хасанов, Иман Көбековдор кыргыз, орус жана башка улуттар арасындагы достук байланыштарды күчөтүү жана кедейлерди боштондукка чыгаруу үчүн күрөшкө аттанышкан.

Чүй – кыргыз мамлекетин негиздөөчү Абдыкерим Сыдыковдун 40 жылдан ашык өмүрү. Ушул жерде туулуп-өсүп, биринчи революциялык тажрыйба алган, биринчи жолу сүргүнгө айдалып, биринчи жолу Социал – Туран партиясына кирген. Ушул жерден ал биринчи болуп тоолуу Кыргыз облусун түзүү идеясын көтөргөн. Бул эң биринчи кайрадан жаралуу жана Кыргыз улуттук мамлекетин куруу сунушу болгон. Бүгүнкү Чүй – анын шаарлары менен айылдары, заводдору менен курулуштары, плотина менен каналдары, суу электр станциялары жана эмгекчил, күжүрмөн адамдары – мунун баары Абдыкерим Сыдыковдун келечекте ишке аша турган кыялы болгон.

Чүй – бул биздин жашообуздун бешиги. Миңдеген чүйлүктөрдүн жашоосу бул дайранын жээгинде өтүп жатат. Ал биз үчүн кайнаган турмушубуздун көнүмүш бир гана бөлүгү. Бир окуя эсиме түшөт… 2016-жылдын жазгы күндөрүндө Чүй өз адамдарынын бекемдигин сынап көргүсү келгендей болуп көптү көргөн карыялардын да эсинде калбаган жаанды жибергендей болду. Боом капчыгайынан Суусамырга чейин жерди камтыган жамгыр жаап турду. Чүй дарыясы ар качан да өрөөндүн кан тамыры сыяктуу болгон. Бекер жеринен анын оң капталындагы ийри бурулуштагы бийигирээк жерде биздин мекенибиздин алгачкы астанасы – Токмок шаары жаралып, жомоктогудай гүлдөп өнүктү. Бул жерде экономиканы туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы эң маанилүү окуя катары жашоосуна сиңген эмгекчил, жумушчу адамдар жашайт. Эң сонун кыялдар – бул идея, кыял гана эмес кадимки, жакынкы келечекте иш жүзүнө аша турган багыт экендигин көрсөтө алды. Бул багытты жаңыдан келе жаткан жазды сезгендей, анын келерин, эмдиги жазды, андан кийинки он жылда, жыйырма жылда келе турган жазды да билгендей болду.

Ооба, сөз кезеги жазга берилди, тактап айтканда ал сөздү өзү алды. А бизге, Чүй облусунун 90 жылдык мааракесине арналган театралдашкан көрсөтүүгө келгендерге аягына чейин аны кунт коюп угуу гана калды. Бизге жөн гана көрүүчү болуп тынч отурууга мүмкүнчүлүк берилген жок. Себеби жаз биздин жана катышуучулардын ар биринин жан дүйнөсүнөн орун алды. Катуулап каптап келе жаткан кара булут да эч кимдин маанайын буза алган жок. Күн-Туунун ар кайсы дөңсөө — түзүнө жайнаган эл жазды утурлап учурашты. Алар Чүйлүк манасчыларды угуп жатты. Мага өткөн мезгилдин добушун эшитип жаткандай сезилди. Кенже-Каранын Манас айтканы табийгатка да таасир эткендей болду. Анын муңдуу да, салтанаттуу кайрыктары угуучуларды байыркынын кайгылуу окуяларына аралаштырып кеткендей болду. Жаан куюп келди. Боз үйдү дирилдете чагылган чартылдап, байыркы өткөндүн добуштары денени дүркүрөтүп кирди. «Жер солкулдап, миңдеген туяктардын дубүртүнөн кулак  тунду.  Мухит  толкуп,  козголгон сыяктанды. Ызы-чуу, ач кыйкырык менен найзасын сунган, тууларын туурасынан көтөргөн атчан көчмөн жоокерлер чаап баратты. Менин көз алдымда кызуу таймаш жүрүп жатты. Адамдардын кыйкырыгы, куралдардын кагылышы, аттар туйлап, тиштешкени. Мен өзүм да ушул кайнаганкалың эл арасындамын, конгуроолорун шыңгыраткан төөлөрдүн, кербени. Ким кайда баратканы, кайдан келе жатканы белгисиз…» Кун нурлары кара булутту тепчип өтүп жатты. Ызы – чуу, күрү – күүнүн ичинен белгисиз атчан көрүндү. «Ал толкундан көтөрүлүп чыккан сыяктуу дөбөдө пайда болду да кандайдыр бир мезгилде асман четинде булуттай жеңил калкыды. Күн кызарып батып бараткан жакка кетип бара жатты, бир убакта ошол жалындаган күнгө түз кирип барып кыпкызыл түтүн болуп эрип кетчүдөй сезилди. Атчандар анын артынан түз эле күнгө карай чаап бара жатышты».

