Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Экстин акчасы кайдан алынганы түшүнүксүз

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Британиялык  openDemocracy  басылмасы  мурдагы  президент А.Атамбаевдин байлыктарынын пайда болушун изилдеп көрүп, аягына чыга албай жатат.

“Балп”  эттирмейи  бар  А.Атамбаев 2016-жылы бир катар чет өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, өзүнүн саясый карьерасы башталган учурда эле миллиардер болгонун айтканы бар. Андан кийин 2017-жылы февралда Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушууда азыркы учурдагы миллионерлер өз бизнесин жаңы баштаганда миллиардер болуп калганын айтып мактанган. Атүгүл мурдагы президент Аскар Акаев “волга” минип жүргөндө өзү “мерседес” минип калганын айтканы да эсибизде.

Бирок, президент болгондон кийинки декларацияларында көрсөтүлгөн кирешелери чамалуу болсо да, 2015-жылы расмий маалыматка ылайык, ал өзү 111 205 доллар, аялы – Раиса Атамбаева 580 860 доллар иштеп тапканы маалым болгон. Басылмада жарык көргөн “Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин убагында элита арасындагы болжолдонулган коррупция жөнүндө эмне билебиз” аттуу макалада анын кадрдык дайындоолору жана коррупциялык бүтүмдөр тууралуу талдоо жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында ал өтө бай президент болгону менен ал байлыктын булактары белгисиз бойдон калып жаткандыгы айтылган.

Чынында эле, бул нерсенин ачыкталы-шы кыргыз коомчулугунун да бүйүрүн кы-зытып жатат.