Жашыл  дөңсөөлөргө  төмөндөн күтүүсүз шамал урду. Ал кокустан, байкатпай туруп сокту. Тоодон желип түшкөн нөшөр куюп жиберди. Шуулдаган жамгыр добушуна карабай майрамдын уюштуруучулары көрсөтүүнү токтоткон жок. Кайрадан тездеткендей болушту. Кенже – Кара кубанычтуу окуяга келгенде элдер тынчтанып, жүздөрү жадырай түштү. Жамгыр да токтоду. Күн акырын аркайган тоо чокуларынын үстүндө жылып бара жатты.

Кенже-Кара кайрылып,

Так тегин айтат Манастын.

Күндөрүн, күчүн, жеңгенин,

Жаш кезин айтат Манастын.

Байыркы өткөн издерин

Баштап айтат Манасты.

Комузга кошуп күү чертип,

Барктап айтат Манасты.

Алдынан бөгөт бүт алган,

Ала-Тоодон күч алган,

Эрдигин айтат Манастын.

Эрикпей агат чайпалып,

Чүйдү эңсеп суусу Таластын.

Жер менен асман, адам менен табигат айкалышып, Чүйдүн өрөөнү койнун ачып кеңейип кериле бергенсиди. Эриген кардын илебине эркелеп жайыла түшкөндөй болду. Сокулуктун үстүндө, бүт асман алкагында күн желеси пайда болду. Күн-Туунун күн илебин алган сымал дүйнөнүн ал четинен бул четине чейин ободо калкыды. Май-рамды кооздогондой алыста жаркырап турду. Бирок майда жаан али басылбаган эле. Ушул жарык чачкан мейкиндикте жашыл дөбөлөр менен аны курчаган үйлөрдүн көз уялткан көрүнүшү бейпилдикке ушунчалык толуп, жүрөгүмдө жылуулук сезим толкутту. Дагы да жан дүйнөм кубат алып, күчүмө күч кошулду, кайрадан кыска гана, Чүй аттуу өлкө жөнүндө кыялым чабыттап көккө учту. Айланамды карап жүрөгүм кубанычка толот, канча жазды жашап өтсөм да ар бир жолу жаңыча, а бирок ушул кайталангыс, толкунданткан 2016-жылдагыдай жаз мен үчүн кайра болбос.

Жусуп  Баласагындын  поэзиясында кыргыздарды суу башатында жашаган эл деп айтылат «суу башында, булуттар менен коңшулаш». Ошондуктан Чүй дарыясында биз кыймылдагы көркөм сулуулукту жана табийгаттын күчүн көрө туруп баш-кача шык жана суктануу менен карайбыз.

Санкт-Петербургдан келген орус инже-нери Владимир Васильев Чүй суусунун кубаттуу күчүн көрө гана билбестен, ошол ку-батын жоошутуп, ал күчтү адамдарга пайда кылууну үйрөтө алган. Узун сандардын катары менен графиктер ага суунун сайы менен имерилиштери, дегиңкисин айтканда Чүйдүн жандуу жашоосун көрсөтө алды. Кур кайрат менен тобокелдик Васильевди жетелеген жок. Ал бул дайраны терең түшүнүп, жан дили менен жакшы көрдү. Чечкиндүүлүк менен кайраттуу жумуш эртеңки жашоочуларга өтө керек экени-не ал ынанып көзү жеткен. 1937-жылы үч миңдей жумушчу колу менен Чумыш плотинасын куруп бүткөрөт. Адамдар менен өлкөгө эмне кылып бере алат, жер үстүндө кандай из калтыра алат, анын эң башкы максаты ушул болгон. В. Васильев Чүй жергесинде 22 миң гектар жерди суу менен камсыз кылды. Республикада эң биринчи ирригациялык курулуш ушундан башталат.

Чуй дарыясы бийик өскөн чөп менен калың камышты аралап шар аккан суулар арык менен каналдар аркылуу анын жүрөгүнүн кан тамырлары сыяктуу тарады. Бул сууну чын жүрөгү менен жактырып калган Петербургдан келген мыкты адам Васильевдин аракети менен Чүй гүлдөгөн берекелүү өрөөнгө айланды. Анын эмгегинин натыйжасында алма бактар гүлдөп, таттуу кызылча менен жүзүм, жашылча-жемиш өсүп турганын көптөрү биле бербесе керек.

Мына, Чоң Чүй каналы өзүнүн жазгы суулары менен алысты көздөп агып, бир жакка кызыктыра чакырып, убада берип, , өзгөчө өтө жарык, өтө жакшы жана кубаныч бере турган нерсе алдыда күтүп тургандай сезим туудурат. Улан-кыздардын жарык дүйнөгө жасаган, жаңсаган кыймылы, алардын жылмаюусу ошол сезимди күткөндүгү эмеспи? Алар эгер жамгыр жааса күндүн көз жашы, жарык нур чачканда күндүн күлгөнү деп билишет. Эр Солто элинин Күн-Туу уруусу башынан Күнгө сыйынып, Күн белгиси менен чүйлүк аялдардын кийимдерин жана буюмдарды кооздошкон. Күн менен туруп, күн менен жатышкан, күн аркылуу аба-ырайын алдын ала айта алышкан. Балким ошондуктан биздин улуттук Тууда күндүн алтын нурундагы түндүк, ал эми солтонун гербинде күмүш жарым ай тартылган чыгаар. Бул да бекеринен эмес. Биздин бабалар  айдын  жылышы  аркылуу  аба-ырайынын өзгөрүшүн биле алган.

Күн  нурунан  улангансыган   электр зымдары Аламүдүн суусун аттап өтүп керип койгон күмүш жип сыяктуу жаркырап бүт Чүй облусуна тарады. Лебединовкада жайы-кышы Бишкек ЖЭБи жаны тынбай иштейт. Аламүдүн айылында берекелүү Сары-Өзөндүн өндүрүш жана айыл чарбасынын ар бир бөлүгүнө электр энергиясын жеткирген Аламүдүн ГЭСтеринин алты болот «жүрөгү” бир калыпта согууда.

Жаздын ар түркүн добушу бар. Бир дагы эң мыкты музыкант анын ыргагын толук бере алган эмес. Бирок жаздын өз жарчылары да бар. Алыскы аптаптуу жерлерден өзүнүн сүйүктүү, уядан учкан жерине шашылып, сагынычтан жүрөгү жарылчудай жан жыргатып жаз күүлөрүн созот, келгин куштар. Чүй талаасы өз ээси эски конушуна келгендей үнгө толуп, адамдарга арнап жашоонун жакшына ыргагын обонго салат. Же бул тарыхтын жаңы барак-тарын желпип ачкан жел сени да серпип кеттиби, же жаздын шаңкылдаган жарык добушубу? Бул добуш күндөрүбүздү коштоп келет. Ооба, жаздын күндөрү бардык түшүнүгүбүздү аралаштырып салды. Келе-чектеги дизайнерлер, Сокулуктун кыздары курулуп жаткан үйдүн бооруна, «Мир, Чүй, Май», деп жазып коюшуптур, жа-нына бир эмес эки күндүн сүрөтүн кошо тарткан, сыягы жүрөгүнө сыйбаган жакын сезимдерин, жашоодогу кубанычын ушуну менен айткысы келгендир. Адамдар үчүн бир гана күн жарык чачып турат. Бирок Сокулуктун кыздары өздөрүнүн эң жакын көргөн Күн-Туусун кошо тарткандыр. Ал кайда жүрсөң да сага өзгөчө жы-луулук бере турган, жарык берип жашоодо жол көрсөткөн күн эмеспи.

Бул күнү биз өтө олуттуу, өтө сүрдүү, ыкылас менен иштеген тарыхый инсандарды да көрө алдык, аларды түшүнүүгө болот эле, себеби алар эң маанилүү кыз-маттын – Кыргыз мамлекетин түзүүнүн башатында турушкан. Карагылачы, кандай кам жеген, бушайман адамдар – биздин малекеттин негиздөөчүлөрү – алардын кабагы салыңкы болуп унчукпай отурушса да жүрөгүндө кубаныч. Мына «репрессия» аталган «кара машине» жаныңдан зуулдап өтүп элдин үрөйүн учурду. Көктөм аларды да Күн-Туунун жашыл айдыңына чакырды, аталарыбызды тоталитаризмдин кыскыч кычкачынан арылта турган күч табылмак. Өткөнгө кайрылуу. Курулган сценадан караган Иманаалы Айдарбеков «1926-жылы 6-декабрда Кыргыз автономиясы» жаралганын жарыялаган алыскы күндөргө кайтарды. Адегенде автономдуу облус, анан автономдуу республика, артынан союздук республика. Мага Кенже-Кара манасчынын артынан азыркы эгемендүү Кыргызстандын жаңы муундагы манасчылары бабаларыбыздын баатырдык, эпикалык салтын улап, Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков жана алардын катарындагылардын эрдикке тете эмгегин баалап айтып жатканы көрүнүп турат.

Алар ХХ кылымдын башында, байыртан Айкөл Манас бабабыз баштаган элдин үмүт отун жандыра алышты.

Ким билет… Балким ушул театрлашкан көрсөтүүдө отургандардын арасында кимдир бирөө каардуу согушта салгылашкан жоокер чыгар. Эртең менен жумушка бара жатып азыр эстеликке койгон танктын жанынан өткөндө жүрөгү зырп эти сайгылаша түшкөндүр, балким алааматтан кайтпай калгандардын элеси көз алдына келгендир. Согуштан кийин жаралган Шопоков шаары ал терең кайгы-муңду алыска айдап көңүлүндү көтөрөр. Дүйшөнкул Шопоков. Чүйдун уулу. Советтер Союзу-нун Баатыры. Азыр туулган жеринде бий-ик жерде анын эстелиги турат. Тегерете бүт талаада кызгалдактын гүлү. Жыламыш капчыгайынан соккон салкын жел баатырдын бетин жумшак аймалайт. Эстеликке бара жаткан аллеядагы дарактарда куштар кубулжутуп сайрайт.

Менин көз алдымда уламышка айланган 28 баатырдын эрдиги өткөн кар баскан Волоколамск шоссеси. Аларды эсинде сактап кал, досум! Алардын тең эмес согуштун жалынына күйгөн ысымдарын өмүр бою эсиңден чыгарба, мекенибиздин асманындай ачык генерал Панфиловдун көз кара-шы назарыңда болсун! Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынан баатыр учкуч Ысмайыл Борончиевдин сүрдүү да көркөм элеси, душмандын колоннасына канаты менен канжардай сайылган эрдиги кантип унутулат. Ала-Арча  дайрасынан  алыс  эмес Басбөлтөк  кароол  тоосунун  түбүндө Байтик  баатырдын  күмбөзүн  көрүп, анын жүрөгүнүн кагышын угуп жаткандай болосуң. Байтик баатыр Солтонун атактуу кол башчысы Канай баатырдын уулу. Ал эми Канайдын атасы Төлөберди XVIII кылымдагы кыргыздын улуттук жол башчыларынын бири, чечен, акылман, мыкты дипломат болгон. Байтик баатыр 1867-жылы Орто Азия элдеринин курамында Санкт-Петербургга чакырылат. Орус армиясынын капитаны деген даража берилип, ыйык Станислав ордени менен сыйланат. Орусиянын досу, ата-мекенинин чыныгы уулу Байтик баатырды урпактары сыймыктануу менен эскерип келет.

Таң калаарлык жашоо сени чакырып, сени менен катар кадам шилтеп келе жатат. Дүйнөнүн алты жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин жайдары айкын мүнөзү, ачык жылмайганынын өзү биздин сый-мыгыбыз эмеспи. Совет бийлиги кезинде 15 союздук республиканын ичинде биздин Кыргызстандын гана күнөстүү республика аталганы бардыгыбыздын эсибизде.

Жердештерим – жаш пионерлер, айт-кылачы:

Жашоо үчүн эмне керек?

Күн! Күн! Күн!

Бакыт үчүн эмне керек?

Тынчтык! Тынчтык! Тынчтык!

Силер жашоого келген жарык дүйнө кыргыз жергесинен чыккан баатырлардын колунан алган улуу мурас, ушул күн дүйнөңөрдү – Күн-Тууну сактай билгиле! Азырынча кичинекей кезиңерде ойногула, Чуй суусунун жээгинде кум менен ойноп, чоңоюп, өсүп көбүрөөк күч жыйнагыла. Себеби мыкты жоокер болуп, бабалардан мураска калган жерди күжүрмөн эмгегиңер менен гана гүлдөтпөстөн, коргой алууга да милдеттүүсүңөр.

Деги эле көктөмдүн монологунан башка да ачуу айтылчу кермек сөз келип жатпайбы. Ушул жаздын, май айынын мемиреген мелүүн күнүндө, ашыктардын акырын шыбыры менен асманга обологон обонун уга турган маалда жер жүзүндө снаряддар менен бомбалар жарылып, эч күнөөсүз адамдардын, аялдар менен балдардын каны төгүлүп жатат. Күндүн батканы менен таңдын атканына, ачылган гүлгө, бакытка толгон эненин көз жашы сымал гүлдө мөлтүрөгөн шүүдүрүмдүн тамчысына кубана албайсың, жадыраган жаз мезгилин байкап сезе албайсың.

Эми бир аз үндөбөй эки жагыбызга карайлычы. Көктөм өз монологун улантууда. Бешиктеги наристеге башын ийип эңкейген энени көргүлө. Бул – 1916 жыл. Кыргыздын улуу дайрасынан үстүндө созулган мундуу добушка кулак салсаңар. Бул жоктоо ыры – кошок, байыртадан айтылып келген, кыргызда, Төмөнкү Чүйдө азыр да айтылат. Аны угуш үчүн таңга жуук суунун жээгине чыгуу керек, күндүн чыгышы ме-нен кошокту уга албайсың.

А-а-а!

Атылганың гана турсаң болбойбу!

Өрттөнгөнүң айтсаң болбойбу!

Ашуудан ашып кеткенче!

Айланып тапсаң болбойбу а-ой!

Агарып таң да келатат…

Эми кайрадан көктөм ырына кулак салганы сценага кайрадан көтөрүлөлү. Акырын, жакшынакай ойду качырып албай, аста басып, тиги татынакай жаш кызга жакын баралы. Кыргыз аялдарынын аруу-лугунун символу болгон, кыргыз балетиндеги эң жарык жылдызы Бүбүсара Бейшеналиеванын бийин бийлеген кыз тура. Астрономдордун айтуусу боюнча жыл-дыздар өчөт экен. Бирок жарылып жок болгон жылдыздардын жарыгы бизге дагы көптөгөн мезгилге чейин жетип ну-рун чачып турат. Сыягы ал нурлар ошол жылдызды эске калтырган сезим болсо керек. Жылдыз жанып туруп өзүнө окшогон башкалар менен да баарлашат чыгар. Балким жаздан бир нерсе сурап жаткандыр? Болоор. Же жаш кыздын бийи менен Бүбүсара өзү келди бекен? Анын элеси да келечектеги урпактарга чейин жетип, далай муундун жүрөгүн жылытаар. Жерди абайлап баскыла, адамдар! Көктөмдү чочутуп албагыла! А Чүй дайрасычы? Ал биздин Эне-дарыя, ошон үчүн өз уул-кыздарына оңой чечилбеген тапшырма берет да. Бул май күндөрүндө Муратаалынын күүлөрү, Алыкулдун поэзиясы, Осмонкулдун ырлары, комузчу Самара Токтакунованын чебер аткаруусунда «Маш ботой» жергебизде оболоп, жан дүйнөбүздү жаңыртсын. Чүй өрөөнүнүн ыргактарында көктөм түбөлүк жашайт!

Күнөстүү «Сары-Өзөн» өзүнүн алга умтулган кыймылында бийик темп менен шар ылдамдыкты тандап алды. Муну убакыт да талап кылат. Саясатта, экономикада, илимде жана маданиятта алдыңкы чек кылып берекелүү, кут конгон Чүй өрөөнүн тарых өзү тандап алды. Ар бир күнүбүздө элдин ишмердиги дайрабыз жазгы жайылгандай болууда. Жергебиз Сары–Өзөндүн асманында ыр ыргагы оболоду. Ал ырдын аты –Чүй.

Калыс ИШИМКАНОВ